Күйүүчү май арзандайбы? ОПЕК+ өлкөлөрү мунай өндүрүшүн көбөйтөт

мунай өндүрүш

Сүрөттүн булагы, IGOR ONUCHIN/TASS

ОПЕК+ уюмуна кирген өлкөлөр мунай өндүрүшүн май, июнь айларына барып 350 миң баррелге көбөйтө турган болду. Июлга барып бул көрсөткүч суткасына 450 миң баррелге көбөйөт.

Өткөн жылы альянска кирген өлкөлөр мунай өндүрүүнү кыскартуу боюнча катаал чектөөлөргө барган эле. Ушул чечимден кийин дүйнөдө күйүүчү майдын баасы кымбаттай баштады.

"Жыйында ОПЕК+ өлкөлөрү мунай өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүү тууралуу жалпы чечим кабыл алды. Май менен июнда суткасына 350 миң баррелге көбөйөт. Июлда суткасына 450 миң баррелге көбөйөт",-деп айтылат Казакстандын Энергетика министрлиги тараткан билдирүүдө.

Буга чейин өз ыктыяры менен мунай өндүрүшүн кыскартып салган Сауд Арабиясы дагы акырындык менен кайра жанданта турган болду. Падышачылыктын Мунай минстрлиги майдан баштап суткасына 250 миң баррелден көбөйтөт. Июнда - 350 миң, июлда - 400 миңге чыгарат. ОПЕК+ альянсынын кийинки жыйыны 28-апрелге белгиленди.

Альянстын чечиминен кийин Brent үлгүсүнүн баасы кайра көтөрүлдү. Бейшембиде Brent үлгүсүнүн баррели б4,4 доллар тегерегинде болду. Акыркы күндөрү мунай базары туруктуу болгон жок.

Мындай чечим көпчүлүк экономисттер үчүн күтүүсүз болду. Көптөр Европадагы жаңы локдаундардан улам мунай өндүргөн өлкөлөр чектөөлөрдү азыр албайт деп болжогон. Дагы эки ай күтүшү мүмкүн деп айтылып жаткан эле. Уюмдун чечиминен кийин баалардын кайра кымбаттап кеткени өндүрүш майдан баштап акырындап жанданат деген чечимден улам болууда.

ОПЕК+ тарабынан киргизилген өндүрүштүк чектөөлөр мунайга болгон таңыстыкты жаратты. Бул күтүлгөндөн дагы жогору болду деп айтылат Capital Economics докладында.

Мындай кыскаруулар уланса, үчүнчү кварталда Brent үлгүсү 80 долларга чейин чыгып кетет деп күтүлгөн. Бирок ОПЕК+ өлкөлөрү башка сценарий менен кетүүнү чечип, акырындап өндүрүштү жандантмак болду.

ОПЕК+ альянсы 2016-жылдын декабрь айында түзүлгөн. Ага ОПЕК уюмуна кирген өлкөлөргө мунай өндүргөн дагы 11 өлкө кошулган. Ошондо мунай өндүрүшүн кыскартуу тууралуу чечим кабыл алынган эле. Албетте, мындай кадамга мунайдын баасын көтөрүү үчүн барышкан.

Өткөн жылдын апрелинде альянстагы өлкөлөр мунай өндүрүшүн кескин кыскартууга барды. Бул кыскартуулар быйыл дагы уланышы керек болчу. Айталы, май менен июнда суткасына 9,7 млн баррелге чейин кыскартышмак. Былтыры бул чечим пикир келишпестиктер менен дагы коштолду. 2020-жылы март айында тараптар өндүрүштү кыскартуу боюнча бир пикирге келе албай тарады. Андан кийин мунай баасы кескин арзандады. Brent үлгүсү бир нече күн ичинде 50 доллардан 32 долларга түштү. Сауд Арабиясы менен Орусия ортосунда баа согушу болду деп айтса болот.

Өткөн жылда акыры жетишилген келишим карантинден улам керектөөлөр азайган кырдаалда кабыл алынган эле.