Мунайдын баасы түштү, бензин качан арзандайт?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Өткөн аптада мунайдын баасы кескин түштү. Brent үлгүсүндөгү мунайдын бир баррели 16 доллар болду. Бул өткөн кылымдан берки эң төмөн баа.
Орусиянын Urals мунайы айрым аймакта баррели 17,51 доллар болсо, кээ бир жерде 20,76 долларга чейин түштү. Мындай баалар Орусияда акыркы жолу 1998-жылы катталган. Бул мунайдын баасы январда орточо 61,67 доллар болчу. Эксперттер мындай абал Орусиянын бюджеттик таңкыстыгына алып келет дешет. Бюджетке мунайдын баасы 42 доллардан жогору деп кирген болчу.
Кыргызстан күйүүчү майдын дээрлик баарын Орусиядан алат. Эл арасында, парламентте анын баасы эмнеге түшпөйт деген талкуулар жүрүп келатат.
Бензин эмнеге арзандабайт?
Бишкектеги “Сары-Өзөн” базарынан үйлөргө жашылча-жемиш ташыган айдоочу жыл башынан бери бензин бир жолу гана арзандады дейт.
“Мунай арзандап жатат деп эле угабыз. Бирок мен күндө бензин куям, баасы түшкөн жок. Мен АИ-92 үлгүсүндөгү бензинди сатып алам, бир сомго гана арзандады, мурда 38,90 сом болчу, азыр 37,90 сом. Бул да күн жылыгандан бери, бир канча күн мурда эле ылдыйлады”, - деди Би-Би-Сиге Бек аттуу айдоочу.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстанда күйүүчү май ташыган фирмалардын саны ондон ашат. Бирок рынокко саналуусу гана ээлик кылат. Алардын баары майды Орусиядан ташыйт. Эң ириси “Газпром Нефть Азия”. Бул компаниянын сайтындагы Бишкек боюнча маалымат бензин баасы бир сомго арзандаганын көрсөтүүдө.
Күйүүчү майды жеке ишканалар алып келет. Мамлекетт аларды эки айлык запас менен алдын ала камсыздоого милдеттендирген.
Кыргызстандын нефтетрейдерлер биримдигинин аткаруучу директору Канат Эшатов күйүүчү май Орусияда арзандагандан кийин эки айдан кийин Кыргызстанга таасир этээрин айтууда:
“Анткени ага чейин алынып келген запастарды мурдагы баа менен сатып бүткөнчө эки ай өтөт. Эски запас сатылган үчүн 20-30 тыйындан гана улам арзандатылып жатат. Жакынкы күндөрү майдын баасы көп болсо 50 тыйын түшүшү мүмкүн. Мурда туруктуу мезгилде мунай иштеткен заводдор бааны ай сайын койсо, азыр күндө өзгөртүп жатышат. Ошондуктан биз бааны божомолдой албай жатабыз. Мисалы, шейшембиде мунайдын баасы минуска түшкөн менен жума күнү кайра 22 долларга чыкты, ушундай туруксуз болуп жатат”.
Биримдиктин маалыматында, карантинге байланыштуу күйүүчү майдын сатылышы Кыргызстанда 80 пайызга азайды. Өлкөнүн бир айлык керектөөсү 100 миң тоннадан ашык.
Орусияда мунай иштеткен 20 чакты завод бар. Эшатов заводдор алдыда дүңүнөн бааны ашып кетсе 20-30 пайызга түшүрөөрүн боолголоду.
Орусиянын кыргыз базарындагы үстөмдүгү

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Талдоочу Айданбек Акматов дүйнөдө мунайдын баасы минуска кетип, газдын бир миң кубу 45 долларга чейин түшөт деген божомолдорду эске алып, бул отундардын наркы турукташкандан кийин Кыргызстанда да өзгөрүш керек деп эсептейт.
“Күйүүчү май боюнча Кыргызстанда Орусиянын үстөмдүгү бар. Анын 90 пайыздан ашыгы ошол жактан келет. Биздеги негизги монополисттер “Газпром Нефть Азия”, “Роснефть”, андан тышкары Red Petroleum сыяктуу жергиликтүү ишканалар деле мунайзаттарын Орусиянын заводдорунан алышат. Ошондуктан бизге келген күйүүчү майлардын баасында айырма бир аз гана бар”, - деп Акматов монополиялык кырдаалга токтолду.
Казакстанда күйүүчү май Кыргызстандагыдан кыйла арзан. Мындан улам Казакстандан алып келүү сунушу айтылып келет. Жер казынасын иштетүү комитетинин маалыматына караганда, Казакстандан күйүүчү май алуу үчүн сүйлөшүүлөр уланууда.
“Казакстанда мунай заводдору оңдолгондон кийин күйүүчү майдын көлөмү көбөйүп, экспортко чыгарууга даяр экенин расмий айтышкан. Күйүүчү майды Казакстандан алуу боюнча өкмөт өткөн жылы аракет жасап, бирок майнап чыккан жок. Саясий кудурети жетпеди. Анткени орус компанияларынын лоббиси ага жол берген жок. Казакстанда бензиндин баасы бизге караганда 10-15 сомго арзан”, - деди талдоочу Айданбек Акматов.
Маалыматтарга караганда, Кыргызстанда мунай иштеткен 8 завод бар. Бирок анын продукциялары сапаты жагынан төмөн экени, көбүнесе Тажикстанга экспорттолоору айтылып келет. Акматов бул чакан заводдор керектөөнү камсыз кылыш үчүн сырьесу чектелүү экенин белгиледи.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Өкмөттүн чарасы
26-апрелде вице-премьер министр Эркин Асрандиев күйүүчү майлардын баасы боюнча жыйын өткөрдү. Анда антимонополиялык агенттик чекене баалар заводдордон берилген дүңүнөн бааларга көз каранды экенин билдирди.
Өкмөт баалар жыл башынан бери төмөндөгөнүн айтып жатат:
1-январда АИ-92 орточо 39,02 сом болсо, 24-апрелде 37,65 сомду түзүп, айырма 1,37 сом же -3,5%. Жыл башында АИ-95 42,52 сом эле, 24-апрелге карата 41,24 сом, айырмасы 1,28 сом же -3%. Дизелдик отун 44,03 сомдон 41,75 сомго түштү, айырма 2,28 сом же -5,2%.
Вице-премьер министр Эркин Асрандиев Орусиядан мунайзаттары 2016-жылкы келишим менен келерин билдирди.
“Бул келишимге ылайык, тараптардын компетенттүү органдары ар бир жылдын 31-декабрына чейин кийинки жылга мунайдын жана мунайзаттардын ички керектөөсүн, номенклатурасын жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүшүн эске алуу менен индикативдүү балансын бекитишет. Ал эми сатып алуу баасы эки өлкөнүн чарба жүргүзүүчү субъектилеринин сүйлөшүүлөрүнө жана мунайзатты өндүрүүгө, ташууга кеткен чыгымдарга, мисалы, салыктарга, АКШ долларынын курсуна көз каранды”, - деп билдирди Би-Би-Сиге Асрандиев.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орусиянын газы да Кыргызстанга арзандаган жок
Көңүлтүр оттун баасы да түшүүдө. Ага карабай, жакында “Газпром Кыргызстан” доллар кымбаттаганга байланыштуу газдын баасын көтөргөнүн жарыялаган. Көп өтпөй өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев ишкана менен сүйлөшүп, баа мурункудай калганын билдирди.
Орус компаниясы менен келишим доллар менен түзүлгөн жана ай сайын алар долларга карата бааны кайрадан эсептеп турушат.
ЕАЭБ ичиндеги өлкөлөрдүн соодасы доллар менен жүргөнү канчалык туура? Вице-премьер министр Эркин Асрандиев газ маселеси Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 22-апрелдеги жумушчу кеңешмесинде талкууланганын билдирди. Ал берген маалыматка ылайык, Орусия менен Казакстан газдын баасын мунай жана мунайзаттары боюнча ЕАЭБдин жалпы базарын түзүү программасынын алкагында карайлы дешти.
“Бул программаны макулдашуу боюнча ЕАЭБдин тиешелүү эксперттери арасында иштер жүрүп жатат. Мындан сырткары аталган маселе боюнча Кыргыз өкмөтү Орусия жана Казакстан өкмөттөрү менен эки тараптуу суйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат”, - деп билдирди Асрандиев.
Кыргызстан Орусиядан газдын бир миң метр кубун 220 доллардан сатып алат деген маалыматтар бар. Ал эми “Газпром” аны Өзбекстандан 120 доллардан алаары айтылып келет. Кыргызстан 2014-жылы “Кыргыз газ” ишканасын Орусияга бир долларга сатып, системанын баарын өткөрүп берген. Басылмалар жакында эле газды Орусиядан 120 доллардан алган Беларус 90 долларга түшүрүүнү талап кылганын жазышты. Анткени газдын баасы мындан да ылдыйлайт деген божомолдор бар.
Азиза Марат кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы







