Венесуэланын армиясы Ирандын мунай ташыган танкерлерин коштойт

Сүрөттүн булагы, EPA
Иран жөнөткөн мунай ташыган кемелердин Венесуэлага жетүүсүн камсыз кылуу үчүн өлкөнүн армиясы танкерлерди коштоп келет. Буга чейин АКШ танкердин Венесуэлага жетишине тоскоолдук жаратышы ыктымал деп айтылган.
Беш танкер жакын арада Венесуэланын аймагына жетет деп күтүлүүдө. Өлкөнүн коргоо министри мунай ташыган кемелер атайын экономикалык зонадагы портко токтойт деп белгиледи.
АКШ Иран менен Венесуэлага каршы санкция жарыялаган. Айрым маалыматтарга ылайык, Вашингтон мунай танкерлерин дагы токтотууга аракет кылган.
Венесуэланын оппозициячыл лидери Хуан Гуайдо мамлекеттин мунай импорттогону жетекчилер мунай тармагын туура эмес башкарып жатканын айгинелейт деди. Венесуэла дүйнөдөгү эң ири мунай резервине ээ. Ага карабастан экономикалык кризистен улам жыйырма жылдан бери мунай өндүрүү кескин төмөндөдү.
Ирандын беш танкери бир жарым миллион баррель мунай ташып келүүдө. Refinitiv Eikon транспорт компаниясы Ирандын кемелери май айынын башында Суэц каналынан өткөнүн билдирген.

Түнү менен кезекте туруу
Анализ, Гуллермо Д'олмо, Би-Би-Си Мундо кызматы
Николас Мадуро 2013-жылы бийликке келгенден бери Венесуэланын ички дүң өндүрүмү элүү пайызга кыскарды. Жакырчылык жана жумушсуздуктан улам миллиондогон адам өлкөдөн көчүп кетүүгө аргасыз болду.
Коронавирус пандемиясы жана мунайдын баасы кескин төмөндөгөнү абалды кыйла татаалдаштырды. Себеби Венесуэланын экономикасы мунай экспортуна байлануу.
Бир нече ай бою өкмөт чийки мунайды Орусиянын "Роснефть" компаниясына жеткирип, анын ордуна бензин алып турган эле.
Бирок февраль жана март айында АКШ "Роснефть" компаниясына байланышы бар кишилерге каршы санкция жарыялагандан кийин ишкана Венесуэладагы аракеттерин токтотту.
Андан бери Венесуэланын өкмөтү мунай сатууга чектөө киргизди, жергиликтүү тургундар түнү менен кезекте туруп, 30 литр гана бензин сатып алышууда.


Сүрөттүн булагы, AFP
Венесуэланын Бириккен улуттар уюмундагы өкүлү Самуэл Монкада танкерлер курал же баңгизат эмес, өлкөнүн жарандары үчүн маанилүү товар ташып бара жатканын, соода мыйзамдуу жүргүзүлгөнүн белгиледи.
"Пандемия шартында мунай ташыган кемелерге тоскоолдук жаратуу адамзатка каршы кылмышка тете болот",- деп айтты Монкада.
Иран өзүнүн танкерлерине дагы коркунучка жаралса, жооп кайтарууга аргасыз болоорун эскерткен.
Кариб деңизинде АКШнын аскердик кемелери жайгашкан. Алар негизинен мыйзамсыз баңгизат соодасына каршы күрөшүп келет. Азырынча Вашингтон мунай ташыган кемелерди токтотуу тууралуу эч сөз кылган жок.








