You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кытайдын орбитасына жакындоо
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу күзүндө башталарын Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Кыргызстанды географиялык жана транспортук туюктан алып чыга турган бул жолдун курулушу баштала турганы экономикалык жакшы кабар болуп жатат, бирок ошол эле учурда анын Кытай таасирин күчөтө турганына кабатыр пикирлер да жок эмес.
Акылбек Жапаров эл аралык темир жолдун курулушу боюнча бардык документтер даяр, Өзбекстан менен акыркы сүйлөшүүлөр дагы бүттү деп өткөн күздө эле айткан болчу.
Ошентип, жыйырма жылдан ашык убакыттан бери сөз болуп келаткан Кытай менен Европаны бириктирген ири транспорттук долбоорду ишке ашырууга практикалык кадамдар башталган сыяктуу. Эң кеминде Кыргызстан өзүнө тийиштүү бөлүгүн тактап, Өзбекстан менен дагы макулдашып бүткөн экен. Бирок аны каржылоо кандай болот, ким канча чыгарат, ушул жагы кандай сүйлөшүлгөнү элге айтыла элек.
Өкмөт башчынын мурдакы айткандарына таянсак, темир жолдун Кыргызстан аркылуу өтө турган аралыгы 280 чакырым болот, анын ичинен 57 чакырымы туннел болуп курулат.
Кытайдан келе турган темир жолу Нарын областындагы Торугарт менен өтөт деп мурдакы маалыматтарда айтылып келген эле. Андан Казарман-Жалал-Абад багыты менен кетет. Жалал-Абаддан ары Өзбекстанга кошулган темир жол тилкеси бар. Андан ары Афганистан, Иран, Түркияны аралып кетет.
Бул долбоор талкууланып жатканда темир жолдун жазылыгы боюнча Кытай менен көпкө чейин талаш-талкуулар болду. Жыйынтыгында эл аралык стандарт деген өлчөмгө токтошкону кабарланган.
"Эгер темир жол биздин аймакта Кытайдын колеясынын жазылыгы менен кетсе, анда Кыргызстандын бул региону бүт логистикалык, экономикалык, минералдык-ресурстар жана саясий жагынан Кыргызстандын калган бөлүгүнө караганда Кытайга көбүрөөк интеграция болот",-дейт эл аралык долбоорлор боюнча эксперт Марат Мүсүралиев.
Бул жол канчалык өзүн актайт?
Бул жолдун Кыргызстан үчүн транспорттук туюктан чыгуу үчүн мааниси чоң. Алдын ала эсептөөлөр боюнча Кыргызстан өз аймагы аркылуу өткөргөн жүктөн жылына 200 миллион доллар табат деп эсептелген.
Өзбекстан үчүн да Кытай менен байланыштырган жолдун экономикалык-стратегиялык мааниси чоң. Ал эми Кытай үчүн Европага чыгууга эң кыска жол болуп саналат.
Бирок ошондой болсо да ал көп өлкөлөрдүн чек араларын кесип өткөндүктөн, бир катар эксперттер анын рентабелдүү болоруна көзү жетпей турганын айтып келатат.
"Кытайдан Европага Кыргызстан аркылуу канча чек ара болот: биринчиси кыргыз-кытай, болгондо да 3600 метр бийиктикте. Экинчиси, кыргыз-өзбек чек арасы, үчүнчүсү Ɵзбекстан-Түркмөнстан чек арасы, төртүнчүсү Түркмөнстан-Иран, бешинчиси Иран-Түркия, алтынчысы Түркия-Европа биримдиги. Алты чек ара аркылуу транзит уюштуруу мүмкүнбү? - дейт Марат Мүсүралиев. - Ар бир чек арада ар бир жагынан эң кеминде үч текшерүү болот. Чек ара көзөмөлү, бажы көзөмөлү, фитосанитардык текшерүү. Ошону менен ар бир чек арада алты текшерүү болот. Андан кийинкиси Борбордук Азиянын темир жолдору Россиянын темир жол стандарты менен салынган, туурасы 1521 мм. Кытайда, Иранда болсо жолдун кеңдиги -1435. Ошондо ар бир вагон, ар бир цистерна, ар бир контейнер Кытайдан Борбордук Азияга келгенде башка вагонго көчүрүш керек, же ошол вагонду көтөрүп, алдындагы дөңгөлөктү алмаштырыш керек болот. Борбордук Азиядан Иранга барганда кайрадан көтөрүп, кайрадан алмаштырыш керек. Анысы аз келгенсип, Түркияда Ван деген көл бар. Ванда темир жол жок, эки жагында порттор бар. Ар бир жүктү кайрадан кемеге салып, көл менен өтүп, кайрадан темир жолго жеткизиш керек. Ошону менен баардыгы алты чек ара, отуз алты текшерүү, жүктөрдү төрт жолу которуп көчүрүү. Ушунча тоскоолдук менен транзит уюштурууга мүмкүнбү?"
Анткен менен бул жол менен эмне ташый турганын, канча ташый турганын Кытай эчен жолу эсептеп көрсө керек деген пикир дагы көп.
Эгер рентабелдүү болбосо, пайдасы болбосо, аны курам деп баш оорутмак эле дегендер да четтен чыкпай койбойт.
Кыргызстан кайсы акчасына салат?
Кыргызстанды аралап, Кытайдан Европага кеткен темир жолдун чыгымы канча болот, так маалымат жок. Башында 3-4 миллиард доллар деген маалымат болгон эле, азыр бул эки-үч эсе көбөйүп кетти. Кыргызстандын бул жолго сала турган акчасы жок. Кыргызстандын баш калаасы Бишкек менен региондордогу кан жолдору Кытайдан акчасына салынып жатканы белгилүү. Демек, акчасы бар Кытай курат, анын ордуна Кыргызстан эмне менен төлөйт, кеп ошондо.
2011-жылы ошол кездеги минералдык ресурстар комитетинин башчысы Замирбек Эсенаманов темир жол салуунун акысына кен байлыктарды беребиз деген схеманы жарыялаганы белгилүү.
Ал эми азыркы жаңы өкмөттүн кандай пландары бар, Садыр Жапаров Кытайга кандай сунуш менен барат, азырынча ачыктала элек.
Бирок, өлкөдө Кытайга каршылык маанай күчтүү экени белгилүү. Казармандагы, Солтон-Сарыдагы алтын казып аткан кытай ишканаларына жергиликтүү эл каршы болуп, алардын лагерлерин өрттөп, жумушчуларын кууп чыккан.
Геосаясий кызыкчылыктар
Кытайдан курулуп келе турган долбоор Борбор Азия өлкөлөрүн Европа менен тикелей байланыштырган да темир жол болот. Ошондуктан бул долбоорго Россиянын мамилеси, анын геостратегиялык кызыкчылыгында ээлеген орду дагы өзүнчө маселе.
Борбордук Азияда Россия менен Кытай кызматташпыз деген менен көбүрөөк атаандаш саясат жүргүзүп жатышканы белгилүү.
Россия башындагы турган ЕАЭБке Борбор Азиянын эки өлкөсү - Кыргызстан менен Казакстан кирет. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулса, бул региондо ЕАЭБдин экономикалык таасири басаңдап, ал эми Кытайдыкы күчөйт деген чочулоо барбы Кремлде?
"Эгер Кытай кууш колеяда темир жол куруп кала турган болсо, эмне болот элестетиңиз. Кыргызстан аркылуу транзиттик жүк өтө баштайт. Андан кийин Кытай экономиканы өндүрөбүз деп, Кыргызстанды темир жолдун калган бөлүгү да ушул кууш колеяга байлоого көндүргөнгө аракет кылат. Өлкөдөгү темир жолду бузушуп, жаңысын курушат да, Кытай менен Кыргызстандын темир жолу кууш, ал эми Орусия менен Казакстандыкы советтик колеяда калат. Бул сөзсүз түрдө Кыргызстандын ЕАЭБ партнерлору менен соода-экономикалык алакасынын кыскарышына алып келет", - деген Борбор Азия боюнча орусиялык серепчи Аджар Куртов stanradar.com басылмасына. (КС)