You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргызстанда ун тартыштыгы пайда болушу мүмкүнбү?
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Буудайдын ири экспортерлору болгон Россия менен Украина ортосундагы согуш дүйнөдө дан-азыктарынын тартыштыгына алып келиши ыктымал.
Кыргызстан ички керектөө үчүн талап кылынган буудайдын 90% Россиядан ташылып келчү. Бирок Россия 30-июнга чейин ЕАЭБ өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга да буудай ташууга чектөө киргизди. Ал арада коңшу Казакстан дагы 15-июнга чейин буудай жана ун экпортуна тыюу салды.
Мындан улам Кыргызстанда буудай, ун каатчылыгы орун алат деген кооптонуулар чыга баштады.
Кыргызстандагы Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Рустам Жунушев антип тынчсызданууга негиз жок дейт, :
"Россия буудай экспортуна тыюу салгыча түзүлгөн келишимдерге ылайык Кыргызстанга дагы 400 миң тоннадай буудай келет. Анын акчасы төлөнгөн, күзгө чейин буйруса ташылып келет".
Жунушевдин айтымында, Кыргызстанда ун комбинаттары кадыресе иштеп жатат. Алардын буудай запастары жетиштүү. Ал эми чакан комбинаттарда андай запас 500 тоннага жетчү, айрымдарында буудайдын запасы азайып бараткандыктан ун өндүрүүчүлөр Материалдык резервдер фондуна кайрылышкан.
"Матрезерв буудай бөлүп берерин айтты, азыр баасын бычып берсин деп күтүп жатабыз".
Кыргызстанда жалпысынан 31 ун комбинаты бар. Алар соңку жылы буудайды жалаң Россиядан гана ташып калышты. Былтыр кургакчылык айынан Казакстанда түшүм аз болуп, Кыргызстан кошуна бул өлкөдөн буудай ташыган жок.
"Былтыр өкмөт 1,5 миллиард сом бөлүп, биз буудайды Россиядан алып келгенбиз. Бизде азыр буудайдын запасы жетиштүү. Үч ай деп атабыз, чынында беш айга жетет. Жаңы түшүмгө жете турган запас бар",- деди Материалдык резервдер фондунун башчысы Мусабеков.
Кыргыз өкмөтү быйылкы жылга эле эмес, кийинки жылга дагы дан эгиндеринин камдап жатат.
"Былтыр өзүбүздүн дыйкандардан жети миң тоннадан ашык буудай чогултканбыз. Быйыл андан көбүрөөк түшүм болот деп ойлойбуз. Быйыл жергиликтүү дыйкандардан дагы буудай чогултуу, сатып алуу тапшырмасы берилди. Биз бүт сатып алабыз",- деди Мусабеков.
Кыргызстан ЕАЭБге киргенге чейин өлкөдө 60 тан ашык ун комбинаттары иш алып барчу. Бирок андан бери алардын саны дээрлик эки эсеге кыскарды. Себеби, сырттан ташылып келген буудай, унга карата кошумча нарк салыгы алынып, мындай шарттагы атаандаштыкка ата мекендик өндүрүүчүлөр туруштук бере албай, тегирмендердин иши токтоп, жабылып калды.
Буудайын өткөрө албай калган фермерлер аны тоют үчүн арзан баада сатып, кийин такыр эле буудай айдабай, башка айыл-чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өтүп, 2016-жылдан бери буудай айдоо аянты 120 миң гектарга кыскарган.
Соңку жылдары Кыргызстан буудай, ун ташууда үзгултүктөргө кабылып жатат, мындан улам импорт көз карандуулугунан арылуу далалатын жасап жатат.
"Бизде көбүнчө буудайдын "интенсивный", "эритросперум", "безостая" деген сортторун эгишет. Бирок мындай буудайлардын клейковинасы азырак келет. Нан азыктарына деп заводдор клейковинасы көбүрөөк сортторду алат. Казакстандын буудайлары ал жактагы климаттык өзгөчөлүктөн улам ошол талапка жооп берет. Ошондуктан четтен келген буудайга талап жогору", -деди агроном Таалай Далбаев.
Ал сырттан буудайга болгон көз карандуулукту жоюу үчүн түшүмдүүлүктү көбөйтүү керек деди.
"Ал үчүн гектарына 50-60 центнерден алыш керек. Жер кыртышын сактап, технологиясын сакташ керек. Кытайда түшүмдүүлүк 70-80 центнерден алышат. Биз жаңы сортторго өтүшүбүз керек", -дет агроном.
Буга чейин Кыргызстанга Казакстандан буудайдын "Карабалык-20" сорту үрөндүккө алынып келип, ал бүт аймактарга таратылган.