Импорттолгон азыктарга салыктарды алып салуу кыргыз дыйкандарына кандай таасир берет?

Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш бүткүл дүйнөгө, өзгөчө Кыргызстан сыяктуу экономикасы чабал мамлекеттерге чоң кедергисин тийгизүүдө. Каатчылык күч алып, азык-түлүктүн, айрыкча кумшекер менен суу майдын баасы өсүп кетти. Бул өнүмдөрдүн басымдуу бөлүгү өлкөгө Орусия, Беларусь жана Украина мамлекеттеринен импорттолот. Бааларды турукташтыруу максатында Кыргызстан кумшекерди, өсүмдүк майын ташып келүүдө кошумча нарк салыгын убактылуу алып салды. Бирок азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган мындай саясат канчалык натыйжалуу?

Кумшекер жана суу май калк күнүмдүк тиричиликте эң көп керектеген азыктардын бири. Расмий маалыматтарга ылайык, мамлекет ички базарды кант менен 64 пайыз камсыздайт. Ал эми көз карандысыз айыл чарба адистеринин айтымында, керектөөнүн 80 пайызы сырттан алып келинет.

Кумшекер менен камсыздоо кандай жүрөт?

Фермер Манас Саматовдун айтымында, кошумча нарк салыгын алып салуу маселени чечүүнүн жолу эмес. Элге убактылуу жеңил болгону менен, тескерисинче, дыйкандарга кедергисин тийгизет. Алар кант кызылчасын жана май өндүрүүчү дан азыктарын эгүүдөн баш тартууга аргасыз болушат. Себеби, кошумча нарк салыгынын алынышы импортко жол ачат. Учурда өзүн сыйлаган ар бир мамлекет импортко тыюу салып жатат дейт ал:

“КНСти алып салуу аркылуу азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо мүмкүн эмес. Мамлекет бөтөн өлкөнүн дыйкандарын бакпай, өз дыйкандарына шарт түзүп бериши керек”.

Манас Саматов Кыргызстан кумшекер менен өзүн-өзү камсыздоого кудурети жетет деген пикирде. Ал үчүн дыйкандардын колунда кант кызылчасынын жогорку сорттогу үрөнү жана заманбап техника дагы жетиштүү. Керек болсо түшүмдүүлүктү Түркия, Орусия сыяктуу мамлекеттерден дагы жогору алса болот. Болгону бул багытта мамлекет туура нукта саясат жүргүзүүсү керек:

“Мамлекет кант заводдору менен дыйкандардын ортосунда көпүрө болуп бериши керек. Маселен, 2022-жылы сырттан кумшекер ташууга тыюу салдык, кызылча айдагыла. Биз завод менен силерин ортоңорго ишенимдүү ортомчу болуп берели , - дегенде гана дыйкандар ишин жандантат. Болбосо эч ким банкрот болгусу келбейт”, - дейт Манас Саматов.

Өсүмдүк майы

Кыргызстанда өсүмдүк майын өндүргөн 8 ишкана бар. Бирок керектөөнү толук кандуу камсыздоого аларын кубаты жетпейт. Майдын 75 - 80 пайызы Россиядан сатылып алынат. Өндүрүүчү Рысгүл Акимжанова өлкө качан кана өзүн-өзү өсүмдүк майы менен толук кандуу камсыздай баштаганда баа турукташа турганын айтат. Ал үчүн ички рыноктун коргоого алынуусу маанилүү. Ансыз жергиликтүү өндүрүүчүлөр сырттан келген атаандаштыкка туруштук бере албайт.

“Атаандаштык жарата албагандан кийин алардын эрежесине көнгөнгө туура келет. Кыргызстандын өзүн-өзү өсүмдүк майы менен камсыздоосу оңой иш эмес. Ал үчүн дыйкандардын зыгыр, күнкарама сыяктуу өсүмдүктөрдү өстүрүүгө шарты болушу керек. Болбосо сырттан ташылып келип жаткан чийки заттардын көлөмүн көбөйтсө болот. Бирок бул мамлекеттин колунан келеби? Маселе ошондо”,- деди Рысгүл Акимжанова.

Жер көйгөйү

Учурда өлкөдө 1 млн 250 миң гектар айдоо жери бар. Анын 75 пайызы менчик, 25 пайызы мамлекеттин карамагында.

Адистердин айтымында, айыл-чарба өндүрүшүн жакшыртууда жердин асылдуулугун арттыруу башкы маселе. Кыргызстанда болсо айдоо жерлерине байланыштуу көйгөйлөр өтө арбын.

Жердин көбү майдаланып үлүшкө берилип кеткен. Бир эле киши гектарлаган айдоо жерге ээлик кылган учурлар дагы жок эмес. Алардын дээрлик көпчүлүк бөлүгү натыйжасыз пайдаланылып келет. Мамлекетке таандык айдоо жердин 44 миң гектары пайдаланылбай турат.

Айыл чарба министрлиги болсо быйыл айдоо жерлеринин аянтын көбөйтүп, дыйкандарды сапаттуу үрөн жана суу менен камсыздоого өзгөчө көңүл буруп жатканын айтат.

Ички базар кантип корголот?

Акимжанова дагы, ички базарды коргоо үчүн мамлекет тарабынан сырттан келип жаткан айрым товарларга чектөөлөр киргизилиши керек дейт. Бул жергиликтүү дыйкандар жана өндүрүүчүлөр үчүн чоң стимул. Бирок, мындай ыкма алгач кыйынчылык жаратышы мүмкүн экенин белгилейт:

“Маселен, бир жылдары Өзбекстанда картошка жок болуп, аябай кымбаттаган. Бирок өзбек бийлиги таңкыстык болуп жатса дагы Кыргызстандын картошкасын ички рыногуна киргизбей койду. Биздин товар чирип, ит бекер сатылды. Бул ал мамлекеттин ички базарды коргоо максатында жүргүзгөн саясаты. Алар убагында кыйналды. Бирок дыйкандардын кийинки жылы коркпой картошка өндүрүүсүнө дем берди”.

Кыргызстан агрардык өлкө жана калкынын 65 пайызы айыл жеринде жашап дыйканчылык, мал чарбасы менен жан багат. Эксперттер негизги азык-түлүк менен өзүн-өзү камсыздоого өлкөнүн кудурети жете турганын айтат. Ал үчүн агрардык саясат туура нукта өнүгүп, дыйкандардын жана өндүрүүчүлөрдүн мүмкүнчүлүгүн арттыруу маанилүү дешет. (VO)