Чемпионат: Катар катардан чыкты, Уэльстин убайымы...

Футбол боюнча Дүйнө чемпионатында тайпалык оюндардын экинчи айлампасы башталды. “А” жана “В” тайпаларындагы оюндарынан кийин алгачкы оюндан ыргыган команда аныкталды. Ошол эле учурда плей-офф бөлүгүнө чыгууга кайсы команда мүмкүнчүлүк көп экени эми таасын байкала баштады.

Катар үчүн чемпионат аяктады

Негизи чемпионатта үй ээлеринин командалары үстөмдүк кылчу эле, бирок бул чемпионат Катардыкы эмес болуп чыкты. Өткөн жумада Катар чемпионаттын дүңгүрөтө ачылышын жасап, дүйнөнү таң калтырып, ачылышынан кийин дароо Эквадор менен ойноп, утулуп кызыктай абалда калган эле.

Экинчи айлампада үй ээлери Африка континентинен келген Сенегал менен ойноп, чемпионатты улантыш үчүн сөзсүз утуш керек болчу. Бирок биринчи оюндан кийин Катар оюнчулары эч кандай мотивация албаптыр, тескерисинче биринчи оюндан да начар ойношту. Мындай мүмкүнчүлүктү пайдаланган Сенегал арты-артынан учурларды пайдалантып эсепти ирилетип салды. Жалпы эсеп; Катар – Сенегал 1-3 жана үй ээлери чемпионаттан расмий ыргыган алгачкы команда болуп калды. Катардын алдыда Нидерландия менен оюну бар болгону менен, ал оюндун жыйынтыгы үй ээлерине жетиштүү упайды топтоп бере албай калды.

“А” тайпасында экинчи оюн Нидерландия жана Эквадор ортосунда өтүп, алдын ала тайпадан чыгууну камсыздоо үчүн экөөнүн бири сөзсүз утушу керек эле. Бирок эки команда 90 мүнөн ичинде жеңүүчүнү аныктай албай коюшту. Жалпы эсеп; Нидерландия – Эквадор 1:1, бул эки команда кийинки оюндарында тайпадан чыгуу үчүн жок дегенде тең ойношу керек, азырынча экөөндө тең төрт упай, Сенегалда үч упай, ал эми Катарда азырынча упай жок.

Уэльсте убайымга түштү

Европа футболунда негизги жылдыздардын бири саналган Гарет Бейлдин командасы Иранга каршы оюнду жакшы жүргүзүп келатып, аягында чачырады. Европалыктар оюнду башынан көзөмөдөп, кай бир учурда чабуулдун курчтугу менен айырмаланып жаткан.

Ал эми Дүйнө чемпионатынын тарыхында бир дагы жолу Европалык командаларды утуп көрбөгөн Иран, дагы бир ирет утулчудай болуп турган. Бирок оюн бүтөргө төрт мүнөт калганда, ирандыктар чабуулду курчутуп келатып, Уэльстин дарбазачысы Хеннесси абадан келаткан топту кунг-фунун ыкмасы менен түртө салам деп, Иран чабуулчусун кошо жыгыта какты эле, мына ушул жерден ботконун баары баштады. Дарбазачынын мындай ыкмасына калыс кызыл картаны көрсөтүп, оюндан четтетип, Уэльс ошол жерден аргасыз алмаштырууга барды.

Талаада Уэльстен 10 оюнчусу эле калганы аз келгенсип, негизги убакыт аяктаганда калыс дагы 13 мүнөт кошуп салса болобу? Мындайды колдон чыгарбаган Иран футболчулары чабуул артынан чабуулун саап жүрүп 98-мүнөттө гол жаратышты. Бул гол Дүйнө чемпионатынын тарыхында эң кеч катталган гол болду. Айласы кеткен Уэльс оюнчулары бакытты чабуулдан издеп, дарбазаны унуткан бойдон толук эле атаандашты кысымга алабыз деп киришти эле, артты ачык таштап салганын байкаган азиялыктар 101-мүнөттө дагы бир гол киргизип, Уэльстин үмүтүнө муздак суу септи. Жалпы эсеп; Иран – Уэльс 2:0.

Уэльстин тагдыры эми өзүнүн аракетинен тышкары, атаандаштын оюнуна дагы көз каранды болуп калды. Мындайча айтканда бир сыйкырчы келип гана дубалап бербесе абал өтө эле чырмалашты. Себеби тайпадагы дагы бир атаандаштары Англия менен АКШ да тең чыгып, бирден упайды бөлүп алышты. Жалпы эсеп; Англия – АКШ 0:0.

Жалпы тайпалык таблицаны карасак, Англия азырынча төрт упай менен көч баштап келатат, андан соң Иран алгачкы жеңиши менен үч упайга ээ болуп, экинчи орунга жайгашты, АКШда азырынча эки упай, ал эми Уэльсте бир упай бар. Кийинки оюнда Англия менен Уэльс кез келет жана Англия үчүн тең чыгуу деле жетиштүү болот, ошол эле учурда Уэльс атаандашы жок эле дегенде төрт гол айырмачылыгы менен утушу керек. Ал эми берки атаандаштары Иран менен АКШ дагы тайпадан чыгуу үчүн беттешет, бирок бул эки команданын оюну жөн гана спорт эмес, геосаясат дагы коштоосу турган иш жана аны кезеги келгенде футбол күндөлүгүнөн талкуулайлы.

Самат Жумакадыров, атайын Би-Би-Си үчүн.