Ливан: Бейрутта каршылык акциясында ок атылып, кан төгүлдү

Сүрөттүн булагы, AFP
Ливандын борбору Бейруттагы ок атышууда бери эле дегенде алты киши каза болуп, 32си жаракат алды.
Ок атышуу шиит мусулман топтордун каршылык акциялары учурунда болду. “Хизбулла” жана “Амал” аттуу шиит топтор былтыр Бейруттагы портто болгон ири жарылууну соттун иликтөөсүнө каршы чыгышкан.
Алардын айтымында, өлкөнү бүлгүнгө учуратуу үчүн Ливан күчтөрүндөгү (ЛК) христиан снайперлер чогулгандарга карата ок чыгарган. Бул билдирүүнү ЛК четке какты.
219 адамдын өмүрүн алган порттогу жарылуунун айланасында чыңалуу күчөп жатат.
“Хизбулла” менен анын шериктери сот бир тараптуу карайт деп билдирүүдө, бирок каза болгондордун үй-бүлөлөрү соттун ишин колдоп жатышат.
2020-жылдын август айындагы кырсык үчүн эч ким жоопко тартыла элек. Жарылууда шаардын чоң бөлүгү кыйроого учураган эле.
Бейшемби күнкү ок атышууга жооп кылып, өлкөнүн премьер-министри Нажиб Микати жума күнүн аза күтүү күнү деп жарыялады.
Ал ортодо президент Мишел Аун “Биз эч кимге өлкөнү өз кызыкчылыгы үчүн туткунга алууга уруксат бербейбиз” деп билдирди.
“Адилет сарайы” деп аталган негизги сот имаратынын алдында жүздөгөн адамдар чогулуп, каршылык акциясы башталып кеткен. Алар иликтөө саясатташып кеткенин айтып, сот Тарик Битардын кызматтан алынышын талап кылышты. Ошентип кырдаал тез эле курчуп кеткенин Би-Би-Синин Бейруттагы кабарчысы Анна Фостер кабарлады.

Сүрөттүн булагы, AFP
Көчөдө куралданган адамдар автомат мылтыктар жана граната аткычтар менен атышып жатканда тургундар турак-жайларын таштап кетүүгө аргасыз болушту. Ал эми окуучулар парталардын астында кирип сактанууга аракет кылышты. Ок атышуу шииттер менен христиан согушкерлердин ортосунда жүргөнү айтылууда.
Тиреш бир нече саатка созулган.
Жакын ортодогу мектептин мугалимдери жаш балдарды жерге көмкөрөсүнөн жаткырып, колдорун баштарына коюуга көрсөтмө бергенин Рейтер маалымат агенттигине окуянын күбөсү айткан.
Ооруканадагы жана аскердик бөлүктөгү булактардын айтымында, каза болгондордун айрымдары башка ок жеген. Алардын арасында үйүндө жүргөн жерден кокустан тийген октон мүрт кеткен бир аял дагы болгон.
“Хизбулла” менен “Амал” митингдегилерге кол салуу боюнча элдешкис каршылашы “Ливандын христиан күчтөрүн” айыптады.
“Ливан күчтөрүнүн” лидери Самир Жаажаа зомбулукту айыптап, тынчтыкка чакырды.
“Мындай окуялардын негизги себеби көзөмөлдөнбөгөн жана кеңири колдонулган курал-жарактар. Алар жарандарды кайда болбосун, качан болбосун коркутууда”, - деп жазды ал Twitter платформасында.
Өкмөт башчысы Микати баарын “тынчтанууга жана кандай гана себеп болбосун чагымга алдырбоого” чакырды.
Армия кол салгандарды табуу үчүн аскерлерди колдонгонун билдирип, “көчөдө куралданган ким болбосун баарын атып саларын” эскертти.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Бейшемби күнү эртең менен сот мурдагы эки министр жана “Амалдын” эл өкүлдөрү (Али Хассан Халил жана Гази Зайтер) алып келген соттук арызды карабай койгон. Аталган аткаминерлерди сот Битар порттогу жарылууга байланыштуу шалаакылык кылды деген күмөн менен суракка алууга аракет кылган эле.
Эч кандай кылмыш кылбаганын айткан эки киши сотту бир тараптуулук үчүн күнөөлөгөн.
Жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрү өлкөнүн саясий жетекчилигин териштирүүдөн өздөрүн коргоого аракет кылып жатат деп айыпташты.
“Колуңарды соттон тарткыла”, - деп эскертти алар кабинетти шаршемби күнү. Ошол күнү “Хизбулла” менен байланыштуу министрлер сот Битарды алмаштырууну талап кылышкан болчу.
Бейруттагы портто 2020-жылдын 4-августунда жарылуу болгон. Ал жерде 2 750 тонна аммоний нитраты алты жылдан бери сакталып турган. Ошол эле маалда эч кандай коопсуздук шарттары сакталбаганы аныкталган. Аммоний нитраты же аммиак селитрасы (NH4NО3) азоттук жер семирткич жана жарылгыч заттарды өндүрүүдө колдонулат.
Жогорку кызматтагылар материалдын сакталып турганынан жана анын коркунуч туудурганынан кабардар болушкан менен коопсуздукту сактап, алып салып же жок кылууга барган эмес. (EA)







