You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Шайлоо-2021: Электрондук ээнбаштыкка күч жетеби?
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек
БШК шайлоочулардын акыркы тизмелерин тактап бүтүп калды. Ошондой эле электрондук капчык менен добуш сатып алуу аракеттерине көзөмөл күчөтүлмөй болду.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын электрондук түрдөгү акыркы тизмелерин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүүнүн алдында турат. Календардык план боюнча бул иш 18-ноябрга чейин аякташы керек.
Кыргыз шайлоосунун кадырын кетирген эки чоң көйгөй - административдик ресурсту колдонуу жана добуштарды сатып алуу эле. Бир жыл мурдакы шайлоо так ушундай оркойгон мыйзам бузуулардан улам жараксыз болуп, өлкөдө бийлик алмашууга чейин жеткен эле.
Жаңы бийлик бул каталык кайталанбайт деп убада кылып, административдик ресурсту колдонууга каршы катаң чараларды көрүүдө.
Ал эми добуштарды сатып алуунун ачык аракеттери көрүнө элек, бирок электрондук капчыктар аркылуу тымызын иштер болуп жатабы деген шектенүү бар. Ошондуктан БШК дүйшөмбүдөгү жыйында электрондук капчык жана төлөм терминалдары аркылуу добуштарды сатып алууга каршы кандай чараларды көрүш керектигин карады.
Натыйжада БШК, КРУБ, коммерциялык банктар жана Финансы чалгындоо мамлекеттик кызматы шайлоого чейинки эки жуманын ичинде жана шайлоодон кийин банк төлөмдөрүнө, банк мекемелеринин жана мобилдик байланыш операторлорунун, төлөм тутумдарынын мобилдик тиркемелери аркылуу төлөмдөрүнө байкоо жүргүзмөй болду.
Ошондой эле төлөмдөрдү колдонуунун массалык мүнөзү (кыска убакыттын ичинде бирдей суммада кайталанган транзакциялар же бир нече күн бою мезгил-мезгили менен кайталанган бирдей суммалар) күмөндүү төлөмдөр деп эсептелинсин деген бүтүм болду.
Шайлоодо сапырылган миллиондор
Расмий маалымат боюнча, 10-ноябрга карата саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине жалпы суммасы 147 509 628 сом акча каражаттары түшкөн. Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө шайлоо фонддорунан 124 миллион сомдон ашык каражат жумшалды.
Эң көп акча жумшаган партиялар – “Ата-Журт-Кыргызстан” (22 млн 869 миң), “Ишеним” (21 млн 596 миң), “Эл үмүтү” (14 млн 210 миң) “Альянс” (15 млн 436 миң), “Ынтымак” (10 млн 419 миң).
Парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Биринчи жолу преференциалдык добуш берүү болот, башкача айтканда шайлоочулар партиялык тизмедеги талапкерлерди дагы тандап добуш беришет.
Өзгөртүлгөн шайлоо мыйзамы боюнча Жогорку Кеңештеги депутаттардын саны 120дан токсонго кыскарды. Депутаттардын 54 партиялык тизме менен, 36 бир мандаттуу округдардан шайланат.
БШКнын билдирүүсү боюнча, саясий жарышка 21 саясий партия жана бир мандаттуу округдардан 321 талапкер аттанган. Бир мандаттуулар кемип отуруп азыркы убакта 297 талапкер калды.
Парламенттик шайлоо бир жылга кеч өтүп жатат. Өткөн күздөгү шайлоодо нааразылык чыгып, арты тополоң-тозго айланып, бийлик алмашып, жыйынтыгы жараксыз болгон. Жаңы бийлик бул шайлоо жаңы эрежелер менен таза, адилет өтөрүн айтууда.