You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кезектеги опузабы же комузчу кастыкты козуттубу?
Сталбек Абдижалил, Би-Би-Си, Бишкек
Коомдук медиалар аркылуу жарандык позициясын ачык билдирип келген, комузчу жана активист Бектемир Төлөн уулунун кастыкты козутту делип суракка чакырылышы коомчулукта талкуу жаратты. Укук коргоочулар күч органдарынын бул аракетин активдүү жарандардын оозун басуу катары баалап жатышат.
Төлөн уулун Бишкектин Көлмө конушунда жайгашкан №4 аймактык милиция бөлүмүнүн эки кызматкери 21-августта үйүнөн алып кеткени кабарланган. Үч саатка созулган сурак иштеринен кийин кое берилип, эртеси да суракка келүүгө милдеттендирилген. Анын кармалышын биринчилерден болуп укук коргоочу Азиза Абдирасулова кабарлап, андан кийин талкуу күчөгөн.
Бишкек шаардык милициясы активисттин суракка жеткирилиши жана ага карата козголгон кылмыш иши боюнча учкай гана маалымат берүү менен чектелди.
"Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесине ылайык козголгон кылмыш ишинин алкагында, ыкчам тергөө амалдарынын негизинде Төлөн уулу Бектемир аттуу жаран №4 шаардык милиция бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилген”, – деп жазылат милициянын маалыматында.
Төлөн уулу ким өзү?
Төлөн уулу өзүнүн кармалышы боюнча тергөөнүн купуялуулугу үчүн Би-Би-Сиге толук маалымат бере алган жок. Бирок "Фейсбукка" жазган посттору үчүн өзүнө карата арыз түшүшү мүмкүн экенин божомолдоду:
"Мен социалдык тармакка эки багытта билдирүүлөрдү жарыялап келем. Биринчиси – кыргыз элине тиешелүү көрөңгөлөрдү сактап калууга багытталат. Анда улуттук баалулуктарды, нарк-насил, үрп-адаттарды даңазалайм. Экинчиси чыгармачылык. Аккордеон тартып, комуз чертип ырдайм, ыр, аңгеме жазам. Социалдык тармактарда айрым радикал көз караштагы адамдар кыргыздын салт-санаасына акаарат келтирген билдирүүлөрдү жазышат. Мен аларга жооп иретинде жооп жазгам. Ошонун негизинде бирөө үстүмөн арызданган окшойт".
Бектемир Төлөн уулу 54 жашта, кесиби мугалим. Кант диабети менен ооруйт. Төрт жыл мурда жүрөгүнө операция жасаткандан кийин иштебей калган. Учурда 2-топтогу майыптыгы бар. Жакында эле "Тирүүлүк" деген китеби жарык көргөн. Чыгармаларын коомдук медиаларда жарыялап келет.
“Бийлик түрмө менен коркутууга көнүп алды”
Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен сөз эркиндиги боюнча алдыңкы сапта турат деп айтылып кетет. Бирок айрым талдоочулар соңку жылдары өлкөдө эркин медиалар менен жарандык пикирин ачык айткандарга кысым күчөгөнүн коңгуроо кагышууда.
Медиа-эксперт Аскер Сакыбаева Төлөн уулуна окшогон жарандык позициясын ачык айткан адамдарды күч органдары оор берeнелер жана түрмө менен коркутууга өтүп алды деген пикирде.
"Ал азыркы коомдо болуп жаткан окуяларга, элдин руханий жактан ажырымы тууралуу өз ойлорун ачык айтып келет. Мен андан улут же аймак аралык кастыктын белгилери бар постторду байкаган эмесмин. Коомубуз тарам-тарам болуп бөлүнүп жаткан учурда ар бир адам кандай көз карашты карманып, эмнени колдоп, эмнени колдобой турганын ачык атуу – бул эч кандай кастыкты козутуу эмес. Эгер оюн ачык айткан адамдарга ушундай мамиле болсо, анда Кыргызстандагы элдин жарымы эле камалып кетет го. Ушул сыяктуу пикирин ачык айткан адамдарды кылмыш жаза кодексинин оор беренелери, сурак, тергөө же түрмө менен коркутуунун аягы жакшылыкка алып барбайт", – деди Сакыбаева.
Мыйзамды билбөө - жоопкерчиликтен бошотпойт
Президенттин алдындагы Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү кеңешинин мүчөсү Ялкун Даутов Кыргызстанда сөз эркиндигине эч кандай кысым жок экенин айтууда. Ал ким болбосун эркин пикир билдире аларын, бирок жарандар коомчулукка далилсиз маалымат таратуудан, башкаларды негизсиз каралоодон алыс болсо дейт.
"Мыйзамдын үстөмдүгү болушу керек. Ошон үчүн бийликти колдогон да сындаган да адамдар социалдык тармактага пикир жазууда мыйзамдарды сакташы керек. Ким эмнени айтпасын, далили болууга тийиш. Бизде тескерисинче, ар ким ар кайсы социалдык тармактарда оозуна келгенин сүйлөп жатат. Менин пикиримде, биздин тиешелүү органдар мыйзамдын негизинде гана иш алып барууда. Бир эле мисал, Өзбекстанга берилген пансионаттар боюнча эч кандай далилдерге таянбай ар ким каалаганын жазып жатат”, – деди Даутов.
Буга чейин да ондогон адамдар коомдук сайттарга жазган пикирлери үчүн суракка чакыртылып же иш козголуп жүргөн учурлар көп эле. Постторго карата тергөөчүлөрдүн токтому менен атайын лингвистикалык экспертиза жүргүзүлөт. Укук коргоочулар Кыргызстанда лингвистикалык экспертиза көп учурда айыптаган тараптын пайдасына чечилерин айтып келишет.
Мындан улам буга чейин соттук экспертиза жүргүзүү укугун жеке тараптарга берүү сунушу бир нече жолу айтылган. Учурда бардык соттук экспертизалар Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-экспертиза кызматы тарабынан жүргүзүлөт. Мындан улам эксперттик топтун кайсы бир мекемеге баш ийери кортундунун калыс, бейтарап болушунан күмөн жаратат дегендер да бар.
“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова барган сайын ой-пикирин ачык жазган адамдарга кылмыш иши козголгон учурлар көп болуп жатканын айтат.
“Бир эле саясий маселелер боюнча эмес, суу маселеси, Орусия-Украина согушу, адам укугу боюнча социалдык тармактарда пост жазгандарга карата ушундай көрүнүш болуп жатат. Элге белгилүү блогер же активисттердин иши коомчулукка ачыкталып жатат. Ал эми көпчүлүккө билинбеген жөнөкөй жарандардын иши аябай эле көп”, – деди Абдирасулова.
Социалдык тармактарда бийликке сын айтып, же коомдо болуп жаткан көрүнүштөргө карата курч билдирүүлөрдү жазып жүргөн адамдардын көбүнө ар кандай оор бенелер менен иш козголуп, айрымдары тергөө абагында жатса, башкалары үй-камагында, соттон сотко сүйрөлүп жүрүшөт. Мындай окуялардан кийин эл аралык уюмдар Кыргызстанда авторитаризмдин белгилери күчөп, сөз эркиндиги жаатында абал начарлап жатканын билдиришкен. Кыргызстандын бийлиги бул айтылгандарды четке кагып келет.