You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Орус аскерлеринин жай жарандарды өлтүргөнү камераларга түшүп калган
Орус аскерлери Леонид Пляц менен анын башчысынын аркасына ок атканы видеокөзөмөл камераларына так тартылып калган. Би-Би-Си алган видеоматериалдар азыр украиналык прокурорлордун колунда жана алар согуш кылмышы иш боюнча далил катары кызмат кылууда.
Бул Киевдин айланасындагы салгылашуулар кызуу жүрүп жаткан мезгилде болгон. Борбор калаага баруучу негизги жолдор, анын ичинде Леонид күзөтчү болуп иштеген велосипед дүкөнүнүн жаны дагы согуш талаасына айланган.
Бирок ал учурда ал жерде атышуу болгон эмес: видеодо оор куралданган орус аскерлери куралсыз эки украиналыкты кантип атып, анан дүкөндү тоноп жатканы даана көрүнүп турат.
Би-Би-Си окуялардын ыраатын толук калыбына келтирип, бир нече кадрларын ошол күнү Леонид чалган адамдардын, ошондой эле аны куткарууга аракет кылган украиналык ыктыярдуу коргонуучулардын көрсөтмөлөрү менен салыштырды.
Ал күнү эмне болгон?
Леонид аскерлерди көздөй эки колун өйдө көтөрүп басып баратат, ал куралсыз экенин жана коркунуч туудурбасын көрсөтүп жатат.
Орус аскерлери алгач аны жана анын жетекчиси менен тосмо аркылуу сүйлөшөт. Видеодо үн жок, бирок эркектердин баары тынч көрүнөт, жадагалса тамеки чегишет. Анан украиндер бурулуп, солдаттар кете башташат.
Бир маалда эки орус аскери кайра келип, тизелей калып жай жарандарды аркасынан атып салышат.
Жетекчи ошол жерден каза болуп, Леонид бир аздан кийин ордунан турат. Ал тургай, канды басаңдатуу үчүн жамбашындагы боону бекем кысып, анан жардамга чакырыш үчүн күзөтчүлөр отурган жерге кирет.
Ошол эле ишканада күзөтчү болуп иштеген Василий Подлевский кансырап, жардам күткөн Леонид менен эки жолу телефон аркылуу сүйлөшкөн. Леонид ага солдаттар алгач карапайым калкты өлтүрбөйбүз деп ишендирип, андан кийин аркасынан атышканын айткан.
Орус аскерлери уурдалган V белгиси бар жана кара боек "Танк Спецназ Рус" деп жазылган фургон менен дүкөнгө баратышат. Алар орус аскерин кийимин кийип жүрүшөт, автоматтарын көтөрүп дарбазага жакындашат.
Василий досу менен болгон андагы сүйлөшүүсүн мындайча айтып берет:
Мен: "Леонид, кандайсың?"
Леонид: "Мен экинчи посттомун".
Мен: "Жок дегенде өзүңдү таңа аласыңбы?"
Леонид мага: "Вася, мен бул жакка араң жөрмөлөп келдим. Бүт жерим ооруп, өзүмдү жакшы сезбей турам",- дейт.
Мен: "Леня, чыдап тур", - дедим да, биздин коргонуу күчтөрүн чакыра баштадым.
Василий чакырган коргонуу күчтөрүнүн адамдары согушка чейин кондиционерлерди сатып жүрүшчү. Азыр алар ыктыярчылар.
Саша менен Костя мага чөнтөк телефондорунан орусиялык танктардын позицияларынын жанынан өтүп бара жаткан видеолорун көрсөтүп жатышат. Март айында, алардын милдети, Украинанын аскерий позицияларына Орусиянын кыймылдары тууралуу реалдуу убакытта маалымат жөнөтүү болгон.
Леонид Пляц жарадар болгондо, аларга жардам берүү үчүн тынымсыз бомбаланган Е40 шоссесин кесип өтүүгө буйрук берилген. Азыр да жолдо күйүп кеткен танктардын калдыгына толтура. Бул мындагы салгылашуулардын курч болгондугунан кабар берет.
Пляц кансырап жаткан кезде орус аскерлери дагы эле дүкөндүн ичинде жүрүшкөн.
Видеобайкоо камераларынан алар бөлмөлөрдүн кулпуларын талкалап, велосипед жана мотороллер алып чыгып, директордун кабинетине кирип, виски ичип, кабинетти аралап жүрүшкөнүн көрүүгө болот.
Саша менен Коля орустарга караганда алда начар куралданышкан жана алардан кыйла аз болушчу. Ошондуктан, алар Леониддин өлүп баратканын түшүнүшсө да, орус аскерлеринин кетишин күтүүгө аргасыз болушкан.
"Биз аны менен телефон аркылуу сүйлөштүк, тынчтандырууга аракет кылдык. Биз ага баары жайында, баары жакшы болорун айттык. Биз жолго чыктык дедик. Балким бул ага жардам бергендир. Бирок тилекке каршы биз ал жакка барганда ал өлүп калыптыр", - дешет алар.
Алар Леонид менен анын жетекчисинин сөөгүн алып баратканда да, орус танктары өтүп бараткандыктан жашырынууга аргасыз болушкан.
"Атам аскер болгон эмес"
Киши өлтүрүүлөргөндөргө каршы көптөгөн ынанымдуу далилдер бар. Би-Би-Си видеону кылдат изилдеп чыкты. Анда киши өлтүргөн орус аскеринин биринин жүзү ачык көрүнүп турат.
Видеодон орус аскерлеринин тасмага тартылып жатканын түшүнгөнчө бир топ убакыт өткөнүн көрсө болот. Байкагандан кийин алар коопсуздук камераларынын бирин талкалап салышкан.
Би-Би-Си бул тасманы Киев облусунун полиция башчысына көрсөтүп, ал бизге марттын аягында орус аскерлери чегингенден кийин, Киевге барчу бул жолдон 37 жай жарандын сөөгү табылганын айтты. Алардын баары атып өлтүрүлгөн.
Украинанын прокурорлору азыр Леонид менен анын кесиптешинин өлтүрүлүшүн согуш кылмышы катары иликтеп жатканын ырасташты. 10 миңден ашуун мындай иш катталган.
"Менин атам аскер адамы болгон эмес. Ал пенсионер болгон. 65 жаштагы киши. Эмне үчүн аны өлтүрүштү?" - деп сурайт Леониддин кызы Юлия Андрощук.
Азыр ал чет өлкөдө, согуштун айынан атасынын сөөгүн коюуга дагы келе албай калды.
"Мен анчалык деле жиним келген жок. Жөн гана катуу кайгырып жатам. Ачыгын айтсам, мен алардан корком. Алар оюна келгенин кылышат. Мен алардан корком", - дейт ал.
Юлия күнөөлүүлөр качандыр бир күнү жоопко тартылат деп үмүттөнөт.
Азырынча ал эл анын атасы эмне болгонун билишин жана киши өлтүрүүлөр токтошун каалайт. (MD)