Москвада генерал-лейтенант Владимир Алексеевге кол салуу болду

Сүрөттүн булагы, Russian Ministry of Defence
Орусиянын Тергөө комитети Москвада генерал-лейтенант Владимир Алексеевди атып өлтүрүү аракети болгонун билдирди.
Алексеев - Башкы штабдын Башкы чалгын башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары. 2017-жылы ага Орусиянын Баатыры наамы ыйгарылган.
Тергөө комитети Волокам шоссесинин боюндагы турак үйлөрдүн биринде белгисиз адам ага бир нече жолу ок атып, андан кийин изин суутуп кеткенин билдирди.
"Жараат алган Алексеев шаардык ооруканалардын бирине жаткырылды", - деген мекеменин расмий өкүлү Светлана Петренконун Интерфакс агенттигине.
Алексеевдин абалы тууралуу маалыматта ал оор жаракат алганы тууралуу маалымат жок. Күч органдарына жакын Baza телеграм-каналы генералдын абалы оор экенин жазды.
Бул кол салуу фактысы боюнча адамды өлтүрүү аракети жана куралды мыйзамсыз алып жүрүү айыбы менен кылмыш иши козголду.
2023-жылы орун алган козголоң маалында Алексеев ВЧК "Вагнердин" негиздөөчүүсү Евгений Пригожин менен сүйлөшүүлөргө катышканы белгилүү.
ММКларда Алексеевди Украинадагы орусиялык "ыктыярчы" түзүмдөрүнүн башкы куратору катары аташат.
Орусия Украинада согуш баштаганы бул жогорку даражадагы орус аскер башчыларына карата болуп жаткан биринчи кол салуу эмес.
2025-жылы Москвада жеңил унаа жарылып, Башкы штабдын ыкчам даярдык башкармалыгынын жетекчиси, генерал Фанил Сарваров каза тапкан.
Былтыр апрелде генерал-лейтенант Ярослав Москалик, ал эми 2024-жылы декабрда генерал-лейтенант Игорь Кириллов жана анын жардамчысы Илья Поликарпов жардыруулардан улам каза табышкан.
2024-жылы 24-июлда Москвадагы Синявин көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде Toyota Land Cruiser Prado жолтандабасы жардырылып, унаанын ээси Башкы чалгын башкармалыгынын офицери жана анын жубайы жаракат алышкан. Алар тирүү калганы менен, аскер адамынын буттары жулунуп кеткени айтылган, бирок анын өздүгү анда ачыкталган эмес.




























