You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Викрам Рузахунов: “Силер ал жерде болгон жоксуңар, мен эмнени көргөнүмдү билбейсиңер...”
Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстандык музыкант Казакстандан келгенден кийинки алгачкы билдирүүсүн жасады. Ал өзүнүн Инстаграм баракчасына “бардык билдирүүлөрүм Казакстанда дагы деле камакта жаткандар үчүн...” деп жазды.
Ал 10-январда мекенине кайтарылып келген күнү шок абалда болгондуктан, денесиндеги жаракаттар тез эле өтүп кетет деп ойлогонун, бирок агасы аны доктурга көрүнүүгө көндүргөнүн айтты.
“Канчалык азап чеккенимди туугандарым, медицина кызматкерлери гана көрүштү”
“Мени текшерүүдөн өтүүгө көндүргөн улуу агам Рустамдын аркасы менен ден соолугумдун абалы орто оор экени белгилүү болду, тактап айтканда:
- көкүрөк травмасы
- жылышуу менен сол жактагы V-VI кабыргалардын сынышы;
- сол жактагы пневмоторакс;
- сол жактагы 7-кабырга кемирчегинин жарылышы;
- сол өпкөнүн үстүнкү бөлүгүнө дем алуу жүрбөйт, жабыркашы 35%ке чейин;
- мээнин чайкалышы;
- желке аймагынын жумшак ткандарынын көгөрүшү (көрүнүшү боюнча менин белим кара жана көк болгон).
Ошол жерден мени дароо реанимацияга алып барып, операция жасаттым. Ошондон бери дарыланып, 3 оорукананы алмаштырдым. Канчалык азап чеккенимди туугандарым, медицина кызматкерлери гана көрүштү”
Рузахунов Казакстандан аны кармашканда, анын бардык документтери алынганын, кайра кайтарылбаганын да кошумчалады.
“Силер ал жерде болгон жоксуңар, мен эмнени башыман өткөргөнүмдү билбейсиңер...”
“Азыр абалым бир аз турукташып баратканда, көз алдымда болуп жаткан окуялардын толук картинасы пайда болууда.
Мени силерди мага боору оорусун деп жаткан жерим жок.
Тескерисинче, менин максатым – диванда отуруп алып, жемелегенди жакшы көргөндөрдүн баарына, ошондой эле ачык-айкын нерселерден туура тыянак чыгара албагандарга: силер ал жерде болгон жоксуңар, мен эмнени башыман өткөргөнүмдү биле албайсыңар дегим келет”
“Билдирүүлөрүм Казакстанда дагы деле камакта жаткандар үчүн...”
Рузахунов анын билдирүүлөрү Казакстанда азыр да барымтада жаткандарга таасирин тийгизиши мүмкүн деп белгиледи.
“Менин бардык расмий билдирүүлөрүм Казакстанда дагы деле камакта жаткандардын баары үчүн жасалып жатат, алардын көбүнүн үй-бүлөсү, балдары бар, көбү карыган ата-энелерин, майып эже-карындаштарын жалгыз баккандар.
Ар бир сөз аларга таасирин тийгизиши мүмкүн.
Мен дароо ММК өкүлдөрүнө айтам, мага интервью берүүгө тыюу салынган, андыктан туугандардын, достордун тынчын албагыла.
Ыраазычылык постун өзүнчө жазып, кайдыгер карабаган, менин кармалышыма чын жүрөктөн тынчсызданган ар бир адамды атап өтүүгө аракет кылам”,-деп билдирүүсүн аяктады Викрам Рузахунов.
Викрам Рузахунов Казакстандан кайтарылып келгенде ошол кырдаалдын курмандыгы болуп калганын айткан эле: "Азыр Казакстанда оор күндөр өтүп жатат. Ар бир адам ошол күнгө туш болуп калышы мүмкүн. Мен болгону ошол кырдаалдын курмандыгы болуп калдым"
Казакстанда кармалган кыргызстандык музыкант 10-январда Кыргызстанга алынып келинген.
Ал Казакстанда тополоң окуяларга байланыштуу кармалып, камакта жатканын казак мамлекеттик телеканалдары көрсөтүшкөн эле. Анда ал Алматыга митингге катышуу үчүн 90 миң теңгеге жалданып келгенин айткан болчу.
Кыргызстандыктар анын белгилүү музыкант-пианист экенин таанып, бошотууну талап кылып, Бишкекте митингге чыгышкан. Коомчулук ал уруп-сабоого алынган үчүн күч органдарына керектүү көрсөтмө берди деп, анын ишин акыйкат тергөөнү талап кылган.
Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев үн катып, Казакстан риториканы өзгөртүшү керек деп билдирүү жасаган эле.
Ошентип кыргыз бийлигинин аракети менен 10-январда пианист Викрам Рузахунов мекенине кайтарылган.