Тоолуу Бадахшандагы бейформал лидерлердин бири өлтүрүлдү

Тажикстандын Ички иштер министрлиги 22-майда Тоолуу Бадахшан автономдук облусунун бейформал лидерлеринин бири Мамадбокир Мамадбокиров өлтүрүлгөнүн кабарлады.

Министрлик Мамадбокировду Бархоруг махаллясынын “уюшкан кылмыштуу тобунун лидери” деп атап жана ал “криминалдык топтордун ортосундагы жаңжалда өлтүрүлгөнүн” билдирди. Учурда Тоолуу Бадахшандын прокуратурасы бул факты боюнча иликтөө жүргүзүүдө.

Ал эми тажик медиалары Мамадбокировду Хорог шаарындагы Бойни делген махалляда күч органдарынын снайпери атып өлтүргөнүн жазышты. Маалыматка ылайык, атышууда Хорогдун дагы бир тургуну жарадар болгон.

14-майда Тоолуу Бадахшанда бир нече күнгө созулган митинг башталган. Анда 200дөн ашуун киши Бархорог кичи районунда митингге чыгып, тажик бийлигине талаптарды коюшкан. Ал эми Тажикстандын милициясы демонстранттарга каршы “атайын каражаттарды” колдонгонун билдирген.

17-майда тажик ИИМи Мамадбокировду, ошондой эле журналист Улфатхоним Мамадшоеваны жана издөөдө жүргөн оппозициялык активист Алим Шерзамоновду Хорогдогу митингдин уюштуруучулары деп атаган. Облус прокурору Парвиз Орифзода нааразычылык акциясынын уюштуруучулары “өлкөнүн коопсуздугуна шек келтирип”, аларга карата “терроризм” беренеси менен кылмыш иши козголоорун билдирген.

18-майда тажик бийлиги Тоолуу Бадахшанда “эл аралык террордук уюмдардын колдоосу менен башаламандык уюштурган уюшкан кылмыштуу топторго каршы атайын операция” баштаганын билдирген. Бейрасмий маалыматтарга караганда, АТОнун жүрүшүндө 21 киши каза тапты. (EB)