Генпланы кетилип, жолу тешилип, сейил бакка зар болгон Ак-Өргө

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Бишкектин Ак-Өргө конушунун тургундары жер талаштан арылбай келет. Алар айласы кеткенде президент менен атайын кызматтын башчысына кайрылып, үнүбүз жетти го деген үмүттө турат. Талаштын чоо-жайы конуш түптөлүп жатканда бала бакча, сейил бак деген сыяктуу өтө зарыл муктаждыктарга деп калтырган жерге менчик соода борборун, кабат-кабат үй курабыз деп келгендердин аягы тыйылбай жатканына барып такалат.

Конушта кеминде 20 миңдей киши жашайт. Бирок тургундар эртели кеч бала-бакырасы менен сейилдей турган шарт жогуна кабатыр. Анысы аз келгенсип маал-маалы курулуш баштайбыз деп келгендер менен кер-мур айтышмай, муштум кезешмей адат болуп бараткандай.

“Заңгыраган бийик имараттар түшүп жатат. Ага жараша же жашыл зона жок, абанын агымы буулат. Биз кантип дем алып, кантип жашайбыз”,- деди тургундардын бири.

Буга чейин да алар бир канча ирет калаа бийлигине кайрылып, маселени чечип берүүнү суранышкан.

Учурда аукциондо сатылат деп жаткан мурдагы “Ак кула” ат майданынын, кийин сүрдүрүп таштаган №47 абактын аймагын жашыл зона кылып берүү өтүнүчү менен дагы кайрылышкан.

Бирок шаардыктардын айтымында, андай өтүнүч эске алынмак турсун башында генералдык планда элдин керегине деп бош калтырылган тилкелер дагы минтип арабөк абалда турат.

Маалыматка караганда Ахунбаев жана Ашар көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан бош жердин бир тарабына чоң соода борбору курулганы жатыптыр. Бул жер Өмүракунов көчөсү менен Ахунбаев көчөсүнүн ортосундагы (Ашар көчөсүн бойлой жайгашкан) бош жер.

Окуянын чоо-жайы менен таанышуу үчүн ошол жерге бардык. Темир контейнер турат, бир аз жери сүрдүрүлгөнү даана байкалат.

Чогулган эл буга чейин жеке жактарга берилип, имараттар курулуп калган жерлерди кайтарып ала албасак дагы, азыркы бош турган жерлерди эптеп сактап калалы деп далалат кылууда.

1989-жылы түзүлгөн карта

Жетимиш Сөлпүев 1989-жылы Ак-Өргө жаңы түптөлгөндөн тартып ошол жерде жашайт.

Бирок өлкө эгемендик алган жылдардан тартып жер тилкелери каалагандай бөлүштүрүлүп, озунгандар коомчулукка деген жерлерди дагы менчиктештирип алган. Айрыкча мындай башаламандык 2005-жылдан тартып күч алган. Учурда конушта болгону эки мектеп жана бир бала бакча бар.

“Көптөгөн социалдык объектилердин планы бар болчу. Ошол 1989-жылкы картада тогуз кварталга бөлүнүп, ар биринде бала бакчанын планы түшүрүлгөн. Сейил бакка, дүкөнгө, спорт комплексине, балдар үчүн ойной турган аянтчага деп орундар каралган”,- деп кейиди Сөлпүев.

Тургун балдардын ден-соолугун чыңдоо борбору курулат делген жерден учурда 25 гана сотых жер калганын айтып каңырыгы түтөдү.

“Убагында 490 кишиге бир токтом менен бош жердин баары жеке турак үй курууга берилип кетти. Көп жерлер сатылды. Ак-Өргөгө кирип келе жаткандагы мечиттин тегерек-четиндеги жер үйлөр, көп кабаттуу турак-жайлар турган жердин баары сатылып кетти”,- деди тургун.

Чогулгандар айтып жаткан 1989-жылы чийилген картанын түп нускасы (оригиналы) азыр кайда экенин эч ким билбейт. Бирок анын көчүрмөсүнүн бири кайсыл бир себептерден улам Айнагүл Самудинованын колуна тийип сакталып калган.

“Картаны 2005-жылдардан кийин өзгөртүп жиберишти. Ага ылайык конушта сегиз бала бакча, алты мектеп курулушу керек болчу. Бирок пландалган жердин көбү сатылып кетти. Бул ишти ошол кездеги айыл өкмөттүн, акимчиликтин, мамлекеттик каттоонун, архитектуранын, мэриянын кызматкерлери биригип кылды. Болбосо бир эле кызматтын же кишинин колунан мындай нерсе келбейт”,- деди ал.

Тургундар учурда убагында генералдык планды кагазга түшүргөн архитектордун көзү тирүүсүндө картаны калыбына келтирүү аракетин көрүп жатышыптыр.

“Биз жаран катары мыйзамдуу талаптарды коюп жатабыз. Социалдык объект үчүн деп бөлүнгөн жер калышы керек. Бийликке улам жаңы келген адам өз каалаганын кыла бербей эл кызыкчылыгын көздөшү керек да. Алакандай жер калды, жок дегенде ошол жерге бала бакча куруп беришсин. Барган сайын элдин саны өсүп жатат”,- деди Айнагүл Самудинова.

Айтымында, ошол эле сейил бактын жанында базар болот деген жерге дагы көп кабаттуу үй салынып кетиптир.

Шаардык кеңештин депутаты документтерге аң-таң болуп турган чагы

Ошол чөлкөмдөн Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп чыккандардын бири Улан Сариев. Ал да шайлоо алдында ушул жерлерди элдин пайдасына чечкенге бүт күчүмдү жумшайм деп убада бергенин жашырган жок. Азырынча ал убадасынын толук өтөсүнө чыга элек.

“Бул 2005-жылы башталган окуя. Ленин районунун администрациясынын жаңылбасам №57 токтому менен мэрияга караштуу бир топ жер тилкелери менчикке берилип кетиптир. Анын арасында балдардын ден-соолугун чыңдоо борбору курулат делген жерден жеке менчикке берилип кеткен беш тилке дагы бар. Негизи токтом жөн жерден эле чыгып калбайт. Ал кайсыл бир мыйзамдын же жобонун негизине таянат. Биз документ менен таанышып, өкмөттүн жана шаардык кеңештин токтомунун негизинде чечим кабыл алынганын билдик. Бирок өкмөт токуду деген №29 токтомду тинтип издесек дагы эч жерден тапкан жокпуз. Демек андай токтомдун өзү болгон эмес. Ал эми шаардык кеңеш чыгарды деген токтом жер берүүгө такыр эле тиешеси жок, кайсы бир мекемени жоюп салуу боюнча чыгарган токтом болуп чыкты”,- деп таң калды Сариев.

Жер кодексинде ар бир Кыргызстан жараны бирден бекер жер тилкесин алууга укуктуу деп көрсөтүлгөн. Депутаттын айтымында, тиешелүү органдар бул кодекске таянып алып, анын эрежелерин дагы бузган.

“Токтомду суратканда ал кезекке турган элдин арызы менен кошо тиркелип келиши керек эле да. Ал жерде элдин кайрылуусун көрө алган жокпуз. Анан дагы ошол балдардын ден-соолугун чыңдоо борбору курулат делген жерден жер алган үч киши апасы жана эки кызы болуп чыкты. Ошонунун баарын топтоп, тактап тиешелүү мекемеге андан сотко кайрылдык. Сот элдин, мамлекеттин пайдасына чечет деп үмүт кылып турабыз”,- деди ал.

Ошондой эле депутат 1989-жылы түзүлгөн генплан тууралуу кеп салды. Генпландын түп нускасы табылбай жатканы ага да кызык. Кезинде чырлуу иштерден улам ал карта прокуратурага документтер менен кошо жиберилген өңдүү. 2010-жылы Башкы прокуратуранын кеңсеси өрттөлгөндө күйүп кетиши ыктымал деген жоромолдорду кулагы чалганын кошумчалады.

“Учурда картанын эки вариантынын көчүрмөлөрү гана калыптыр. Туп нускасы жок болгондуктан кайсынысы туура белгисиз болуп жатат”,- деди Сариев.

Иштин чоо-жайы тууралуу маалымат алалы деп Бишкек шаардык мэриясына бир нече ирет байланыштык.

Басма сөз кызматы биздин суроолорду алгандан кийин мэрдин орун басары дароо жерине чаап барганын, өзү менен байланышкан соң расмий маалымат бериле турганын билдирди. Бирок канча аракет кылсак да эмнегедир жооп алганга мүмкүн болгон жок.

Бишкекте эски-жаңысы болуп олтуруп кеминде 45 конуш бар. Алардын дээрлик көпчүлүгүндө так ушундай жер талаш. Сейил бакка деген жерлер эбак таланып кеткен. Ал тургай чоң көчөлөрдүн кескилеп сатып жиберген чырлуу иштер да бар. Азабын жеген тургундар конуштан алыс жерлерге чейин мектеп, бала бакча издеп, күнүнө эки маал балдарын ташыганга аргасыз. Эл эс алат деген майрам күндөрү да сейилдеп басуу үчүн шаардын чок ортосунда келүүгө мажбур.

Мунун баары шаарда ансыз дагы чечилбей келген жол тыгынынын көйгөйүн ого бетер курчутууда.

Имараттардын иретсиз салынышы, анысы аз келгенсип жашыл зоналардын кыскарып жатканы шаардын өпкөсүн бууп, абанын сапатын төмөндөтүүгө алып келүүдө. Экологдор мындай көрүнүштөр шаардыктардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, экологиялык абалдын начарлашына себепкер болууда дейт.