Королева Елизавета II дүйнөдөн кайтты

Улуу Британияны башкарган монархтардан эң узак мезгил тактыда олтурган Королева Елизавета II, 96 жаш курагында Балморалда көз жумду. Үй-бүлөсү бейшемби күнү эртең менен анын саламаттыгына тынчсызданып, Шотландиядагы сарайына чогулушкан эле. Королева 1952-жылы тактыга олтуруп, коомдук чоң өзгөрүүлөрдүн күбөсү болду.
Ал коронация антын кармаган кезде 27 жашта болчу.
Ал 1200 жыл илгерки тактыга олтурду. Ал бул ролду өмүрү өткүчө аткара турганын билген. Ошентсе да, ал төрөлгөндө бул анын тагдыры болуп калаары эч кимдин оюна келген эмес.
Елизавета Александра Мэри Виндзор 1926-жылы 21-апрелде туулган. Ал ошол кездеги королдун экинчи уулу, Йорк герцогунун тун кызы болгон.
1936-жылы Король Эдвард VIII тактыдан баш тартканда, ордуна анын иниси келген. Ошентип, Елизавета тактынын мураскери болуп калган.
Атасынын коронациясы учурунда 11 жаштагы Елизавета келечекте өзүн эмне күтүп турганынан кабар алган.
Анын үй-бүлөсү ынтымактуу эле. Атасы Георг VI чы менен кызы абдан ынак болушкан. Атасы ал үчүн өрнөк болуп берген.
Экинчи дүйнөлүк согушта Британияга германиялык бомбалар түшүп жатканда, королдук үй-бүлө Бириккен Королдуктун тирандыкка каршы күрөшүнүн символуна айланган.
Елизавта да күрөшкө катышты. Ага аскердик жүк ташыган унааны айдап, оңдогондү үйрөтүшкөн.
Британия Европадагы жеңишти майрамдап жаткан түнү эл Букингем сарайынын сыртында чогулган. Елизавета үй-бүлөсү элдин алдына чыгып, балкондо турду.
Бул тушта ал чоңоюп, бир жигитке ашык болуп калган эле. 1947-жылы ал лейтенант Филипп Монбаттанга турмушка чыгары жарыяланды.
Төрт айдан кийин Вестминстер Абби чиркөөсүндө алардын үйлөнүү үлпөтү өттү.
Бир жылдан кийин тун уулу – Чарльз жарык дүйнөгө келди. Дагы эки жылдан кийин Энн аттуу кыздуу болушту.
Бирок король рак илдетинен жабыркап жүргөн. 1952-жылы Елизавета Чыгыш Африкага кетээрде атасын акыркы жолу көргөн.
Атасы дүйнөдөн кайтканда Елизавета Кенияда эс алып жүргөн. Ал королева болгону тууралуу кабарды ага күйөөсү жеткирген.
Согуш учурунда элге дем берген королунан ажырап, сестейип турган Британия жаңы королеваны жылуу тосуп алды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
1953-жылы июнь айында Елизавета такка олтурганы - Британиянын соңку тарыхындагы эң ири элдик майрамга айланган.
Елизавета Бириккен Королдуктун эле эмес, Британиянын бардык континенттердеги территорияларынын дагы суверени жана мамлекет башчысы болгон.
Жаш королева дүйнөлүк аренанын жылдызына айланып, популярдуулугу арта берди. Мисалы, ал Австралияга барганда өлкө калкынын төрттөн үч бөлүгү аны өз көзү менен көргөнү келген.
Бирок 1950-жылдардан кийин 60-жылдары Битлз пайда болуп, мамиле өзгөрө баштады.
Монархия элден алыстап кетти деген пикирлер пайда боло баштады. Буга жооп иретинде новаторлук документалдуу тасма тартылды. “Королдук үй- бүлө” аттуу тасмада Королеванын иштегени, үй-бүлөсүндө эс алганы көрсөтүлдү.

Сүрөттүн булагы, TIM GRAHAM/PA
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Королева жана анын үй-бүлөсү үчүн 1980-жылдар жакшы жышаан менен башталган. 1981-жылы июль айында принц Чарльз жаш леди Диана Спенсерге үйлөнүп, келечекке үмүт артылгандай болду.
Бирок бул үй бүлөнүн ыркы кетип, ыдырай баштаганы элге белгилүү болуп калды. 1992-жылы алар ажырашаарын жар салды.
Күйөөсү менен ажырашкан Уэлльс принцессасы Диана 1997-жылы Парижде авто кырсыкта каза тапты. Ошол учурда королеваны таң калтырып, монархияга каршы сын пикирлер айтылды.
Диана дүйнөдөн кайтканда ал принц Вильям жана принц Харри менен Шотландияда болчу. Неберелерин сооротуп, алаксытуу – анын биринчи максаты эле. Бирок Букингем сарайы жана башка жерлерде аза күтүп чогулган элге королдук үй-бүлө этибар албай койгондой туюлду.
Королева Букингем сарайына кайтып келди. Ал биринчи жолу элинин көңүлүн байкабай калгандай болду. Келээрки бир нече жыл ал үчүн оор болду. Бирок аны жана монархияны алдыда жаркын келечеги күтүп турду.
2011-жылга чейин, элдин монархияны сыйлаганы тастыкталгандай болду. Анын небереси Вильям жана Катрин Миддлтондун үйлөнүү үлпөтүн миллиондогон адам көрдү.
2012-жылы королеванын алмаз мааракеси эл сыйынын туу чокусу болду. Ал бүт өлкөнү кыдырганда жана дем алыш күндөрү өткөн майрамдоолордо 60 жыл тактыда олтурган монархка болгон сый урмат кажетсиз экени анык болду.
Елизавета экинчи жана анын эң белгилүү Жэймс Бонд деген жашыруун чалгынчысы жөнүндө сюжет Лондондогу Олимп оюндарынын ачылыш аземинде элдин бүйүрүн кызытты. 60 жыл тактыда олтурган монарх деле сюрприз жазай алат тура!
2018-жылы небереси Харри америкалык актриса Меган Марклга үйлөнгөн кезде монархия он жылдардан бери күүлүү-күчтүү турган.
Бирок үй-бүлөдө дагы олку солку болду. Принц Эндрю 17 жаштагы кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн деген негизде коомдук турмуштан алыстады. Ал айыптоолорду четке каккан.
2022-жылы Эндрю күнөөсүн мойнуна албай туруп, сотко келип, ага каршы арызданган аялга акча төлөп берип, ишти бүтүргөн.
2020-жылы Харри жана Меган королдук жашоодон баш тартууну чечти. Алар Калифорнияга көчүп барды. Меган телекөрсөтүүгө катышып, королдук үй-бүлөнүн беделине шек келтирген сын пикирлерин айтты.
2021-жылы анын өмүрүндөгү эң катуу сокку болду. Анын күйөөсү, Эдинбург герцогу, принц Филип дүйнө салды.
Королева Виндзор сарайында акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты. Ал 1947-жылы Вестминстер чиркөөсүндө баш кошкон күйөөсү менен кош айтышты. Алар 73 жыл чогуу жашады. Ал 95 жашка чыгаарына аз калганда күйөөсү узап кете берди.
Елизавета Британ тарыхында тактыда эң узак олтурган монарх болду.
2022-жылы ал королева болгондугунун 70 жылдык мааракесин белгиледи.
Анын узак королдук доорунда Елизавета Экинчи конституциялык монархиянын күч кубаты болуп берди. Анын тегерегинде көп нерсе өзгөрүп жатса да, ал улуттун кебелбеген жана туруктуу борбору болду.
Он жылдар бою ал өзү үчүн жана дүйнө үчүн өзгөрүп жаткан королдуктун символу болду.












