"Эч кандай рейдерлик болгон жок". Оторбаева 24.kg боюнча үн катты

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

24.kg маалымат агенттигинде саналуу күндө эле эки ирет жетекчилик алмашты. Юстиция министрлигинин реестринде 17-март күнү сайттын негиздөөчүсү жана жетекчиси катары журналист Гүлжан Шерипбаева катталып, көп өтпөй 19-март күнү эле кайра Алмас Турдумаматовго катталып калганын көрүүгө болот.

Ачык маалымат булактарда Алмаc Турдумаматов 2008-2009-жылдары ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин басма сөз кызматын жетектегени, "5-каналдын" негиздөөчүлөрүнүн бири болгону жана түрдүү медиа долбоорлордун автору катары жазылып жүрөт.

Кыргызстанда ири маалымат каражаттарынын бири катары эсептелген 24.kg “Назарньюс” сайтын жетектеген журналист Гүлжан Шерипбаевага катталып калышы түрдүү суроолорду жаратты.

Шерипбаева бул тууралуу Би-Би-Сиге кыска комментарий берди.

“Түрдүү себептер менен сунушту четке кактым. Көп маалыматтарды ачыкка чыгара албайм. Азыр бул боюнча пикир айтууга эрте”, - деди Шерипбаева.

Белгилей кетсек, Гүлжан Шерипбаева Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовду ачык колдоп келгени менен белгилүү.

Мындай орун алмашуулар тууралуу, 24.kg редакциясын узак убакыттан бери жетектеп келген Асель Оторбаева фейсбук баракчасы аркылуу комментарий берди. Анда эч кандай рейдерлик болбогонун баса белгилеп, Шерипбаева кандайча жетекчи болуп калганын Юстиция министрлиги менен чечишип жатканын жазган.

Ал кызматын тапшырып, агенттикти өткөрүп берүү тууралуу бир жыл мурун чечим кабыл алганын, муну үй-бүлөлүк абалы жана ден соолугу менен байланыштырган.

Анын бул чечими тууралуу, жалпы коллектив жарым жыл мурун, тагырагы 2023-жылдын жайында кабардар болгонун жазды.

Ал эми жаңы жетекчи катары көрсөтүлгөн Алмас Турдумаматов тууралуу түшүндүрмө берип, ал буга чейин сайттын кыргыз тилдүү бөлүмүндө иштегенин, мамлекеттик органдар менен өз ара карым-катышы бар, эки тилдүү журналист экенидигин кошумчалаган.

Ушу жылдын январь айында агенттиктин журналисттери УКМКга суракка чакырылышып, кеңсеси жабылып, компьютер жана башка техникалары тергөө ишине байланыштуу деп алынган.

УКМК агенттикке “согушту пропагандалоо” беренеси менен иш козгогон.

Оторбаева бул боюнча дагы комментарий берди.

“Сүйлөшүүлөрдү биз көпкө жүргүздүк. Тинтүү жана согушту пропагандалоо боюнча болбогон күнөө менен токтолуп турду. Бул иш - менин маселем. Ал жаңы жетекчиге тиешеси жок. Сайтты акырындан өткөрүп берүү үчүн азырынча Алмаз менен иштешип жатам. Толук кетерим тууралуу ден соолугума байланыштуу кийинчерээк чечим кабыл алам”, - деп жазган Оторбаева.

Белгилей кетсек, 24.kg агенттиги экс-депутат Жаныбек Бакчиевге таандык экени айтылып келген. Бакчиев 2023-жылдын октябрь айында УКМК тарабынан камакка алынып, Биринчи май райондук соту тарабынан “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” боюнча айып тагылган.

Ал мындан төрт күн мурун Биринчи май райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылган.

24.kg агенттигинин айланасындагы бул окуялар экс-депутат Жаныбек Бакчиевдин үй камагына чыккан учурга туш келди.

Мындан улам жарандык коомдун айрым өкүлдөрү жана бир катар журналисттер бул көрүнүштөр агенттикти тартып алуу жана анын маалымат саясатын “бийликчил” катары өзгөртүү аракети эмеспи деп суроо салууда.

Оторбаева мындай пикирлерди четке какты.

“Редакциялык саясатты өзгөртүү тууралуу сөз болгон эмес жана болбойт деп үмүттөнөм. Биз эч качан оппозициялык басылма болгон эмеспиз. Биз эч качан бийликчил дагы басылма болгон эмеспиз. Биз бейтараптуу маалымат бергенге аракет кылганбыз жана кылабыз. Эгерде аткаминерлер эки сөздү бириктире албай, жөнөкөй суроолорго жооп бере албаса, анда ал тууралуу дагы жаза беребиз”, - деп жазган Оторбаева.

Оторбаеванын мындай жүйөсүнө карабай аталган редакциянын иши “бийликчил” нукка ыктап кетпейби деген кооптонуусун билдиргендер да бар.

“Бул жерде бийликтин бирдиктүү планы болгон. Бакчиевди кармаганы, 24.kg журналисттери Махинур Ниязова жана ошол кездеги жетекчиси Асель Оторбаеваны сотко бергени, бул сайтты тартып алуу үчүн бийликтин бирдиктүү планы болгон. Абдан эле өкүнүчтүү окуя болду деп эсептейм. Себеби, 24.kg бирден-бир дасыккан, ар тараптуу, бийликке дагы ыктабай, элдин үнүн коомчулукка жеткирип турган медиа болуп келген. Анан мындай медианын жетекчилигин алмаштыруу – Кыргызстандагы сөз эркиндигине болгон сокку катары баалайм. Бул “Вечерний Бишкек” редакиясынын тарыхына окшогон окуя болуп жатат. Себеби, учурунда аны тартып алганда ал редакциянын маалымат саясаты кескин түрдө өзгөргөн. Бирок, аудиториясын жоготкон. 24.kg дагы ушу тарыхты кайталап калбайбы деп кооптонуп жатам”, - деп билдирди медиа эксперт Адиль Турдукулов.

Би-Би-Си жаңы жетекчи болуп барган Алмас Турдумаматовго байланышка чыгууга аракет кылды. Азырынча жооп боло элек.

24.kg агенттигинин түптөлгөнүнө быйыл 18 жыл болот. 7-март күнү президент Садыр Жапаров баштаган бир топ жетекчи кырктан ашуун редакциянын жетекчилери менен кенен жолугушуу өткөрүп, сөз эркиндиги, бейтараптуулук, тактык жана ММКга тиешелүү мыйзам долбоору тууралуу пикир алышкан. Бийлик жетиштүү далил, кыңыр иштердин бетин ачкан фактылар болсо эч тайманбай жарыялоого чакырып, ошол эле учурда так эмес, калпыс маалыматтарды чыгаруунун мыйзамсыздыгын эскерткен эле.