Айтматов тууралуу биографиялык драма тартылууда

    • Author, Мээрим Догдурбекова
    • Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы

Кыргызстанда жазуучу Чыңгыз Айтматов жөнүндө көркөм тасма тартуу иштери башталды. Анын режиссеру Каныбек Калматов Би-Би-Сиге берген маегинде долбоор Айтматовдун жазуучулук жолун гана эмес, бала чагынан тарта анын дүйнөлүк атак-даңкка жетүүдөгү кыйынчылыктарына чейин камтый турганын билдирди.

Тасманын өзөгү

Тасма чыныгы окуяларга негизделген биографиялык драма жанрында болору айтылды.

Окуянын борборунда — жазуучунун өз үнү, идеялары жана улуттук өзгөчөлүктү сактап калуу үчүн болгон күрөшү турат дейт режиссёр.

"Мен Айтматовду жеке инсан катары жөнөкөйлүгүн, ичиндеги ой-санаасын жана анын өзү менен болгон күрөшүн көрсөткүм келет. Ошондой эле, аны уул, ата, ага жана дос катары башка өңүттөрүн ачып бергим келет",-дейт Калматов.

Жаш режиссёр Айтматовдун өмүр баянын экрандаштырууга расмий түрдө эксклюзивдүү укук алган. Тиешелүү келишимге жазуучунун уулу Элдар Айтматов менен кол коюлган.

Элдар Айтматов Би-Би-Сиге билдиргендей, Айтматовдун 100 жылдыгына карата анын чыгармаларын жана жашоосун экрандаштыруу боюнча ага бир нече сунуш түшкөн. Алардын арасында жаш кинематографисттер да болгон.

"Бул тасмадан күтүүлөрүм чоң. Каныбек Калматов жаңы муундун өкүлү болгондуктан, мен алардан жаңыча көз караш, жаңы интерпретация көргүм келет. Анан албетте, мен жаштар өзүн көрсөтөт деп ишенем. Негизи эле жаштардын Айтматовдун жашоосун, чыгармачылыгын изилдеп, тарткысы келгени мени кубандырат",- деди Элдар Айтматов.

Жазуучунун уулунун айтымында, бул фильмдин сценарийин жазууга өзү да калем тийгизет. Мындан тышкары 100 жылдыкка карата бир нече тасма Кыргызстанда жана чет жакта дагы тартылат. Мисалы, Түркияда сериал тартылып жатканын Элдар Айтматов учкай айтып өттү.

"Бүт дүйнө көрө турчу тасма болот"

Фильмдин бет ачары келаткан жылга пландалууда. Кинопрокат Кыргызстандын ичинде гана эмес, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү кинотеатрларда да көрсөтүлөт.

"Көркөм тасмабыз 2026-жылы Кыргызстанда кинопрокатка чыгат. Андан соң, биз коңшу өлкөлөргө жана Түркияга, балким бүткүл дүйнөгө да чыгарабыз. Анткени биз тасмабыз дүйнөнүн булуң-бурчунан көрүлүүгө татыктуу болот деп ишенебиз", - дейт Калматов.

"Экран көрсөтөт". Кыргыз киночулары эмне дейт?

Кыргыз киноиндустриясында бул долбоордун башталышы чоң жаңылык болду. Киноадистери жаштардын мындай масштабдуу ишке белсенишинин өзү жакшы көрүнүш деп жатышат.

"Жеңил-желпи темаларга кино тартып, акча табууну гана максат кылгандан көрө, жаш болсо дагы ушундай олуттуу темаларга көңүл буруп, эл үчүн, тарых үчүн тасма тартып жаткан балдарды мен колдойм ", -деди белгилүү режиссёр Темир Бирназаров.

Дагы бир режиссер Эрке Жумакматова балдар жаш болгону менен, көп кинодолбоорлордо иштеп, тажрыйба топтошконун, бул долбоорду да ийгиликтүү ишке ашырарына ишенет.

"Тартып жаткан баланы тааныйм. Күчтүү оператор, ВГИКти бүткөн. Жакшы, акылдуу бала. Долбоор да жакшы. А калганын эми экран көрсөтөт да", -деди Жумакматова.

Автордук укук боюнча маселелер

Бирок Айтматовдой улуу жазуучу тууралуу толук метраждуу тасманы беделдүүрөөк режиссёрлор тартса болмок дегендер да бар. Көп жылдардан бери кино чөйрөсүндө иштеп, соңку жылдары ОшМУда сабак берип жүргөн режиссер, оператор Жаныш Дадабаев Айтматовдун өзү тургай, чыгармаларын тартууга кыргыз киночуларынын колу жетпей жатат деген пикирин билдирди.

"Кыргызстанда дээрлик ар бир киночунун Айтматов жөнүндө же анын чыгармаларынын негизинде фильм тартуу кыялы бар. Бирок азыр кимдин акчасы көп болсо, ошол Айтматовду тарта турган болуп калды. Себеби, автордук укукту сатып алуу кыйын болуп жатат. Айтматов өзү кыргыз жазуучусу, кыргыздан чыккан. Бирок кыргыз режиссерлоруна анын чыгармаларына "жетүү мүмкүн болбой" жатат. Балким мен жаңылып жатам, бирок юридикалык жактан уруксат берүү боюнча кыргыз режиссёрлоруна жеңилдик болушу керекпи дегеним",-деди Жаныш Дадабаев.

"Классик режиссёрлор да катышса..."

Ошондой эле Дадабаев тасманын тартуучу тобуна классик режиссёрлордон же улуураак муундун өкүлдөрүнөн кириши керек деп эсептейт.

"Жаштар тартышы керек, жаштарга мүмкүнчүлүк бериш керек, ооба. Мен колдойм аларды. Алардын ишин акыры барып экран көрсөтөт. Болгону фильмди жаратуучу топко балким көркөм жетекчи болуп, Айтматовду жашоодо көрүп калган бирөө кошулушу керекпи деп ойлойм. Же улуураак классиктерден, ошол эле Артык Сүйүндүков кошулабы же башкасы деле. Бул деген биографиялык тасма болуп жатпайбы",-дейт Дадабаев.

"Тарых менен көркөмдөөнүн балансы бузулбашы керек"

Атамекендик кинотасмаларга сын жана баяндама жазып жүргөн журналист Эрнист Нурматов белгилүү адам тууралуу фильмдин жаратуучуларына талап көбүрөөк болорун белгилейт.

"Чыңгыз Айтматов кыргыздын туу туткан жылдызы. Эгер ал жөнүндө фильм эптемей чыгып калса, анда коомчулукта сын-пикир да ошончолук көп болот. Кезинде "Чыңгыз менен Бүбүсара" (2009, реж. Кулмамбетов) фильмине да дал ушундай сындар жааган. Ошондуктан жаңы фильмде да биринчи кезекте тарых менен көркөмдөөнүн балансы бузулбашы керек.",-деди Эрнист Нурматов.

Нурматов ошондой эле буга чейинки тартылган тарыхый тасмаларга токтолду:

"Башка реалдуулук болгондо мен "Манас же Айтматов жөнүндө Голливуддун режиссёрлору гана тартышы керек, антпесе деңгээли жок, болбогон бир фильм болуп калат" деп эле айтмакмын. Ошондой экенин биз – Семетей жөнүндө "Так мураскери" (2022, реж. Бекболиев, Кожохан) фильминин деңгээлинен деле көрдүк да. Бирок азыркы кыргыз кино тармагынын реалдуулугунан карап, "тартса тартып көрүшсүн" деген гана бүтүмгө келгем. Айтматов жөнүндө фильм деле эгер сценарийи, сюжеттик линиясы, аткаруусу примитивдүү болсо, же техникалык чама-чаркы чакталуу болсо, ал күнүмдүк эле бир фильм бойдон кала берет. Эгер идиректүү чыкса, анда жок дегенде төрт-беш жылга жарачу фильм болот. Айтор, базар чечет, көрүүчү чечет".

Улуу жазуучуну тасмага тартам деген амбиция

Сегиз жылдан бери кино тармагында коюучу- оператор болуп иштеп келген жана бул тасмада режиссёр катары чыккан Каныбек Калматов бала кезинен Айтматовдун чыгармачылыгына кызыгарын айтат.

"Мен кичине кезимен Айтматовдун жашоосунун, чыгармачылыгынын күйөрманымын. Ал тууралуу тасма тартып, мен да чыгармачылыгымда дебют жаратканы турам жана бул дебют Кыргызстандын келечегине, маданиятына чоң салым кошот деп айта алам. Мындай амбиция, мындай күч жаштарда гана болот деп ойлойм. Бул кино менен улуттук духту, патриотизмди, күчтүү, сынбаган кыргызды көрсөткүм келет",-деди Калматов.

Каныбек Калматов Москвадагы ВГИКтин оператордук бөлүмүн бүтүргөн. Ал кыргыз киносунун тарыхындагы эң көп киреше алып келген "Бейиш эненин таманында" тасмасынын оператору катары белгилүү. Жаңы долбоорду өзүнүн искусствого багытталган киного карай кадамым болот дейт ал.

Аталган тасмага Кыргызстандын, Казакстандын жана Орусиянын белгилүү актёр-актрисалары роль жаратат. Чыңгыз Айтматовдун образын ким жаратып жатканы азырынча сыр бойдон калууда.

12-декабрь - Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Залкардын көзү тирүү болгондо, быйыл 97 жашка чыкмак. Анын чыгармалары 170тен ашык тилге которулуп, 130га жакын өлкөдө басылып чыккан жана чыгармаларынын негизинде 30га жакын тасма жарык көргөн.