№13 округдагы кайра шайлоонун үгүт иштери башталды

Кыргызстандагы шайлоо
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Бүгүн, 9-февралда №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин үгүт өнөктүгү расмий башталды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына ылайык, бул округдан депутаттык мандат үчүн 25 талапкер ат салышууда. Алардын 15и эркек, 10у аял. Былтыр 30-ноябрдагы шайлоого катышкан талапкерлер бул жолку кайра шайлоого катыштырылган жок.

№13 шайлоо округунда 161 344 шайлоочу бар.

Былтыр 30-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо №13 округдун 35 добушканасында талапкерлердин өкүлдөрү тарабынан мыйзамсыз түрдө байкоочу камералар орнотулганы аныкталган. БШК бул аракеттерди "добуш берүүнүн купуялуулук принцибин одоно бузуу" деп таап, 3-декабрдагы жыйынында округдагы жыйынтыктарды толугу менен жокко чыгарган.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бул округдан Бактыбек Сыдыков, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова алдыга чыгышкан. Мыйзам бузуулар боюнча негизги айыптоолор Бактыбек Сыдыковдун дарегине айтылган. Бирок ал бул дооматтарды "атаандаштарынын каралоосу" деп четке каккан.

Бир катар талапкерлер БШКнын жыйынтыктарды жокко чыгаруу боюнча чечимине нааразы болуп сотко кайрылышкан. Бирок соттук инстанциялар БШКнын чечимин колдоп, талапкерлердин өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы 2025-жылдын декабрь айында ишин баштаган. Ушул тапта парламентте 87 депутат бар. Мыйзам боюнча Кыргызстандагы жалпы 30 шайлоо округунун ар биринен үчтөн депутат шайланышы керек. №13 округдан шайлана турган депутаттар парламенттин курамын толуктайт.