Учурда Израиль менен Газада эмне болуп жатат?

ХАМАС согушчан тобу 7-октябрда Израилге буга чейин болуп көрбөгөндөй чабуул жасап, 1400дөн ашуун адамды өлтүрүп, 200дөн ашуун кишини барымтага алган.

Газанын саламаттыкты сактоо кызматкерлери Израиль жооп иретинде аба соккуларын баштагандан бери Газада 5000ден ашуун кишинин өмүрү кыйылганын жана кургактан чабуул күтүлүп жатканын билдирди.

Газа тилкесинде эмне болуп жатат?

Гуманитардык жардам жүктөлгөн алгачкы унаалар бир нече күндүк сүйлөшүүлөрдөн кийин ишемби күнү Египеттин чек арасынан Газага өттү.

Израиль Газага тамак-аш, суу жана дары-дармек ташыган 34 жүк ташуучу унааны Рафах чек ара бекети аркылуу өткөрүүгө макул болду. Өтмөк канча убакытка чейин ачык болору азырынча белгисиз.

Бул БУУнун палестиналык качкындар боюнча агенттиги Газа тилкесине чукул жардам жеткирүүгө убакыт калбай баратканын эскерткенден кийин болду.

Бирок бул жардам Газадагы адамдардын муктаждыгынын бир бөлүгүн гана камсыз кылат, адатта Газага күн сайын 400дөн 500гө чейин жүк ташуучу унаалар кирет.

Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыштагы палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү агенттиги (UNRWA) Газада таза суу чектелүү экенин, "суусуздануу жана суу аркылуу жугуучу оорулар боюнча кооптонуулар жогору" деп билдирди.

БУУнун маалыматы боюнча, Газада 1,4 миллионго жакын адам жер которгон.

Израилдин аскерлери өз коопсуздугуңар үчүн чыгып кеткиле деп айткандан кийин жүз миңдеген адамдар аймактын түндүгүнөн түштүк тарапка көчүп кетишкен.

Адатта 400 миң адам жашаган түштүктөгү Хан Юнис шаарынын калкы миллиондон ашты. Көптөгөн үй-бүлөлөр чакындарды кабыл алып, кээ бир үй-бүлөлөр чатырларда түнөп жатышат.

Бирок Израиль дагы Газанын түштүгүндөгү ХАМАСтын аскерий буталарына сокку уруусун улантты.

Башында Газанын түндүгүнөн качкандардын айрымдары учурда кайра кайтып келүүдө, анткени түштүктө да абал өтө начар, деп билдиришүүдө.

Ал эми Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму Газанын түндүгүндөгү ооруканалардагы бейтаптарды эвакуациялоо “дээрлик мүмкүн эмес” экенин эскертти.

Израиль Газага басып киреби?

Израилдин ачык жарыялаган максаты - ХАМАСты жок кылуу.

Ошондой эле Израиль ХАМАС барымтага алган адамдарды куткарууну көздөйт. Азыр Газада 200 киши барымтада турат деп эсептейт Израиль. ХАМАС туткундап алган улгайган эки аялды бошоту турганы тууралуу кабарлар тарады.

Израиль Газанын чек арасына танктар жана артиллерия менен бирге он миңдеген аскерин топтоду. Ал 160 000 туруктуу күчтөрү менен бирге 300 000дей резервистти армияга чакырган.

Израиль армиясы Газаны бомбалап, ХАМАСтын командирлерин жана анын башкаруу борборлорун бутага алуу менен чабуулга даярданды.

ХАМАСтын жоочулары жыйырма беш миңге жакын деп болжолдонууда.

Израилдин негизги буталарынын бири - лидерлердин бункерлерин жана башкаруу пункттарын камтыган Газанын астындагы ХАМАСтын туннелдеринин эбегейсиз лабиринти болору күтүлүүдө. Барымтага алынгандардын айрымдары туннелдерде болушу мүмкүн деген божомолдор бар.

ХАМАС буга чейин туннелдердин узундугу 500 км деп ырастаган. Алардын көбүнүн кире турган жерлери үйлөрдүн, мечиттердин, мектептердин жана башка коомдук имараттардын ичине катылган.

Израилдин аскерлери өтө зарыл болбосо туннелдерди жок кылуу үчүн ичине кирбеши ыктымал. Анын ордуна алар жардыргыч заттарды колдонушат.

Израилдин аскерлери үчүн негизги кыйынчылык калк жыш жайгашкан шаар аймагында жакындан туруп согушуу болот. ХАМАС кире бериш жерлерге, мисалы, эшиктерге жана тар көчөлөргө мина тузактарды жана колго жасалган жардыруучу заттарды коёт деп болжолдонууда.

Дүйшөмбү күнү Израилдин армиясы барымтадагыларды табуу жана кургактыктан кол салууга жол ачуу үчүн Газага жасалган рейд учурунда бир израилдик аскер өлүп, бир нечеси жарадар болгонун билдирди.

АКШ, Улуу Британия, Канада, Франция, Германия жана Италиянын лидерлери жекшемби күнү "Израилди колдой тургандыктарын жана анын терроризмден өзүн коргоо укугу бар экенин дагы бир жолу кайталашты" жана "эл аралык гуманитардык укукту сактоого, анын ичинде жайкын тургундарга зыян келтирбөөгө" чакырышты.

ХАМАС деген эмне жана ал эмнени каалайт?

ХАМАС – 2007-жылдан бери Газа тилкесин башкарып келе жаткан палестиналык согушчан топ. Бул топ Израилди жок кылууга ант берип, анын ордуна Ислам мамлекетин түзүүнү каалайт.

ХАМАС бийликти колго алгандан бери Израиль менен бир нече жолу согушкан. Ал Израилге миңдеген ракеталарды атты же башка согушчан топторго атууга уруксат берди жана башка өлүмгө алып келген чабуулдарды жасады.

Буга жооп иретинде Израиль ХАМАСка бир нече жолу абадан сокку урган. 2008-жана 2014-жылдары да Газага аскерлерин киргизген.

Египет менен бирге Израиль коопсуздук үчүн 2007-жылдан бери Газа тилкесин блокадага алган.

ХАМАС - же кээ бир учурларда анын аскердик канаты Иззедин ал-Кассам бригадалары - Израиль, АКШ, Евробиримдик жана Улуу Британия, ошондой эле башка державалар тарабынан террордук топ деп табылган.

Иран бул топту колдоп, каржылап, курал-жарак менен камсыз кылып, машыктырып келет.

ХАМАСтын Израилге жасаган чабуулу кандай болду?

7-октябрда ХАМАСтын жүздөгөн куралчандары Газа тилкесинен Израилдин түштүгүнө өтүшүп, бекемделген тосмону бузуп, деңиз аркылуу келип, парапландарды да колдонушкан.

Би-Би-Синин эл аралык редактору Жереми Боуэндин айтымында, бул Израиль элүү жылдан бери туш болгон эң олуттуу чабуул болду.

Аскердик постторго, кибутзимдерге жана музыка фестивалына жасалган бир катар чабуулдарда куралчан адамдар 1400 кишини өлтүрүп, кээ бирлерин Газага барымтага алып кетишкен.

Би-Би-Синин коопсуздук боюнча кабарчысы Фрэнк Гарднер Израилдин коопсуздук кызматтарынын ресурстарын эске алганда, ХАМАСтын чабуулу күтүлбөгөн жерден болгону таң калтырды дейт.

Бул окуя Израиль менен Палестина ортосундагы тирешүү күчөп турган мезгилге туш келди.

Быйыл Израиль басып алган Батыш Жээкте жашаган палестиндер үчүн өлүм эң көп катталган, кандуу жыл болду. ХАМАСтын Израилге сокку урууга түрткөн себептердин бири ушул болушу мүмкүн.

ХАМАС катардагы палестиндердин арасында популярдуулугун арттыруу үчүн маанилүү пропагандалык жеңишке жетишүүнү көздөгөн да болушу ыктымал.

Израилдиктерди барымтага алуу Израилдин түрмөлөрүндө кармалып турган 4500гө жакын палестиндин бир бөлүгүн бошотуу үчүн кысым көрсөтүү максатында жасалды деп болжолдонууда.

Израил армиясы учурда Газада 222 киши камакта деп эсептейт.

Алардын арасында жыйырма бала жана алтымыш жаштан ашкан кеминде он адам бар. Ошондой эле аскерлер да барымтада калган.

Газа тилкеси деген эмне жана ал жерде кимдер жашайт?

Газа тилкеси Израиль, Египет жана Жер Ортолук деңизинин ортосунда жайгашкан узундугу 41 км жана туурасы 10 км болгон аймак.

Алгач Египет басып алган Газаны 1967-жылы алты күндүк согуш учурунда Израиль ээлеп алган.

Израил 2005-жылы ал тилкеден өз аскерлерин жана 7000ге жакын жаранын чыгарып кеткен.

Бул жерде 2,23 миллион адам жашайт жана дүйнөдө калк эң жыш жайгашкан аймактардын алдыңкы катарына кирет.

БУУнун маалыматы боюнча, Газанын калкынын 75%дан ашыгы – 1,7 миллиондой адам – качкындар же качкындардын урпактары. Алардын 500 000ден ашыгы тилкенин аркы башындагы калк жыш жайгашкан сегиз лагерде жашашат.

Израил Газа тилкесинин үстүндөгү аба мейкиндигин жана деңиздин жээгин көзөмөлдөп, адамдардын жана жүктөрдүн өтүшүн катуу көзөмөлдөйт.

Палестина деген эмне?

Палестина аймактары деп аталган Батыш Жээк жана Газа, ошондой эле Чыгыш Иерусалим жана Израил - Рим доорунан 20-кылымдын ортосуна чейин Палестина деп аталган жердин бир бөлүгүн түзгөн.

Бул аймак Библияда Жөөт падышалыктарынын жерлери болгон жана көптөгөн жөөттөр ал аймакты байыркы мекени катары көрүшөт.

Израиль 1948-жылы мамлекет деп жарыяланган, бирок Израилди тааныбагандар бул жерди Палестина деп аташат.

Палестиндер Палестина деген аталышты Батыш Жээк, Газа жана Чыгыш Иерусалим үчүн жалпы термин катары да колдонушат.

Палестинанын президенти Махмуд Аббас, Абу Мазен деген ат менен белгилүү. Ал Израиль басып алган Батыш жээкте турат.

Махмуд Аббас 2005-жылдан бери Палестин автономиясынын (ПА) лидери жана ХАМАСтын атаандашы болгон ФАТХ саясий партиясынын өкүлү. (DO)