Смартфондун балдарга тийгизген таасири: адистерден кеңеш

Окуучулар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Жакында эле Кыргызстандын Билим берүү министрлиги мектептерде сабак учурунда мобилдик телефондорду колдонууга тыюу салынганын маалымдады. Гаджеттер үчүн атайын кутучалар орнотулуп, окуучулар сабак учурунда телефондорун ошол жерге калтырууга милдеттүү боло турганы айтылды. Негизи эле коомдо балдардын смартфон колдонуусуна тыюу салуу боюнча маселе маал-маалы менен көтөрүлүп келет.

Айрымдар анын баланын психологиялык ден соолугуна, социалдык адаптациясына терс таасирин тийгизип жатканын айтса, билим алууда, чыгармачылык жана изденүү жөндөмүн өнүктүрүүгө жардам берет дегендер дагы жок эмес.

"Миопия XXI кылымдын пандемиясы"

Чындыгында, смартфондор балдар үчүн бир катар пайдалуу мүмкүнчүлүктөрдү да, олуттуу коркунучтарды да жаратат.

Бул тууралуу сөз кылып жатып, окулист көздүн алысты жакшы көрбөй калуу оорусу же миопияны XXI кылымдын пандемиясы деп атады.

Дарыгердин айтымында, изилдөөлөргө ылайык, өнүккөн мамлекеттерде ар бир экинчи же үчүнчү өспүрүмдө миопия аныкталат. Кыргызстан дагы бул көйгөйдөн четте калган эмес.

"Азыр көзүн текшертүүгө келген он баланын ичинен 6-7 баланын алысты жакшы көрбөй калганын байкайбыз. Мындай кайрылуулардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. Мурда бул маселе көбүнчө 15-16 жаштагы өспүрүмдөрдө кездешсе, азыр 2-3 жаштагы балдарды дагы алып келе башташты. Мунун негизги себеби -бала отура баштагандан тартып аны телефонго байлап койгондо. Учурда көптөгөн ата-энелер баласына телефон карматып коюп, өзү тынч отурганды туура көрүшөт. Көпчүлүк учуда балдар экран алдында сааттап отуруп коет",- деди көз дарыгери Айдай Азителла кызы.

Балдар офтальмологунун айтымында, смартфондун көзгө тийгизген зыяны тууралуу коомдо бир катар туура эмес түшүнүктөр бар.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ал белгилегендей, көпчүлүк ата-энелер балдарына компьютердик көз айнек алып берип, бул ыкма экран нурларынан коргойт деп эсептешет. Бирок офтальмолог бул жаңылыш түшүнүк дейт:

"Азыркы заманбап смартфондордун экрандарында көк нурларды блоктогон атайын фильтрлер орнотулган. Ошондуктан телефон экранынан чыккан нурлар эмес, аны узак убакытка жакын аралыктан карап отуруу көз үчүн кооптуу. Анткени көз алысты карап турганда эс алат, ал эми жакын нерсени тиктегенде дайыма чыңалууда болот. Бул көрүүнүн начарлашына алып келет. Мындай учурда көздүн аккомодациясы ашыкча иштеп, баланын миопияга же алысты начар көрүү оорусуна чалдыгуу коркунучу жогорулайт",- дейт адис.

Дарыгер балада миопия канчалык эрте пайда болсо, ошончолук кооптуу экенин баса белгиледи.

"Эгерде бала үч жашында көзү минуска түшсө, анда 18 жашка чыкканга чейин көрүүсү минус 10 же андан да жогору болуп кетиши мүмкүн",- дейт ал.

Бала смартфонду күнүнө 20 мүнөттөн ашык колдонбосо, анын көзгө зыяны дээрлик болбой турганын кошумчалады.

Өспүрүм курактагы балдар катышкан изилдөөгө таянып, эгер бала гаджетти күнүнө 4 сааттан ашык колдонсо, миопия оорусуна кабылуу коркунучу 95 пайызга чейин жогорулайт деди. Дарыгер ата-энелерге баланын көз гигиенасына да көңүл бурууну сунуштайт.

"Бала кайсы жерде сабак окуп жатат? Жарык жетиштүү тийип жатабы? Маани бериши керек. Эгерде бала күңүрт бөлмөдө же жарык жетишсиз бөлмөдө отуруп китеп окуса, бул дагы көздүн чарчашына жана миопиянын күчөшүнө себеп болушу мүмкүн",- дейт адис.

Дарыгердин айтымында, кичинекей куракта көздү бузуп алуу коркунучу бир кыйла жогору. Ал учурда өспүрүм курактагы балдардын көбү заман талабына ылайык IT тармагына кызыгып, билим алып жатканын белгилеп, мындай шартта көздүн саламаттыгын сактоо үчүн атайын көнүгүүлөрдү жасап туруу зарылдыгын айтты.

"Ар бир 20 мүнөт сайын тыныгуу алып, сыртка чыгып, 5 мүнөт бою алысты карап көздү эс алдырып туруу көздүн чарчоосунун алдын алат",- деп кеңеш берди доктур.

"Ата-эне баланы тышка чыгара албай калды"

Окуучулар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Адистер соңку жылдары балдардын жаратылыш менен болгон байланышы кескин төмөндөп кеткенин айтат.

Мурун ата-энелер балдарын үйгө киргизе албай кыйналса, азыр тескерисинче, сыртка чыгарып ойнотууга көндүрүү кыйын болууда.

Педиатр Диляра Искакова бул көрүнүштүн олуттуу кесепеттерин белгилеп, балдардын смартфон колдонуудагы ден соолукка тийгизген терс таасирин айтып берди.

«Бала көпчүлүк убактысын кыймылсыз отруп телефон менен өткөрөт. Бул баланын булчуңдарынын жана сөөк түзүлүшүнүн толук кандуу өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратат. Омуртканын формасы бузулат. Мунун кесепетинен бүкүрдүк пайда болуп, жүлүндүн нервдери менен кан тамырлары кысылып калат. Сколиоз, кифоз жана лордоз сыяктуу көйгөйлөр жылдан жылга көбөйүп бара жатат. Бул өзгөрүүлөр ички органдардын иштешине да терс таасирин тийгизип, жүрөк, өпкө жана ашказан ооруларына алып келет. Балдардын баш оорусун, уйкусунун начарлашын жана эс тутумунун төмөндөшүн шарттайт. Анткени кыймылсыз көп убакыт отурган организмде кан айлануу начарлап, мээге жетиштүү деңгээлде кычкылтек жетпей калат",- деп түшүндүрдү адис.

Дарыгердин айтымында, бала бир сутка ичинде 20 мүнөттөн 1 саатка чейинки убакытты кыймылсыз абалда өткөрсө, бул норма катары эсептелет. Ал эми калган убакытта бала активдүү кыймылда болушу зарыл.

Айрыкча өспүрүм курактагы балдардын смартфонго берилип, уйку режимин бузуп жатканы ата-энелердин көзөмөлгө алуусу зарыл болгон олуттуу маселе экенин дарыгер баса белгиледи.

"Медицинада баланын уйкусу өзгөчө мааниге ээ. Алар түнкүсүн кеминде 8-10 саат тыныгышы керек. Анткени уйку учурунда өсүү гормону активдүү бөлүнүп чыгып, бала организминин туура өсүүсүнө шарт түзөт. Көп учурда балдар түн бир оокумуна чейин телефондо отурат",- деди ал.

Дагы бир көйгөй балдардын телефон карап тамактануусу. Дарыгер бул көрүнүш ашказан оорусун жаратып, тамак сиңирүү системасына олуттуу зыян тийгизерин белгиледи.

"Бала тамак жегенде эмне жеп жатканын аңдабайт калат. Айрыкча ашыкча салмак кошуу пайда болуп жатат. Тамактануу учурунда организмдин тамак сиңирүүгө даярданышы маанилүү. Бала тамакты кармаганда мээге сигнал барып, ашказан бездери тамак сиңирүү процессин баштайт. Ал эми телефонго алаксып жаткан бала эмне жеп жаткын, тойгонун билбей калат",- деп түшүндүрдү ал.

Тил көйгөйү көбөйдү

Телефон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Психолог Кундуз Оморованын айтымында, смартфондун балдарга тийгизген зыяны жылдан жылга күчөп бара жатат. Ал иштеген №69 мектеп-гимназиясында быйылкы окуу жылында башталгыч класска 400дөн ашуун бала кабыл алынганын, алардын элүү пайыздан көбү тил көйгөйү менен келгенин белгиледи.

"Мындан 5-6 жыл мурун мындай көрсөткүч жок эле. Азыр бир класста 43 бала болсо, анын ичинен 23үнүн тил көйгөйү бар. Бул ойлоно турган маселе. Мектептерге логопеддер абдан керек болуп калды",- дейт психолог.

Адис бул көйгөйдүн себеби балдардын эрте жаш куракта смартфонго байланып калганында дейт. Телефонду көп колдонгон балдардын көңүл буруусу начарлап, бул кабылдоосуна, эс тутумуна жана акыл-эсинин өөрчүшүнө терс таасирин тийгизет.

"Көңүл буруу жакшы болсо бала кабыл алат. Кабыл алса, эске сактайт. Эске жакшы сактаса, ой жүгүртүп, оюн так түшүндүрө алат. Смартфонго көп алаксыган балдар айлана-чөйрөдө эмне болуп жатканын байкабай калат. Мунун кесепетинен тили кеч чыгат, кемтик пайда болот, анткени телефондо диалог жок. Ар түрдүү тилдеги контентти үзгүлтүксүз көрүп жатып айрым бөбөктөр кайсы тилде сүйлөөрүн билбей жатат",- деп түшүндүрдү Оморова.

Психологдун айтымында, телефонго көп алаксыган балдар башка балдар менен мамиле курганды билбейт.

"Алар башка балдар менен ойнобойт, керек болсо бир туугандары менен сүйлөшпөйт, кесепетинен социалдашпай калып жатат. Анын социалдашуусу жок, көңүл буруусу начар балада тынчсыздануу пайда болот. Бул өз кезегинде агрессияны жаратат. Андай учурда атайын адистер невропатолог, психиатр менен иштөө талап кылынат",- дейт адис.

Кундуз Оморова акыркы жылдары балдар арасында телефонго көз карандылык кескин өсүп жатканын белгилеп, бул көйгөйдү психологдун жардамы менен жөнгө салуу жетишсиз болуп калган учурлар арбып баратканын кошумчалады.

"Мындай учурда ата-эне менен баланын мамилеси дагы бузулат. Ата-энесине орой мамиле жасап, кээде кол көтөргөн учурлар да катталган",- дейт ал.

Адистин пикиринде, көйгөйлөрдүн алдын алуу үчүн балдарга телефонду чеги менен колдонууга үйрөтүү абдан маанилүү. Баланын башкы муктаждыгы - эне-атасынын мээрими жана сүйүүсү.

Балдардын гаджеттерге көз каранды болуп бара жатканы бүгүнкү күндө бир гана Кыргызстандагы эмес, дүйнө жүзүндөгү олуттуу көйгөйлөрдүн бири болуп саналат.

Айрым мамлекеттер мектептерде мобилдик телефондорду колдонууга атайын чектөөлөрдү киргизсе, башкалары балдардын санариптик коопсуздугун камсыздоонун жаңы жолдорун иштеп чыгууда.