Жетекчи Zoom аркылуу 900 кызматкерин иштен алды

zoom

Сүрөттүн булагы, ZOOM

АКШда фирманын жетекчиси бир Zoom чалуу учурунда 900гө жакын кызматкерин иштен алгандан кийин сынга кабылды.

"Эгер бул чалууга катышып жатсаңар, анда иштен бошотулган бактысыз топко кирдиңиз", - деп Better.com ипотекалык фирмасынын башкы директору Вишал Гарг 900 кызматкерин иштен алган. Кийинчерээк бул билдирүү социалдык медиага тарап кеткен.

Социалдык тармактардагы комментарийлерде бул айрыкча Кристмастын алдында "суук", "катаал" жана "коркунучтуу кадам" болду деп сыпатталды.

"Мурункусунда [мындай] кылганда, ыйлагам", - деп айткан Гарг мырза чалган кызматкерлерине.

"Мен жаңылыктар башкача болушун каалар элем. Гүлдөп өнүгүшүбүздү каалаган элем", - дейт ал. Бул жолу анын добушу токтоо чыгып, маңдайындагы столдо турган кагаздарга кайрылды.

Гарг мырза Better.com'дун жумушчуларынын 15% массалык түрдө иштен айдалышынын артында кызматкерлердин иштеши жана натыйжалуулугу жана экономиканын өзгөрүшү жатканын айтты.

Бирок ал өткөн аптада жапониялык Softbank Better.com’го 750 миллион доллар инвестиция кылганын айткан жок.

Better.com'дун башкы каржы кызматкери Кевин Райан Би-Би-Сиге: "Жумуштан бошотуу, өзгөчө жылдын ушул маалында, жүрөктү оорутат", - дейт.

Бирок ал кошумчалагандай, "бекем финансылык көрсөткүчкө жетүү жана азыраак, бирок ишке берилген жумушчу күчкө ээ болуу, радикалдуу өнүгүп жаткан менчик үй сатып алуучулар базарына" чыгуу үчүн зарыл болду.

Вишал Гаргдын кызматкерлерге жиберген билдирүүсү

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Баарыңыздарга салам, кошулганыңыздар үчүн рахмат. Мен сиздерге жаман жаңылык менен келдим. Өзүңүздөр билгендей, базар өзгөрдү. Мындан ары сакталып калыш үчүн биз аны менен бирге кадам шилтешибиз керек. Ошондо биз мындан ары да гүлдөп, өзүбүздүн миссиябызды ишке ашыра алабыз деген үмүт пайда болот”.

"Бул сиз уккуңуз келген жаңылык эмес, бирок мен акыры ушундай чечимге келдим жана сиз аны жеке менден угушуңузду кааладым. Бул чын эле абдан оор чечим болду. Бул менин карьерамда экинчи жолу болуп жатат. Мен мындай кылууну каалаган жок элем. Акыркы жолу мындай кылганымда, мен ыйлагам. Бул жолу күчтүүрөөк болом деп үмүттөнөм. Бирок биз [бир нече] себептерден улам компаниянын 15 пайызга жакынын жумуштан кетирип жатабыз. Ал себептер: базар, натыйжалуулук, ишти аткаруу жана өндүрүмдүүлүк.

"Эгер бул чалууга катышып жатсаңар, анда иштен бошотулган бактысыз топко кирдиңиз. Бул жердеги жумушуңуз токтотулду. Буйрук дароо күчүнө кирет."

Боорукерлик маанилүү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

"Боорукерлик маанилүү"

Иштен кетирүү буйругу чыгарылгандан кийин, Fortune журналы, Гарг мырза өзүнүн фирмасынын кызматтан алынган кызматкерлерин натыйжасыз жумуш менен кесиптештеринен жана кардарларынан "уурдап жатат" деп айыптаган жана талап кылынган сегиз же андан көп сааттын ордуна алар күнүгө эки саат гана иштеп жатышканын жазган анонимдүү блог постунун автору экенин жазып чыккан.

Улуу Британиянын Дипломдуу менежмент институтунун башкы директору Энн Франке кызматкерлерди иштен бошотуунун бул ыкмасын сынга алды.

"Жаман менежерлер адамдарды виртуалдык болобу же түз болобу иштен жаман жол менен кетиришет", - деди ал Би-Би-Синин Today программасына. "Бирок мунун катаалдыгы, анын мындай виртуалдык жана өтө ырайымсыз стилде жасалгандыгы менен чоң масштабка ээ болду."

"Пандемия учурунда биз билген нерсе – боорукерлик маанилүү."

Үй сатып алуу процессин "тезирээк жана натыйжалуураак" кылуу үчүн технологияны колдонууну максат кылган Better.com Жапон Softbank конгломераты тарабынан колдоого алынган жана анын баасы 6 миллиард долларды түзөт.

Гарг мырзанын башкаруу стили өткөн жылы кызматкерлерге жөнөтүлгөн электрондук каттан кийин сынга алынган. Ал кат кийин Forbes’дун колуна тийген.

Электрондук катта Гарб мырза мындай деп жазган: "Силер өтө жай кыймылдап жатасыңар, силер келесоо дельфиндерсиңер ... Андыктан токтоткула. Токтот. азыр токтот. силер мени уят кылып жатасыңар".

Улуу Британиядагы Ливерпуль Жон Мурс Университетинин эмгек укугу жана бизнести изилдөөлөр боюнча окутуучусу Жемма Дейл бул "уюмду жетектөө жолу эмес". “Мындай массалык жумуштан кетирүү Улуу Британияда мыйзамсыз болмок”, - дейт.

"Америкада мындай кылуу мүмкүн болгону, сөзсүз ушундай кылуу керек дегенди билдирбейт", - деп кошумчалады ал.

"Мындай нерселерди жасоонун өз жолдору бар, алар канчалык оор шарттарда болбосун, жумшак жана сыйлуу жол менен аткарылышы керек."

Бул фирмага да, анын кызматкерлерине да зыян келтириши мүмкүн, анткени анын айтымында, "учурдагы кызматкерлер компаниянын адамдарга кандай мамиле жасаарын, келечекте алар кандай мамилеге туш болорунун белгиси катары карашат".

Франке айым: "Бул кардарларга багытталган бизнес, алар адамдарды ипотека менен камсыз кылууга аракет кылып жатышат. Мен ишенем, көптөгөн кардарлар же потенциалдуу кардарлар: "Таң калам, алар өз кызматкерлерине ушундай мамиле кылышса, анда өз кардарларына кандай мамиле кылат болду экен?" деп ойлонушат", - деп, мындай мамиле Better.com'дун келечектеги бизнесине таасир этиши мүмкүн экенин айтты. (DO)