You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Коронавируска каршы күрөш: парламенттин пассивдүү ролу
Кыргызстанда Жогорку Кеңеш бүгүн өзгөчө абалды 10-майга чейин узартуу жөнүндө президенттин жарлыгын бекитип берди. Ал аңгыча карантин убагында Жогорку Кеңештин пассивдүү ролу тууралуу талаш-талкуулар жүрүүдө.
Парламенттин азыркы шартта аткарган ишине сын пикир депутаттык корпустун сыртында да, ичинде да көп айтылууда.
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйыны башталганда эле депутат Исхак Масалиев парламентке премьер-министрдин өзү келишин, антикризистик планы менен тааныштырышын талап кылды.
Мухаммедкалый Абылгазиев буга чейин парламентке бирде келсе, экинчисинде көрүнбөй жатты.
Масалиев өкмөт парламентке караганда өлкө башчысына көбүрөөк отчет берип жатат деп соңку кезде көп сындап келет.
"Конституцияга ылайык, Кыргызстан парламенттик башкарууда деп эсептелет. Ошол себептүү, Жогорку Кеңеш координацияны өз колуна алышы керек. Штабдын жетекчиси жана премьер-министр президент менен эмес, биринчи Жогорку Кеңеш төрагасынын алдына келип отчет бериши керек. Эгер андай болбосо, биздин төрага өз милдетин так аткарды деп эсептебейм”.
Өзгөчө абал шартында парламент зарыл маселелер боюнча гана чогулуп жаткан. Жогорку Кеңеш өзгөчө абал тууралуу президенттин жарлыгын же карантин шартындагы айрым өкмөт сунуштаган мыйзам долбоорлорун бекитип берген.
Бирок коомдук сайттарда айрым депутаттар калган убактысында үйүндө эс алып жаткан учурун сүрөткө тартып же ат минип жүргөн сүрөтүн интернетке жүктөп, эстафета ойногону сынга кабылды.
“Эмне үчүн Жогорку Кеңеш иштебейт деген элден көп сын-пикир болуп атат. Менимче комитеттер, фракциялар иштеш керек эле. Бирок күн тартибине коюлбай, чакырылбай жатат ”, -деди депутат Кенжебек Бокоев бүгүнкү жыйында.
Ал тапта президент өкмөт мүчөлөрүн маал-маалы менен кабыл алып, бул мамлекеттик маалымат каражаттарында кенен чагылдырылып жатты.
Серепчи Руслан Акматбекдин айтымында, коронавируска каршы аракеттенүү өлкөдөгү бийликте тең салмактуулук жоктугун көрсөттү.
“Маанилүү эки институт бар, өкмөт жана аларды көзөмөлдөй турган парламент. Бирок экөө менен тең кызыктуу жагдай түзүлдү. Экөө тең ыктыярдуу түрдө өзүнүн ыйгарым укуктарынан баш тарткандай сезилүүдө. Себеби учурда лидердик сапаттарын көрсөтүп, алдыга чыгып демилгени ала турган премьер-министр парламентке да келбей коюп жатат, коомго да көп чыкпай жатат. Өзүнүн милдетин президентке өткөргөндөй, президент болсо вице-премьерлер, министрлер менен күнүмдүк аткарылчу иштердин аркасында жүргөндөй сезилип жатат”.
Анда Жогорку Кеңештин ролу ушу күндөрү кандай болушу керек эле?
“Өкмөттүн курамын бекиткенден кийин ал жоопкерчилик алып жатат да. Ошол жанагы координациялык иштерди жүргүзүп, өкмөткө дем берип, көзөмөлдөп, макулдук жана бекитип берүү гана ролун аткарбай, чечим чыгаруу процессин дагы ылдамыраак жана сапаттуурак болуусун камсыздашы керек эле”,- дейт Руслан Акматбек.
Серепчилер Кыргызстан де-юре парламенттик өлкө болгону менен, де-факто президенттик-парламенттик башкарууда экенин айтып келишет. Соңку кезде башкаруунун формасын так аныктап алуу тууралуу талаш-талкуулар да күчөөдө. Алалы, жакында эле бул маселени референдумга алып чыгуу тууралуу сунуш чыгып, бирок коронавирус шартында анын ишке ашуусу күмөн болуп турат.