You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Мугалимдердин “Акча үчүн жарышы”. Уюштуруучулар кечирим сурашты
Хоккей командасы менен банк биргеликте уюштурган Түштүк Дакота штатынын мугалимдерине арналган кайрымдуулук иш-чарасынын видеосу интернетке тарап, ал социалдык тармактарда кемсинтүү жана "караңгылык" деп айыпталгандан кийин кечирим сурашты.
Ишемби күнү хоккей беттешүүсүнүн алкагында өткөн "Акча үчүн жарыш" оюнуна даяр турган мугалимдер беш мүнөттүн ичинде кийимдерине мүмкүн болушунча көп 1 долларлык купюраларды салып жатышканын көрүүгө мүмкүн болчу.
АКШда эң аз акча алып келген мугалимдер бул акчаны окуу куралдарына жумшай турганын айтышкан.
Дүйшөмбү күнү жергиликтүү хоккей командасы жана накталай акча берген банк бул үчүн кечирим сурады.
Sioux Falls Stampede жана CU Mortgage Direct банкы билдирүүсүндө: "Биздин максатыбыз мугалимдер үчүн позитивдүү жана кызыктуу оюн уюштуруп берүү болгонуна карабастан, биз бул катышкан мугалимдерге жана негизи эле мугалимдик кесипке карата канчалык кемсинтүү жана маскаралоо болуп калганын көрдүк.
"Биз терең өкүнүч менен бардык мугалимдерден бул ыңгайсыздык жаратканыбыз үчүн кечирим сурайбыз."
Ар бир мугалим кеминде 500 доллардан алганын айтышып, алар "иш-чарага чейин бардык шарттар менен тааныштырылганын" кошумчалашты. Эми алардын ар бири дагы 500 доллардан алып, тандалбай калган 21 мугалимге дагы 500 доллардан берилет.
Мугалимдер "Аргус Лидер" гезитине алган акчасын алар тик парталарга, окуу материалдарын интернетке жүктөө үчүн колдоно турган же камераларга жумшай турганын айтышкан.
Сынчылар бул окуяны атаандаштар акчалай сыйлык үчүн өлгүчө күрөшкөн кореялык Netflixтин шоусу болгон "Кальмар оюну" менен салыштырышты.
Башкалары муну "кемсинтүү" деп айыптап, мугалимдердин пандемия учурунда туш болгон көптөгөн кыйынчылыктарын белгилешти.
Гезиттин маалыматы боюнча, Түштүк Дакота штатында мугалимдердин жылдык кирешеси орто эсеп менен 49 000 доллар болот. Алар өлкөдө эң аз айлык акы алышат.
АКШдагы мугалимдер да көбүнчө класстагы окуу куралдарын алууга өз акчаларын коротушат. (DO)