Кант диабети деген эмне жана андан кантип сактаныш керек?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Диабет же кант оорусу жыл сайын бир миллиондон ашуун адамдын өмүрүн алган жана өмүр бою созулган олуттуу абал. Ар бир адам кант оорусуна чалдыгышы мүмкүн.
Организм кандагы бардык кантты (глюкоза) кайра иштете албай калганда оору пайда болот; ал өтүшүп кетсе, жүрөк кармап калат, инсульт алат, сокурдукка алып барат, бөйрөк иштебей же буттарды кесип салууга чейин барат.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматына ылайык, бул көйгөй курчуп жатат. Дүйнө жүзү боюнча 422 миллион киши диабет менен жашайт. Ооруга туш болгондор 40 жыл мурдагыга салыштырганда төрт эсеге көбөйгөн.
Канчалык коркунучтуу болбосун, диабетке чалдыккан адамдардын жарымы илдети жөнүндө кабары жок.
Бирок, көпчүлүк учурларда жашоо стилин өзгөртүү оорунун алдын алышы мүмкүн. Кантип экенинтөмөндө баяндап беребиз.
Диабетке эмне себеп болот?
Биз тамактанганда, денебиз көмүрсууну (углевод) кантка (глюкоза) майдалап бөлөт. Уйку бези иштеп чыккан инсулин аттуу гормон организмибиздеги клеткалар күч-кубат алуусу үчүн ошол кантты сиңирип алуусун шарттайт.
Инсулин иштелип чыкпай калганда же жакшы иштебей калганда канда кант топтолуп калып, диабет пайда болот.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Диабеттин кандай түрлөрү бар?
Диабеттин бир нече түрү бар.
1-түрүндө уйку бездери инсулин иштеп чыкпай калат да глюкоза канда топтолуп кетет.
Окумуштуулар эмне үчүн дал ушундай болорун билишпейт, бирок ага генетика же уйку бездериндеги инсулин иштеп чыккан клеткаларды жабыркаткан вирустук инфекциялар таасир этиши мүмкүн деп ишенет. Диабетке чалдыккан адамдардын болжолдуу 10 пайызы ушул 1-түрү менен ооруйт.
Кант оорусунун 2-түрүндө уйку бездери жетиштүү деңгээлде инсулин иштеп чыкпай калат же болбосо гормон натыйжалуу иштебей калат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бул көбүнесе орто жаштагы жана жашы өтүп калган адамдарда кездешет. Бирок, ашыкча салмактагы жана көп кыймылдабаган жаш адамдар, белгилүү бир этникалык топтогу, айрыкча Түштүк Азиядагы адамдар дагы ага туш болот.
Айрым кош бойлуу аялдар организми өздөрүнө жана наристеге жетиштүү деңгээлде инсулин иштеп чыга албай калганда гестациялык диабетке чалдыгышы ыктымал.
Ар түрдүү критерийлерди караган ар башка изилдөөдө кош бойлуу аялдардын болжолдуу 6-16 пайызы гестациялык диабетке кабылары айтылат. Алар диета, физикалык көнүгүү жана инсулин ичүү аркылуу канттын деңгээлин көзөмөлдөшү керек. Болбосо ал диабеттин 2-түрүнө айланып кетет.
Ошондой эле, адамдарда диабетке чейинки белгилер да байкалышы ыктымал. Канда глюкозанын деңгээли көтөрүлүп, ал диабетке алып барышы мүмкүн.
Диабеттин кандай белгилери бар?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эң көп катталган белгилер төмөнкүлөр:
- Суусоо
- Көп заара кылуу, айрыкча түндөсү
- Көп чарчоо
- Аракет кылбай эле арыктоо
- Тынбай келе берген оозул (молочница)
- Көздүн караңгылашуусу
- Кесилген жана сыйрылган жердин сакайбоосу
Британиянын Улуттук саламаттык сактоо кызматынын маалыматы боюнча, диабеттин 1-түрүндө белгилер эрте жашта же бойго жете баштаганда эле байкала баштайт жана катуу болот.
Жашы 40тан ашкан (же түштүк азиялык болсо 25тен ашкан) адамдардын ооруга туш болуу коркунучу жогору. Ата-энеси же бир тууганы диабет болсо, салмагы ашыкча же өтө семиз болсо жана түбү Түштүк Азия, Кытай, Афро-Кариб же Африкадан болсо да диабеттин 2-түрүнө чалдыгуу ыктымалдыгы көп.
Диабеттин алдын ала аламбы?
Кант оорусуна генетикалык жана жаратылыш факторлору таасир этет. Бирок, зыянсыз диета жана активдүү жашоо образы менен кандагы канттын деңгээлин бирдей кармап тура аласыз.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кант кошулган азык-түлүктөн жана суусундуктардан баш тартуу жана ак ундан жасалган нан менен макарондун ордуна эленбеген (кара) унду колдоно баштоо — алгачкы жакшы кадам.
Тазаланган кант менен тазаланган буудайдын азыктуулугу азыраак. Анткени, алардын булалуу, витаминге бай бөлүктөрү алынып салынат. Ак унду, ак күрүчтү, ак макаронду, бышырылган таттууларды, газдалган/таттуу суусундуктарды, таттууларды жана кант кошулган дан азыктарын мисал катары айтууга болот.
Таза диетага жер жемиштер, мөмө жемиштер, буурчактар жана дан азыктары кирет. Ошондой эле, таза май, жаңгактар жана сардина, лосось, скумбрия өңдүү omega-3кө бай майлуу балыктар да бар.
Белгилүү бир тыныгуу менен тамактануу жана тойгондо тамак жегенди токтотуп коюу маанилүү.
Физикалык көнүгүүлөр дагы кандагы канттын деңгээлин түшүрүүгө жардам берет. Британиянын Улуттук саламаттык сактоо кызматы аптасына 2,5 сааттык аэробикалык көнүгүүлөрдү жасоону сунуштайт. Аталган көнүгүүгө ылдам басуу жана тепкичтен чыгып түшүү да кирип кетет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ашыкча салмак кошпоо дагы дененин кандагы канттын деңгээлин төмөн кармап туруусун жеңилдетет. Эгерде арыкташыңыз керек болсо, анда акырындык менен, аптасына 0,5-1 кг айланасында салмак таштоого аракет кылыңыз.
Тамеки тартпоо жана жүрөк ооруларынын алдын алуу үчүн холестериндин деңгээлине дагы көз салып туруу маанилүү.
Диабет өтүшүп кетсе эмне болот?
Канда кант көбөйүп кетсе, кан тамырларды катуу жабыркатып коюшу ыкытмал.
Эгерде кан организмде айланбай калса, ал керектелген бөлүктөргө кан жетпей, нервдин жабыр тартышын шарттайт (сезүү жана оору жоголот), көрүү начарлап, бут инфекциялары пайда болот.
ДСУнун маалыматы боюнча, диабет сокурдуктун, бөйрөктүн иштебей калышынын, жүрөк кармап калышынын, инсульттун жана буттарды кесип таштоонун эң негизги себеби.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2016-жылы диабет болжолдуу 1,6 млн өлүмгө себеп болгон.
Канча адам диабет менен ооруйт?
ДСУнун маалыматы боюнча, диабет менен ооругандардын саны 1980-жылы 108 млн болсо, 2014-жылы бул сан 422 миллионго өскөн.
1980-жылы дүйнө жүзү боюнча чоңдордун (18 жаштан жогору) 5% азыраагы диабетке чалдыккан болсо, 2014-жылы бул көрсөткүч 8,5% түзгөн.
Эл аралык диабет федерациясынын жоромолу боюнча, аталган ооруга туш болгон чоң кишилердин дээрлик 80% ортоңку жана төмөнкү кирешелүү өлкөлөрдө жашашат. Аталган аймактарда тамактануу адаттары тез өзгөрүүгө дуушар болууда.
Өнүккөн өлкөлөрдө кант оорусу жакырчылык жана арзан, иштелип чыккан азык-түлүктөр менен байланыштырылат. (EA)







