Жүрөк күнү: “Инфаркт менен инсульт жылма жан алгыч болду”

Сүрөттүн булагы, Official
29-сентябрда бүткүл дүйнө жүзү Жүрөк күнүн белгилейт. Бул датага байланыштуу Би-Би-Си Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаевге кайрылып, инсульт-инфаркт оорулары боюнча соңку абалды сурады.
Би-Би-Си: Инфаркт менен инсульт Кыргызстандагы эң көп катталган өлүмдөрдүн бири болуп келет. Соңку жылдары тенденция кандай болууда?
Акпай Сарыбаев: 2005-2007-жылдары оорудан өлүм күчөп турган кез эле. Ошондон бери биз мындай өлүмдөрдү 2019-жылга карата 22% азайтканга жетишкенбиз. Бирок былтыр пандемия башталып кетип, кырдаал кескин начарлады. Биз азыр 2010-жылдардагы абалга жеттик. Инсульт менен инфаркттан каза тапкандардын саны кайра 19% көбөйүп кетти.
Би-Би-Си: Коронавирус биринчи эле кан коюлтууга алып келгендиктенби?
Сарыбаев: Ковид өпкөдөн кирет, аны жабыркатат анан кан тамырларга кетет. Мурунтан жүрөк, кан тамыр оорулары бар адамдардын абалын бул курчутту. Пандемия деп карантин кирди, көп бейтаптарыбыз дарыланбай, өз ден соолугун жакшы карай албай калды. Биз да көңүл бура албай калдык.

Би-Би-Си: Кыргызстандандагы тамактануу маданияты, рацион бул оорунун күчөшүнө кандай салым кошуп жатат?
Сарыбаев: Инсульт-инфарктка алып келчү эң эле биринчи фактор – бийик кан басым. Андан кийинки эле экинчи орунда тамеки тартуу турат. Үчүнчү фактор – гиперхолестеринемия, бул май заттардын канда көбөйүшү, туура эмес тамактануу. Өзгөчө баса белгилеп кетейин, ичкилик ичүү да зыян.
Мына бизде тойлордо жалаң майлуу тамактар желет, ичимдик ичилет. Бул жүрөк, кан тамыр ооруларына түз жол.
Кеңешим, мындай оорулардан алыс болуу үчүн тузу аз тамак жегенге аракет кылуу керек. Май эле эмес, жеп жаткан эттин да көлөмүн азайтсак. Жашылча-жемиштин мааниси абдан чоң, кыймылдап тургула. Стресске алдырбай, андай убакта өзүңөрдү алаксыта билгиле.

Сүрөттүн булагы, Google
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Кыргызстанда жүрөк, кан тамыр ооруларынын алдын алуу боюнча буга чейин “Сергек жүрөк” программасы иштеген, бирок анын натыйжалуулугу боюнча сындар айтылып келет...
Сарыбаев: Ал программа 2000-2010-жылдарды камтыган эле. Ага бир да акча бөлүнгөн эмес. Андан кийин “Ден соолук” деген программа кабыл алдык да, ага донорлордун колдоосу менен иштер жүрүп жатат.
Бирок баары бир эле каражат жетишсиз. Биз ошол каражатты жалаң эле донорлордон үмүттөнбөй, жергиликтүү бийлик, мамлекеттик бюджет жана жеке саясатчылардан күтөбүз.
Себеби, гипертония, ишемикалык жүрөк оорулары күндөн-күнгө өсүп жатат. Бул улуттук маселеге айланып баратат. Тезинен чаралар керек.
Кыргызстанда 18 жаштан жогору жаштагы адамдардын 47% кан басымы жогору. Инфаркт менен инсульт жылма жан алгыч болду. Ар бир экинчи эркектин тамеки тартышы да ойлонтчу көйгөй.
Калкыбыздын 47% ашыкча салмак менен жүрүшөт. Бул да болсо аталган оорулардын жайылышына өбөлгө түзүп жатат.
Өлкөдө жалпы өлүмдүн 52% инфаркт-инсультка туура келүүдө. (EK)











