Малярияга каршы вакцина иштелип чыкты

Сүрөттүн булагы, CRISTINA ALDEHUELA
Оор илдетке каршы күрөштө тарыхый учур. Эми Африка континентинин көпчүлүк бөлүгүндөгү жаш балдар малярияга же безгек оорусуна каршы эмдөөдөн өткөрүлө баштайт.
Безгек оорусу миңдеген жылдардан бери адамзаттын башына түшкөн азап болуп, көбүнчө жаш балдар менен ымыркайлардын өлүмүнө себеп болуп келген.
Бир кылымдай убакка созулган аракеттерден кийин вакцинанын ойлоп табылышы медицина тармагындагы эң чоң жетишкендиктердин бири болуп калды.
RTS,S деп аталган вакцина алты жыл мурда өз эффективдүүлүгүн көрсөткөн.
Гана, Кения жана Малави өлкөлөрүндөгү пилоттук иммундаштыруу программаларынын ийгиликтүү ишке ашуусунун артынан азыр Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) вакцинаны Африканын тропикалык бөлүгүндө жана маляриянын жугушу ортодон тартып жогору болгон башка аймактарда дагы берүү керек экенин билдирди.
ДСУнун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус бул “тарыхый учур” экенин айтты.
“Көптөн күткөн жаш балдардын безгек оорусуна каршы вакцина — илимдеги, бөбөктөрдүн саламаттыгындагы жана малярияны көзөмөлдөөдөгү чоң жетишкендик. Вакцина жыл сайын он миңдеген адамдын өмүрүн сактап калат”, - деди ал.
Күчтүү мите
Малярия — бул мите. Ал көбөйүү үчүн кан клеткаларына кирип, аны жок кылат. Ал кан соргуч чиркейдин чагуусу менен тарайт.
Безгек оорусун азайтууга митени өлтүрүүчү дары-дармектер, чиркейдин чагуусунан коргоочу торлор жана чиркейлерге каршы дарылар жардам берген.
Бирок аталган илдеттин оор кесепети Африка континентине тийген. Бул аймакта 2019-жылы безгек оорусунан 260 миңден ашуун бөбөк чарчап калган.
Малярия митесинин 100дөн ашуун түрү бар. RTS,S вакцинасы Африкада эң көп тараган жана өмүргө коркунуч келтирген “Plasmodium falciparum” түрүнө каршы эффективдүүлүгүн көрсөткөн.
Бирок, бул вакцина адамдардын жашоосунда канчалык жардам берери боюнча түкшүмөлдөр бар, анткени ал эффективдүү иштеши үчүн вакцинанын төрт дозасы сайылышы керек болот. (EA)








