Мексикада наркокартель башчысы Гусмандын баласы уурдалды

Мексикалык наркобарон Хоакин Гусман, ылакап аты «Коротышканын» улуу баласы уурдалды. Бийликтин айтымында, ал Гусман тобунун мүчөлөрү менен атаандаштык кылып жүргөн.

Мексика бийлигинин маалымдашынча, «Синалоа» деп аталган наркокартелдин башка дагы беш мүчөсү менен биргеликте 29 жаштагы Хесус Альфредо Гусман «Халисконун жаңы мууну» тобунун куралчан мүчөлөрү тарабынан колго алынган.

Гусмандын баласын уурдоо дүйшөмбүнүн кечинде Пуэрто Вальярта курорттук шаарындагы ресторандардын биринде ишке ашкан.

Башкы прокурор Эдуардо Альмагердин журналисттерге билдирген маалыматына ылайык, окуя болгон жердеги күбөлөрдүн айткандары Хесус Альфредо Гусмандын уурдалганы тууралуу маалыматтарды ырастайт.

Мексикалык наркокартелдер АКШга ири өлчөмдөгү нарко заттарды, анын ичинде кокаинди тынымсыз сатып келет. Америка бийлиги Мексикадан Хоакин "Коротышка" Гусманды алууну көптөн бери сурап келүүдө.

АКШда наркокартелдин эң алдыңкы мүчөлөрүнүн бири болгон Гусмандын баласына да издөө салынган.