Тоо-кен тармагындагы инвесторлорго каршылык токтобой жатат

Тоо кендерин иштетүүгө келген инвесторлорго каршылыктар өлкөнүн бардык райондорунда болуп келатат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тоо кендерин иштетүүгө келген инвесторлорго каршылыктар өлкөнүн бардык райондорунда болуп келатат.

Токтогул районундагы Узун Акмат алтын кениндеги инвестор жергиликтүү элдин арасында туура эмес маалымат тараган үчүн каршылык жоюлбай жатканын, ошол себептүү кенде иш токтоп жатканын билдирди.

Бул көрүнүш өлкөдөгү көп кендерде жергиликтүү деңгэлдеги каршылыктарды жеңүүгө жергиликтүү бийлик органдарынын дагы жөндөмсүз болуп жатканын көрсөтүүдө дешет эксперттер.

Кыргызстанда буга чейин ондогон алтын кендеринде негизинен чет элдик инвесторлорго каршылыктар болуп келген. Эми мындай каршылыктарга туш болгонун жергиликтүү инвесторлор дагы айтып жатышат.

Токтогул районундагы Узун-Акмат алтын кенин иштетүүгө лицензия алган “Кассана Минералс” ишканасынын башчысы Талант Медеров каршы болгон күчтөр алтын кени иштесе ал жердеги уран калдыктарынын да оозу ачылат деп туура эмес маалымат тараган үчүн жергиликтүү элдин каршылыгы иш баштоого тоскоол болуп жатканын айтууда.

"Мыйзамдуу иш жүргүзүп жатабыз. Орхус конвенциясын пайдаланып атабыз. Элге маалымат берип жатабыз. Арасынан бузукулар чыкпай койбойт экен. Силерди бизди көчүрөсүңөр, өлтүрөсүңөр дегендер болуп жатат",-дейт Талант Медеров.

5-августта Узун-Акмат алтын кенине бараткан автоунаалардын жолун жергиликтүү адамар тосуп, чыр-чатак чыгып кете жаздаганы жөнүндө маалымат тараган. Көрсө, ал техникалар “Кассана Минералс” ишканасына эмес, башкаларга таандык экен. Аталган ишкана ал жерде алтын казуу иштерин баштоого али кириш электигин айтууда.

Узун-Акмат кенинде 69 кг алтын бар экени геологиялык чалгындоодо аныкталган. Геологиялык чалгындоону дагы тереӊ жүргүзсө, алтын көлөмү 500 кг чейин жетиши мүмкүн деп жатышат.

Чалгындоо иштери жүрүп жатканда айылдын тургундарында шектенүү, чочулоо токтобой жаткандыктан, экологиялык коопсуздук боюнча атайын экспертиза жүргүзүлгөн. Экспертиза аталган кенде уран калдыктарынын чыгып калуу коркунучу жок экенин көрсөткөн. Ошол эле учурда инвестор чачылма алтынды цианид сыяктуу уу заттарын пайдаланбай каза турганын кайта-кайта билдирип жатат.

“Кассана Минералс” ишканасынын башчысы Талант Медеровдүн өзүнүн айтымында, алар тоо-кен мыйзамынын негизинде жергиликтүү бюджетке кирешенин милдеттүү болгон эки пайызынын ордуна сегиз пайыз берүүгө, бул каражатка жашылча-жемишти иштетүүчү, крахмал өндүрүүчү ишканаларды ачууну максат кылууда.

Бирок жергиликтүү эл инвестор менен иштешүүнүн пайдасын көрүп түшүнүп турса дагы экологиялык коркунучтан чочулап, сактанып жатат. Бул жерде балким элге жамынган күчтөрдүн аракети да болуп жатышы мүмкүн дешет эксперттер. Анткени өлкөдөгү башка алтын кендеринде да куду ушундай каршылыктар болуп, анын артында көп учурда инвесторлорго атаандаш күчтөр турганы белгилүү болуп калган учурлар бар.

Ошол эле учурда тармактык органдардын, жергиликтүү бийликтердин дагы борпоӊ позициясын сынга алышууда. Өкмөт инвесторлорду чакырып коюп, эл менен өзүӊ сүйлөшүп ал деп четке чыга берип жатканы жакшы эмес дейт талдоочу Бакыт Бакетаев:

"Бүгүнкү күнгө чейин өкмөт пайдалуу инвесторлорго жардам бере албай жатат. Айрыкча геология министрлиги. Министр айтат, барып өзүңөр сүйлошүп алгыла деп. Ошон үчүн оздөрү барып, эптеп-септеп сүйлөшүп атат. Бул туура эмес, албетте. Геология министрлиги шарт түзүп берип, мыйзамга элди көндүрүшү керек".

Кыргыз өкмөтү үстүбүздөгү жылы Иштамберди, Талды-Булак, Бозумчак, Кара-Казык алтын кендери продукция берип баштайт күтүп жатат. Ошондой эле Жерүй, Тереккан алтын кендерине, Терек алтын-сурма кенине конкурстар ийгиликтүү болуп, инвесторлор аныкталганын билдирген.

Эгерде аталган кендер иштеп баштаса алтын өндүрүү жана өндүрүштүк көрсөткүчтөр жакшырып, экономикада өсүш жогорулайт. Бирок ошол эле учурда кендер белгиленген мөөнөттө иштеп кетиши үчүн жергиликтүү деңгээлдеги каршылыктарды жоюуга бийлик органдары милдеттүү түрдө жардам бериши зарыл деп жатышат.