Гүлен кыймылы деген эмне жана ал эмнени көксөөдө?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Түркия президенти бир жума мурун өлкөдө мамлекеттик төӊкөрүштү жасоо аракетине АКШда жашап жаткан диний ишмер Фетхуллах Гүлен жооптуу деп атап келет.
Ошондон бери миӊдеген болжолдуу гүленчилер жумушунан бошотулган же камакка алынып, өлкөгө өзгөчө кырдаал абалы киргизилген.
Биз гүленчүлөр кыймылы жана анын максаттары жөнүндө эмне билебиз?
Гүлен кыймылы – бул Фетхуллах Гүлендин урматына аталган, мыкты уюшулган жаамат (саясий партия эмес). Анын жолдоочулары Гүленди өзүлөрүнүн рухий лидери катары эсептешет, кээ бир учурларда Түркияда таасирдүүлүгү жагынан экинчи адам деп аташат. Гүлен өзүмчүлдүккө каршы, жөнөкөйлүктү, эмгекчилдикти жана билим алууну жогору койгон жөнөкөй исламды карманып келет.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ал АКШнын Пенсильвания штатында шаардан сырткары жайгашкан жерде жалгыз жашайт. Белгилүү болгондой ал диабет жана жүрөк оорусу менен жабыркап келет. Түркияда Гүлендин кыймылы «Химзет» деп аталат. Анын кеӊири белгилүү болгон ишмердүүлүгүнүн формасы болуп мусулман өлкөлөрүндө гана эмес бүткүл дүйнө жүзү боюнча жеке мектептерин түзүү жана аларды башкаруу болуп эсептелет. АКШда 100гө чукул ушундай мектептер иштеп жатат. Түркияда Гүлендин жолун жолдоочулар абдан көп, балким, миллиондогон, алардын бир бөлүгү полицияда, сот системасында, атайын кызматта иштеген таасирдүү мамлекеттик кызматкерлер түзөт, ал тургай Эрдогандын башкаруучу партиясынын ичинде да бар.

Сүрөттүн булагы, AP
Гүлен жаш түрктөр өзүлөрүнүн жолун жоготушту жана билим алуу эӊ мыкты жол деген ырастоолордун аркасы менен белгилүү болгон. Бул позициясы орто класстын жолдоочуларынын көп санын өзүнө тарткан. Мындай жагдай өз мектептерин ачууга жана анын ишин кеңейтүүгө жол ачып берген. Кыймыл өсүп, анын жолдоочулары мамлекеттик органдарга иштөө үчүн келе баштаган. Алардын кээ бирлери, аналитик Мустафа Акиол кыймылдын максаты Түркияны секуляризмден алыстатуу экендигин айтты. Бирок Гүлен кыймылы - саясий эмес диний жана адеп-ахлактык багытта экендигин айтты. 1980-жылдагы аскердик төӊкөрүштөн кийин бийликтеги башкаруучу генералдар Гүленди мамлекетти кулатууга аракет кылган деп шек санашкан. Ал алты жыл жашырынып келген, бирок, баары бир камалган. Кийин бошотулган соң, 2000-жылы ал дарыланып жаткан АКШда калууну чечкен. Эрдоган менен Гүлен өздөрүн секуляризмге каршылаш катары динге ишенген мусулмандар деп эсептешет. Бирок кээ бирлери алардан бир аз айырманы көрүп келишет. Мустафа Акиолдун оюна караганда, Эрдоган саясий исламдын түрк нускасын карманат, ошол эле учурда Гүлен, исламдын саясий эмес, маданий түрүн колдоорун айтып келет. Көбүнчөсү Гүлен кыймылынын түпкү максаты ачык-айкын эмес экенин айтышат. «Мен билем, алардын билим алууга болгон кызыкчылыгы чек эмес, алар көптү каалашат, бирок эмнени», - деген суроо туулат деди Би-Би-Си менен маегинде жазуучу Фехми Кору. Мен өзүмдүн макалаларымда алар өздөрүнүн жеке партиясын түзүп жана өлкөнү башкарууга мандат алууну көздөп жатышат деп болжолдогом. Бирок алар андай кылышкан жок.
- <link type="page"><caption> Муну да окуңуз: Эмне үчүн Түркия төңкөрүшү ишке ашкан жок?</caption><url href="http://www.bbc.com/kyrgyz/world/2016/07/160716_turkey_" platform="highweb"/></link>
Жалпы ислам баалуулуктарын эске алганда Гүлен жана анын жолдоочулары Эрдоган бийликке келгенде анын табигый шериктештери болушкан. Алгач ал өлкөнү башкарууда гүленчилердин административдик тажрыйбасын колдонгон. 2010-жылы 300 аскер офицерлери 2003-жылы мамлекеттик төнкөрүштү уюштурууга аракет көрүшкөн деген шек менен камакка алынган. Кийинчерээк, аларга каршы көпчүлүк далилдер ойдон чыгарылган деп табылган. Түрк журналисти жана окумуштуусу Эзги Басарнанын сөзүнө караганда, учурда соттор Гюлендин аскердеги, чалгындагы, полициядагы, сот системасындагы жолдоочулары тарабынан уюштурулган деп аныкталган. “Аскерлер четке сүрүлүп чыгарылгандан кийин, Эрдогандын партиясы жана гүленчилер мамлекетти көзөмөлгө алуу үчүн бири-бири менен күрөшө башташты”-, деп айтат Басаран.

Сүрөттүн булагы, bbc
«Эки күчтүн ортосундагы согуш – бийликте турган күч менен жарандык жана аскердик бөлүктөргө гана таасири бар күчтүн кармашы, - бул согуш. Анын жеңүүчүсү - башынан эле көрүнүп турган согуш,», - дейт Кору. Куралдуу күчтөрдү чачыратаары менен, 2013-жылы Эрдоган “Хизметтин” артынан сая түшө баштайт. Ал миңдеген жеке мектептерди жана студенттерди экзаменге даярдоо жайларынын төрттөн бирине жакыны Гүлен кыймылы тарабынан уюштурулган, деген жүйөө менен жабаарын убада кылган.

Ошондой эле, ал «мамлекет ичиндеги мамлекет» деп аталган кыймыл менен гүленчилер деп саналган кызматкерлерден коопсуздук кызматтарын жана министрликтерди тазалоо аракеттерин баштаган. Бирок көп өтпөй, түрк полициясы алдыңкы ишкерлерге жана Эрдогандын өзүнүн өнөктөштөрүнө каршы текшерүү жүргүздү. Бул учурда Эрдоган өкмөт башчынын кызматын ээлеп турган. Алар Ирандын эл аралык каржы санкцияларын буйтап өтүүсүнө жардам берип, Тегеранга мунай жана газга айырбаштоо үчүн алтын жөнөткөн деп айыпталышкан. Көптөрү бул текшерүүлөрдүн артында гүленчилер болгон деп эсептешкен. 2016-жылдын май айында Түркиянын өкмөтү расмий түрдө Гүлен кыймылын террордук уюм катары жарыялады.
Гүлен төңкөрүш аракетине кандайдыр бир катышы бар экенин четке кагууда. Анын айтымында, камакка алуу толкунун эске алып, окуянын артында Эрдоган жеке өзү турушу мүмкүн. Бирок талдоочулар окуянын уюштуруучулары- гүленчилер болобу же динге негизделбеген режимдин жактоочулары болобу шашылышты деп эсептешүүдө. Анткени кандай болгон күндө да баары бир Эрдогандын аскерди тазалоо ниетине күмөндүү карашкан. Камакка алынгандардын саны - аскердик элитанын дээрлик үчтөн бири. Ошондой эле миңдеген кызмат адамдарынын камакка алынышы – Эрдогандын кайсы бир адамдарга карата тизмеси мурда эле даярдалган деп божомолдоого болот. Түркия өз мекенинде сот алдында жооп бериши үчүн АКШга Гүленди өткөрүп берүү боюнча кайрылган. Бирок, Вашингтон аларга өткөрүп берүү үчүн Гүлендин төңкөрүш кылуу аракетине катыштыгы тууралуу керектүү далилдер зарыл экендигин билдирди. (AbK)









