Сауд Арабстан-Иран: Жоолашуунун тарыхый тамыры

Сүрөттүн булагы, none

    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сауд Арабстан менен Ирандын мамилеси жыл башында Эр-Риядда терроризмге айыпталган белгилүү шиит динаятчысы Нимр аль-Нимр өлүм жазасына тартылгандан кийин кескин курчуду. Ирандын диний лидери Аятолла Али Хаманей аталган динаятчынын өлүмү Сауд Арабстанга “каргыш” алып келээрин билдирди. Нимрдин өлүм жазасына тартылганын уккандар Тегерандагы Сауд Арабстандын элчилигине кол салышты. Сауд Арабстан жана анын союздаштары Иран менен болгон дипломатиялык мамилелерди үздү.

Ош Мамлекеттик университетинин теология факультетинин деканы Самаган Мырзаибраимов Би-Би-Сидеги маегинде Сауд Арабстан менен Ирандын ортосундагы касташуунун тарыхый себептери жөнүндө айтып берди.

Би-Би-Си: Сауд Арабстан менен Ирандын ортосундагы карама-каршылыктын түпкү тарыхый себептери эмнеде жатат?

С. Мырзаибраимов: Шииттер менен суниттердин ортосундагы карама-каршылыктын келип чыгышын теологиялык гана эмес, саясий - экономикалык өңүттөн да караш керек. Мухаммед пайгамбар бул дүйнөдөн өткөндөн кийин, анын ордуна ким халифа болот деген маселеден улам келип чыккан десек туура болот. Шииттердин көз карашы боюнча пайгамбардын ордуна Али халифа болуп келиши керек болчу. Ал эми тарых көрсөткөндөй жана сунниттер кабыл алгандай, Мухаммед пайгамбардан кийин Абу Бакир, Омар, Осмон, Али катары менен халифа болушту. Сунниттерде Алинин халифалыгын четке кагуу деген маселе жок. Аны төртүнчү халифа катары таанышат. Бирок шииттер аны Абу Бакирден мурда биринчи халифа болуп келиши керек эле деп эсептешет. Ага кошумча, бийлик атадан балага мурас катары калышы керек болчу деген пикирди карманышат. Демек, бийлик Али жана анын урпактарына өтүшү керек болчу деген маселе болууда.

Бирок булардын кескин түрдө бөлүнүүсүнө үчүнчү халифа Осмондун өлтүрүлүшүнөн кийинки саясий окуялар, андан кийин эки уруунун, башкача айтканда Муавия менен Алинин тараптарынын ортосундагы саясий жана согуштук деңгээлдеги бөлүнүп-жарылуулар көбүрөөк таасир этти.

Ошонун негизинде Сыффин согушу, андан кийин Кербала окуясында Мухаммед пайгамбардын небереси Хусеиндин өлтүрүлүшү азыркы күнгө чейин шииттердин ошол мезгилдеги окуяларды эстеп турушуна себеп болгон маселелер. Бул окуялардан кийин саясий бөлүнүүчүлүк бир жагынан диний бөлүнүүчүлүккө да себеп болгон десек болот. Себеби имамдардын мурас катары келиши жөнүндөгү көз карашы шииттердин сунниттерден айырмаланган ишенимдеги эң негизги принциптердин бири болуп эсептелип калган. Ошондуктан имамдар Алинин гана урпактары болушу керек деген шарт пайда болгон.

Би-Би-Си: Сауд Арабстан менен Ирандын азыркы жоолашуусун күчөткөн дагы кандай себептер бар?

С. Мырзаибраимов: Шииттер жөнүндө айтканди Иран факторун өзүнчө караш керек. Себеби Иран 640-жылдары арабдар басып алганга чейин эч кимге баш ийбеген, ал тургай Александр Македонскıй толугу менен ала албаган чоң тарыхый мамлекетти арабдар басып алгандан кийин бул перстердин эсинен кеткен жок жана бул тарыхый окуя ар дайым эки өлкөнүн ортосундагы келишпестиктерге себеп болгон.

Ошондуктан Иран чөлкөмү мусулман болгондон баштап шиитер жана сунниттер маселе бүгүнкү күнгө чейин уланып келүүдө. Иран менен Сауд Арабстандын ортосундагы келишпестик дагы ошол жерден башталат. Иран мусулман мамлекет болду, бирок аны арабдардын басып алганын такыр унуткан жок.

Анын үстүнө бул эки өлкө эл аралык, аймактык жана башка маселелерде бири-бири менен атаандашып келатат. Ал эми сунниттердин лидер мамлекеттеринин бири катары Сауд Арабстан менен Ирандын айрыкча ислам революциясынан кийинки бийлиги бири-бири менен саясий, эл аралык аймактык маселелерде атаандашып келатышканы анык.

Айрыкча соңку мезгилдерде бул атаандаштык күчөп баратат. Бул атаандаштык бир гана диний айырмачылыктан улам болуп жаткан жок. Бул саясий жана аймактык таасир этчү кандайдыр бир мүмкүнчүлүктөрдөн негиз алган атаандаштык экенин көрүүгө болот.

Белгилүү болгондой, ажылыкта өткөн жылы жети жүздөн ашуун жаран набыт кетти. Ошонун 460 ирандык набыт болгон деп айтылып келатат. Бул жөнүндө өз кезегинде аятолла абдан катуу сын пикир айткан эле.

Сауд Арабстан дүйнөдө мунай өндүргөн эң чоң мамлекет болуп саналат. Революциядан кийин эл аралык дүйнөдөн обочодо калган Ирандын былтыртан бери санкциялардын алынганына байланыштуу экономикалык өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү пайда болду, бирок бул менин оюмча Сауд Арабстанга жаккан жок. Ошондуктан экономикалык жана саясий жактан болгон атаандаштык азыркы акыбалга алып келди деген ойдобуз. Мунайдын баасынын түшүшү да Ирандын мунайдан пайда табуу мүмкүнчүлүктөрүн чектейт деген ойдомун.

Анын үстүнө Иран революциядан кийин өзүнө ислам идеологиясын жайылтууну эң чоң милдет катары алган. Бул шии негизиндеги ислам идеологиясы болуп эсептелет. Бул дагы сунниттер үчүн кооптуу маселе. Айрыкча шииттер менен сунниттер чогу жашаган өлкөлөрдө бул маселе ар дайым актуалдуулугун сактап келет.

Ал эми Эр-Рияддын «биз шии идеологиясын жая турган эч кандай мүмкүнчүлүктөргө жол бербейбиз» деп айтып жатканы Ирандын Сауд Арабстандын шии азчылыктарына кандайдыр бир деңгээлде таасир кылып, мамлекеттин ичиндеги кырдаалдын бузулушунан кооптонуп жатканын көрсөтөт.