Жер жүзүндөгү эң картаң аял көз жумду

Окава 1898-жылы 5-мартта кимоно саткан дүкөндүн ээсинин үй-бүлөсүндө туулган.

Сүрөттүн булагы, Getty

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Окава 1898-жылы 5-мартта кимоно саткан дүкөндүн ээсинин үй-бүлөсүндө туулган.

Япониянын Осака шаарында Гиннес рекорорддор китеби боюнча жер шаарынын эң картаң аял жашоочусу деп таанылган Мисао Окава каза болду. Ал 117 жыл жана 27 күн жашаган.

Окава 1898-жылы 5-мартта кимоно саткан дүкөндүн ээсинин үй-бүлөсүндө туулган.

Окава Гиннес китебинин сертификатын 2013-жылдын август айында алган. Андан мурдараак дагы бир рекордсмен Дзироэмона Кимуро дүйнө салган эле.

117-жылдык туулган күнүн белгилеп жатып Мисао Окава өзүнүн узак жашашынын себебин билбей турганын белгилеген.

Ал 1931 жылы жесир калган. Окаванын артында үч баласы, төрт небереси жана алты чөбөрөсү калды.