Британиядагы мечиттерде экстремизмге каршы баян окулду

Жаңылыктар топтому. Улуу Британиядагы мечиттердин имамдары мусулмандарды Сириядагы согушка катышпоого чакырышты. Алар жума күнкү намазда экстремизмге каршы баян окушуп, Сирияга кайырымдуулук уюмдары аркылуу гана жардам берүүгө үндөшүүдө.

28-июнда жалпы мусулмандардын Рамазан айы башталат.

Украинада качкын саны он миңдеп саналат

Бириккен улуттур уюмунун Качкындар боюнча агенттиги Украинанын чыгышындагы жаңжалдан улам, жыл башынан бери элүү миңден ашуун киши жер которгонун билдирди. Ал эми Орусия аймагына баш калкалагандардын саны 110 миң кишиге жеткен.

Европа Юнкерди тандоо алдында

Европа лидерлери Люксембургдун мурдагы премьер-министри Жан Клод Юнкерди Еврокомиссиянын башчылыгына көрсөтүшмөкчү. Юнкердин талапкерлигин Европарлементтеги негизги партиялар колдоого алышкан.

Мүчө өлкөлөрдун көпчүлүгү ага добуш бериши күтүлүүдө. Бирок Британия Юнкердин талапкерлигине катуу каршылык көрсөтүп жатат.

Газ кууру жарылды

Индиянын түштүгүндө мамлекеттин карамагындагы газ кууру жарылып, бери дегенде он төрт киши каза тапты. Кырсык ондогон үйлөргө зыян келтирип, жакынкы айылдар эвакуацияланган.