Майкл Жексондун доктуру күнөөлүү деп табылды

Конрад Мюррей

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Конрад Мюррей

12 кишиден турган сот эки күн бою кеңешип отуруп, Майкл Жексондун жеке доктуру Конрад Мюррейди кокустан адам өлтүрүп алды деген айыптоо боюнча күнөөлүү деп тапты.

Атактуу поп-ырчы Майкл Жексон 2009-жылдын 25-июнунда “Пропофол” аттуу дарыны ашыкча сайдырып алып каза тапкан.

58 жаштагы Мюррей төрт жыл катуу режим менен камалып, кесибинен четтетилиши күтүлүүдө.

Бул чечим окулуп жатканда сот залындагылар сүйүнгөнүнөн кыйкырышып, сырттагы жабалактаган Жексондун күйөрмандары да кыйкырып жатышты.

Жексондун сот тышындагы күйөрмандары

Сүрөттүн булагы, Getty

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жексондун сот тышындагы күйөрмандары

“Associated Press” агенттигине маек берген Жексондун бир тууганы ЛаТой Жексон соттун чечимине абдан сүйүнүп жатканын билдирип, “Майкл бизди көрүп турганына ишенем”, - деди.

Өкүм окулгандан кийин доктурдун билегине кишен тагылды. Бирок ал өзүн күнөөлүү эмес экендигин айтып, Жексондун өлүмүндө анын эч кандай тиешеси жок экенин кайра-кайра кайталады.

Шалаакылык айыбы коюлду

Айыптоочулар доктур Конрад Мюррей 50 жаштагы поп-жылдызга ашыкча дары сайып туруп, жалгыз таштап кеткен деп чыгышты.

Мюррейдин бул кылганы шалаакылык катары бааланды. Прокурор Дэвид Волгрен Жексондун балдары жетим калганын айтып, сот учурунда экрандан балдардын аянычтуу тасмаларын көрсөттү.

Конрад Мюррейди күнөөсүз адам деп, колдоого алгандар дагы болгон.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Конрад Мюррейди күнөөсүз адам деп, колдоого алгандар дагы болгон.

Ошондой эле Волгрен доктур Мюррей тез жардам чакырбай, акыркы телефондук сүйлөшүүлөрүндө Жексондун абалын сурабай эле, башкалар менен сүйлөшүп отуруп алган деди.

Ал сот залындагыларга “Майкл Жексондон башка бул доктурдун маанилүү дагы эмне иши бар эле?”, - деген олуттуу суроо койду. Тез жардам келгенде да доктур аларга Майкл Жексондун акыркы ирээт көп өлчөмдө дары сайдырганын айткан эмес.

Актануу: Дарыны Жексон өзү сайды

Доктурдун адвокаттары Майкл Жексондун туура эмес иш аракеттеринде доктурдун айыбы жок экенин айтып, ырчы көп өлчөмдөгү дарыны өзү сайынганын айтып чыкты.

Адвокат Ид Чернофф: “Балким каза болгон адам Майкл Жексон эмес, башка бирөө болсо ушул жерде отурат белек?”, - деп сотту пикирин өзгөртүүгө чакырды. Ошондой эле ал “Пропофол” аттуу дары доктор Конрад Мюррей тарабынан Майкл Жексонго жазылбаганын айтты.

Жексондун өлүмүнөн кийин табылган "пропофол" дарысы

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жексондун өлүмүнөн кийин табылган "пропофол" дарысы

58 жаштагы Конрад Мюррей - жүрөк оорулары боюнча адис. Ал өз сотунда күбө катары да сөз алды. Бардыгы болуп сотто 49 күбө сүйлөп, 300дөй далил каралды.

Майкл Жексон каза болор алдында 50 жылдык мааракесине карата дүйнөлүк турне өткөрүп, чоң концерт берүүгө даярданып жаткан эле.