Украинага ажал чачкан Түндүк Кореянын сырдуу ракетасы

North Korean missile in Ukraine

Сүрөттүн булагы, Conflict Armament Research

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чокмороштошкон бул сыныктарда көп сыр жатат
    • Author, Жин Маккензи
    • Role, Би-Би-Синин Сеулдагы кабарчысы

Украинанын курал-жарак боюнча жаш инспектору Кристина Кимачук 2-январда Харьковдогу имаратка демейдегиден башкача ракета менен сокку урулганын билгенден кийин тынчы кетти. Ал украин армиясындагы тааныштарына байланышып жатып, анын сыныктарына жетүүнүн аракетин көрө баштады. Бир жумадан кийин талкаланган ракетанын сыныктары борбор шаар Киевде анын алдында чачылып жатты.

Ал аны чачып алып, бардык бөлүктөрүн, анын ичинде тырмактан да кичинекей деталдарын жана компьютер чиптерин сүрөткө тарта баштады. Ал бул орус ракетасы эмес экенин дароо түшүндү, бирок анын милдети муну далилдөө болчу.

Үйүлгөн металлды жана чубалжыган зымдарды чубай берип, Кимачук корей алфавитинин кымындай иероглифине көзү түштү. Андан кийин ал даана көрүнгөн деталга туш болду. Корпустун бөлүктөрүнө 112 саны чегерилген. Бул Түндүк Кореянын календары боюнча 2023-жылга туура келет. Ал Түндүк Кореянын курал-жарактары Украинага ажал чачып жатканынын биринчи кашкайган далили алдында турганын түшүндү.

"Алар Россияга берген деп укканбыз, бирок мен аны алып, кармалап, изилдеп көрдүм, мурда муну эч ким жасаган эмес. Бул абдан кызык иш болду", - деди ал мага телефон аркылуу Киевден.

Андан бери украин аскерлеринин айтымында, Орусия Түндүк Кореянын ондогон ракеталары менен чабуул койду. Бул ракеталык чабуулдан кеминде 24 адам курман болуп, 70 ашык адам жарадар.

Ким Чен Ын өзөктүк согушту баштоого даярданып жатканы көптөн бери айтылып келатат. Бирок азыркы чыныгы коркунуч Түндүк Корея башка жактагы согуш отуна май бүркүп, глобалдык кырдаалды курчутуп жатканында болууда.

Кимачук айым согушта колдонулган курал-жарактардын кантип жасалганын изилдөө иштерин жүргүзгөн Conflict Armament Research уюмунда иштейт. Ал ракетанын сыныктарын сүрөткө тартып бүткөндөн кийин жана анын командасы сырдуу куралдын жүздөгөн компоненттерин талдап чыккандан кийин абдан олуттуу ачылыш жасалды.

Украинага ажал чачып келген ракета чет элдик эң акыркы технологиялар менен жасалганы анык болду. Электрондук тетиктердин көбү АКШДА жана Европада жасалат. 2023-жылдын март айында АКШда компьютердик чип да жасалган болчу. Бул Түндүк Корея курал-жарактын маанилүү компоненттерин мыйзамсыз сатып алып, өлкөгө алып барып, ракета кылып чогултуп, Россияга жашыруун жөнөтүп, Москва андан ары Украинага каршы колдонуп жатат дегенди билдирет. Мунун баары бир нече айдын ичинде эле ишке ашканы кызык.

"Бул эң чоң сюрприз болду: дээрлик жыйырма жыл бою катаң санкциялар астында болгонуна карабастан, Түндүк Корея курал жасоо үчүн керектүү тетиктердин баарын жана өзгөчө тездик менен алат турбайбы",- деди Дэмиен Сплитерс, компаниянын директорунун орун басары.

Graphic of parts of North Korean weapon in Ukraine

Лондондогу Royal United Services Institute (RUSI) коргонуу боюнча аналитикалык борборунан Түндүк Корея боюнча эксперт Жозеф Бирн андан кем эмес таң калганын билдирди.

"Мен Түндүк Кореянын баллистикалык ракеталары Европанын аймагында адам өлтүрүү үчүн колдонулат деп эч качан ойлогон эмесмин",- деди ал. Анын аналитикалык борбордогу командасы Түндүк Кореянын Россияга курал-жарак жеткирип жатканына былтыр сентябрда Владимир Путин менен Ким Чен Ын жолугуп, тымызын курал-жарак келишимин түзгөндөн бери байкоо салууда.

Спутниктен тартылган сүрөттөрдү изилдеп көрүп, алар Түндүк Корея менен Россиянын аскер портунун ортосунда жүздөгөн контейнерлер жүктөлгөн орустун төрт жүк ташуучу кемесин аныкташты.

Жалпысынан, RUSI болжомунда, миллиондон ашык снаряд жана "Град" ракеталары жүктөлгөн 7000 контейнер жөнөтүлдү. Орусия менен Түндүк Корея соода болуп жатканын четке какса да, изилдөөчүлөрдүн бүтүмү АКШ, Улуу Британия жана Түштүк Кореянын чалгындоо маалыматтары менен бекемделди.

"Бул снаряддар жана ракеталар бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң көп керектелген курал болуп саналат. Демек, АКШ менен Европа Украинага кандай курал-жарак берсек деп олку-солку болуп турганда, Россия Украинанын шаарларын каалашынча аткылай берет",- деди Бирн.

Graphic shows path of North Korean missiles to Russia

Сатып ал да, ата бер

Бирок согуш талаасына баллистикалык ракеталардын келиши Берн жана анын кесиптештерин эң көп тынчсыздандырган маселе, анткени алар Түндүк Кореянын курал программасы каякка баратканын жакшы билишет.

1980-жылдардан бери Түндүк Корея курал-жарагын чет өлкөлөргө, негизинен Түндүк Африка жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Ливия, Сирия жана Иранга саткан. Эреже катары, бул советтик үлгүдөгү эски ракеталар болгон. Хамастын согушкерлери өткөн жылдын 7-октябрындагы чабуулда Пхеньяндын эски гранатометторун колдонгон деген далилдер бар.

Бирок 2-январда учурулган, Кимачук чачып изилдеген ракета Пхеньяндын кыска аралыкка - 700 км чейин уча ала турган "Хвасонг-11" ракетасы болушу ыктымал.

Миддлберидеги эл аралык изилдөө институтунун Түндүк Корея жана анын курал-жарактары боюнча эксперти, доктор Джеффри Льюисинин айтымында, алар Россиянын ракеталарынан кем калышпайт.

Бул ракеталардын артыкчылыгы - алар өтө арзан, деп түшүндүрдү доктор Льюис. Бул, демек, абадан коргонууну талкалаш үчүн көбүрөөк сатып алып, көбүрөөк сокку ура бер дегендик, орустар азыр так ушундай кылууда.

Анда Түндүк Корея мындай ракеталардан канчаны чыгара алат деген суроо туулат. Түштүк Корея өкмөтү жакында Түндүк Корея Орусияга 6700 ок-дары контейнерин жөнөткөнүн кабарлады. Ал Пхеньяндын курал-жарак заводдору толук кубаттуулукта иштеп жатканын ырастайт жана бул заводдорду спутник аркылуу изилдеген доктор Льюис алар жылына ок-дары контейнерлерин толтура чыгара алат деп эсептейт.

Мистер Сплитерс жана анын командасы батыштын компанияларына Түндүк Кореяга тетиктерди сатууга тыюу салынганын эске алганда, бул кандайча мүмкүн экендигин түшүнүүгө аракет кылып жаткан чагы.

Заманбап курал-жарактардын ажырагыс бөлүгү болуп, асмандан ажал чачып жаткан көптөгөн компьютердик чиптер бул биздин телефондорду, кир жуугуч машиналарды жана унааларды заряддоо үчүн эле колдонулган чиптер, деп түшүндүрдү Сплитерс.

Алар дүйнө жүзү боюнча абдан көп санда сатылат. Өндүрүүчүлөр дистрибьюторлорго миллиарддап сатышат, алар өз кезегинде миллиондоп сатышат. Бирок алар өздөрүнүн продукциясы каякка кандай колдонулуп жатканын көбүнчө билбей деле калат.

Graphic of North Korean factory making ballistic missiles
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түндүк Кореянын баллистикалык ракета заводунун сүрөтү

Буга карабастан, Бирн ракетанын канча компоненти батыштан алынганын билгенде капа болду. Бул Түндүк Кореянын сатып алуу тармактары ал ойлогондон да ишенимдүү жана натыйжалуу экенин далилдеди.

Анын тажрыйбасы боюнча, чет өлкөлөрдө жашаган түндүк кореялыктар Гонконгдо же Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүндө уурдалган акчаны колдонуп, жасалма компанияларды ачышат. Андан кийин алар продукцияны Түндүк Кореяга, адатта Кытай менен чектешкен жерге жөнөтүшөт. Эгер ууру компания табылып, санкция салынса, анын ордуна тез арада дагы бир компания пайда болот.

Санкциялар көптөн бери бул ээнбаштык менен күрөшүүнүн куралы катары каралып келген, бирок анын натыйжасын көрүш үчүн алар дайыма жаңыланып турушу керек эле. Орусия да, Кытай да 2017-жылдан бери Түндүк Кореяга каршы жаңы санкцияларды киргизүүдөн баш тартып келатканы белгилүү.

Пхеньяндан курал сатып алып жаткан Москва азыр бир кезде өзү БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөсү катары добуш берген санкцияларды бузуп жатат. Андан кийин ушул жылдын башында БУУнун санкциялардын аткарылышын байкоочу топту таратууга жетишти. Албетте, андай текшерүүнүн ага кереги эмне.

"Биз Түндүк Кореяга каршы БУУнун санкцияларынын кыйрашына реалдуу убакытта күбө болуп жатабыз, бул Пхеньянга чоң тыныгуу берет",- деди Бирн.

Мунун баары Украинадагы согуштан да оор кесепетке алып келет.

Graphic of Tumangang freight terminal

"Бул жерде чыныгы жеңүүчүлөр түндүк кореялыктар",- дейт Бирн. "Алар орустарга абдан чоң жардам беришти жана өздөрү да көптөгөн мүмкүнчүлүккө ээ болду ".

Орусиянын Түндүк Кореяга ири көлөмдөгү мунай жеткиргени март айында болду, ошондой эле темир жол аркылуу толтура күрүч жана ун жөнөтүштү. Жүз миллиондогон фунт стерлингге бааланган бул келишим Пхеньяндын экономикасын гана эмес, куралдуу күчтөрүн да өнүктүрөт.

Орусия ошондой эле ракеталарды, атүгүл согуштук учактар сыяктуу аскердик техникаларды чыгарууну улантуу үчүн Түндүк Кореяны чийки зат менен камсыздап, өзөктүк куралын өркүндөтүү үчүн техникалык жардам дагы көрсөтө алат.

Тектеш темаларды бул жерден окуңуз:

Мындан тышкары, Түндүк Корея биринчи жолу чыныгы согуш шартында эң жаңы ракеталарын сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк алууда.

Эми Пхеньян бул куралдарды массалык түрдө чыгара баштаса, аны көбүрөөк өлкөлөргө сатып баштайт. (МА)