Газа: "Менин кулунум ачкадан өлдү"

Сүрөттүн булагы, Family photo
- Author, Амира Мхадби жана Стефани Хегарти
- Role, BBC World Service
Азык-түлүк коопсуздугу боюнча эксперттердин айтымында, Газанын түндүгүн ачарчылык басарына аз калды, болжоолорго караганда ал 2024-жылы март айынын ортосунан майга чейинки убакытта башталышы мүмкүн.
Газа тилкесиндеги 1,1 миллион адам, анын калкынын жарымы, азык-түлүктүн курч каатчылыгын баштан өткөрүүдө. Эң жаман сценарийлер боюнча Газа тилкеси бүтүндөй июлга карата ачарчылыктын капшабында калышы мүмкүн.
Жамал ооруканадагы эң жылдыздуу балдардын бири эле дейт Абир аль-Каферн, перзентинин төрөлгөн учурун эстеп, телефонундагы сүрөттөрдү улам карап.
"Карачы кандай татынакай эле. Менин сүйүктүү балам".
Азыр анын жалгыз жана сүйүктүү баласынан эскерме сүрөттөн башка эчтеке калган жок. Жамал 18-январда чарчап калды.
Ал үч айга толгондо ооруп баштаган болчу.
Согуш башталганына бир ай болгондо анын үй-бүлөсү үй-жайын таштай качып, Израил армиясы лагерди бомбалап жатканда өмүрү кылдын учунда турду.
Бала ичеги инфекциясына чалдыкты деген диагноз коюшуп, дары бере башташты. Бирок анын абалы жакшырбады.
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын маалыматына караганда, Газанын түндүгүндө декабрдын башына карата 90% үй-бүлөлөр суткалап тамак ичпей калышты.
Абир баласына эмчегин эмизүүгө бардык аракетин салды. Бирок тыңгылыктуу тамак ичпегендиктен анын эмчегинен жакшыраак сүт чыкпады, ал эми балдардын азыгын дүкөндөн табуу азыр кыйын.
Ноябрда Жамалдын салмагы 7 кг эле, бирок ал тездик менен арыктап баратты. Бир нече аптада анын алы кетип, салмагы 3,5 кг болуп калды. Чоң апасы Эсмахан январда Жамал сөлөкөт эле болуп калганын айтат.
"Биз ага сүт таап бере албадык",-дейт атасы Махмуд аль Каферн. "Суу берип көрдүк, бирок суу дагы булганыч эле".

Сүрөттүн булагы, Family photo
Аларга дары-дармек жазып беришти, бирок аны табыш мүмкүн болбоду. Акыры ооруканага жаткырышты, бирок Жамал жакшы боло баштаганда эле кетүүгө туура келди.
"Ооруканада эмне керек болсо жасалды, эми башка балдарды карашыбыз керек деп айтышты",-дейт атасы.
17-январга караган түнү Жамалдын температурасы түшө баштады, жөтөлүп жатты. Мурдунан ак нерсе чыгып атты.
"Биз түн ичинде бомбалоо болуп жатканда ооруканага жетип бардык",-дейт Махмуд.
"Алар аны сактап калабыз деп жарым саат күрөштү, бирок сактай алышпады. Тамак, суу жетпей, туура дарылоо жоктугунан менин уулум өлдү".
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Газанын түндүгүнө дары-дармекти көбүрөөк жеткирүү аракетин көрүүдө. Израилдин армиясы 16 миссиянын үчөөнө гана уруксат берди. Февралда бир да миссияны өткөрүшкөн жок.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму акыры Газанын түндүгүнө жеткенде, бир эле ооруканада ачкалыктан он бала өлгөнү ачыкка чыкты.
ХАМАС башкарган Саламаттык сактоо уюму Газа тилкесинде согуш башталгандан бери ачкалыктан алсырап 27 бала көз жумганын билдирди. Бул сандар дагы өсө турганы айтылууда.
Газа тилкесинин түндүк жагында камоодо калган палестиндиктер 300 миң чамал деп кабарланууда.
БУУ жана анын гуманитардык өнөктөштөрү январда түндүктү карай 61 мисссия жиберди. Израилдин армиясы анын тогузуна гана колдоо көрсөттү.
БУУнун азык-түлүк ташыган колоннасы Израилдин аскер-деңиз флоту тарабынан көзөмөл өткөрүү пунктуна келгенде аткылангандан кийин, БУУ миссияларды азайтты. Февралга пландаштырылган 24 мисссиянын ичинен ЦАХАЛ алтоон гана өткөрдү.
Израиль өз кезегинде жардам алып кирүүнүн көлөмүнө эч кандай чектөө жок деп белгилеп, анын жетпей атканы БУУнун агенттиктеринин чаржайыт ишинин натыйжасы деди.

Натыйжада түндүктөгү адамдардын көбүнө жардам жетпей калды.
Халид өзүнүн беш баласы жана 90 чамал тууган-уруктары менен Джабалия шаарында бекинип жатат. Ал Би-Би-Сиге өзүнүн үй-бүлөсү отоо чөп терип же мал жегенди жеп жан айласы кылып жатканын айтты.
"Бул таш жегендей эле",-дейт ал. Ал ар балээни жегенден кийин заңынан кан кошо чыгып, ичи ооруган.
Бир убакта анын үй-бүлөсүнө кудай айткандай болду, караса эле урандылардын астында бир мүшөк күрүч жатат. Алар ошондой эле бомбаланган имараттын багындагы ар кандай чөп-чарды терип жеп жүрүштү. Бирок мал жеми, күрүч жана чөп-чар дагы түгөндү. Бир апта бою Халиданын үй-бүлөсүндө жегенге эчтеке жок болду.
Араб жана батыш өлкөлөрү азыркы убакта Газа тилкесине азык-түлүк жеткирүүнү координациялап жатат. Халид менен анын үй-бүлөсүнө дагы жакшылыктын күнү тууду. Асмандан ыргытылган күрүч жана эттин бир топ таңгактарын тосуп алышты.
Ошол эле убакта кээ бир мекемелер бул азык-түлүктү жеткирүүнүн эффективдүү эмес жана кымбат жолу дешет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Газанын түндүк жагында калгандардын бири Асыл Би-Би-Сиге асмандан ыргытылган гуманитардык жардамдын көбү деңизге түшкөнүн, ошол себептүү ага жетем деп далай адам жанын тобокелге салганын айтууда.
Анын бир тууган агасы жардам ыргытылган жерге эртең менен 6:00 барган, бирок кайра балыктын бир банкасы менен гана кайтып келди. Келерки күнү болсо араң эки бөтөлкө сууга жетти.
Гумжардамдын бир бөлүгү Израил чек арасына жакын райондорго түштү, бирок ал жакка ЦАХАл жакын жолоткон жок.
"Баарыбыз парашют түшкөн жакка чуркайбыз, бирок канча аракет кылсак да кур кол кайтып аттык",-дейт Асыл.
Газа тилкесиндеги үч адам Би-Би-Сиге асмандан барган гумжардам миңдеген адамдардын азына жетип, көбүнө жетпей калганын айтты. Бозоруп кур кол кайткандар көп болду дешет.
БУУ өз кезегинде Газада кеминде 576 миң палестиндик, калктын чейрек бөлүгү ачкачылыктын оозунда турат деп эскертүүдө.

Жардамдын көбүрөөк бөлүгү жетип аткан Газа тилкесинин түштүгүндө деле көп адамдар күнүнө араң бир маал тамактанууда. Мөмө-жемиш, жашылча, жумуртка жана эт табыш кыйын, алардын баасы согушка чейинкиге салыштырганда он эсе кымбат.
"Мага үй-бүлөмдү бакканга эл аралык кредит керек",-деп тамашага чалды Мухаммад ан-Наджар. Ал өзүнүн үй-бүлөсүндөгү он бир баш менен Жабалияны таштап Рафахка кетүүгө мажбур болду.
Төрт банка буурчак, үч банка нут, 11 коробка печенье бир аптага араң жетүүдө. Ага кошумча кымбат баада болсо да тамак сатып алышууда.
Нагам Мазид Газанын борборундагы Аль-Акса ооруканасында дарыгер болуп иштейт. Ал ачкалыктан алсыраган көп оорулуулар консервацияланган азыктарды көп жеп алып, ашказан ооруларынан кыйналып жатканын айтты.
Бузулган тамакты жеп алып ууланган учурлар болду. Ооруканада ошондой эле гепатит менен анемия оорусуна чалдыккандардын саны өстү.
Темага тектеш дагы башка маалыматтарды бул жерден окуңуз:
ДССУ айрыкча балдар арасында диарея жана респитатордук инфекция учурлары көбөйгөнүн билдирүүдө.
Жамал деген баласынан ажыраган үй-бүлөнүн азыр жегенге тамагы жок. Анын эки ата өткөн сегиз тууганы жана ата-энеси да ачка отурушат. Алар асмандан болобу же деңизден, же кургактан бир жардам келип калабы деп үмүт кылып турушат. (МА)








