Газадагы согуш: Орозо айынын алдында соолуган үмүттөр

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Иоланда Нелл, BBC News, Иерусалим
Өткөн аптада Парижде өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Газа тилкесинде ыйык Орозо айынын алдында ок атышуу токтойт деген чоң үмүт жанган эле. Аңгыча ХАМАС египеттик жана катардык ортомчулар менен кошо Каирге жаңы делегация жиберди, а бирок Израил жибербеди. Бул олуттуу жаңы тоскоолдук.
Жергиликтүү ЖМКлардын жазганына караганда, Израил ХАМАСтан эң негизги суроолор боюнча так жоопторду жана аман калган израилдик туткундардын тизмесин талап кылууда.
Ал ортодо ХАМАСтын жогорку кызматтагы өкүлү доктор Басем Наим жекшембиде Би-Би-Сиге Израил тынымсыз бомбалап жатканда «ким аман калганын да билүү кыйын» деп билдирди.
«Алар ар башка райондордо ар башка топтор менен. Биз ок атышууну токтотууну талап кылып жатканыбыздын себеби да ушул, алар тууралуу маалыматты топтошубуз керек»,-деди ал.
Доктор Наим андан ары барымтадагы адамдар жөнүндө «баалуу маалымат» акысыз берилет деп билдирди. Хамастын өкүлдөрү өз кезегинде Газа тилкесинде убактылуу гана тыныгууну эмес, ок атышууну токтотууну, ал жактан Израилдин бардык аскерин алып чыгып кетүүнү талап кылууда.
АКШ жана башка регионалдык таасирдүү оюнчулар эми жарашууга карай башталган кадамды кармаш үчүн Израилге да, ХАМАСка да кысым көрсөтүшү керек болот.
Эгерде ок атышуу токтосо, Израилдин барымтада калган 40 жараны бошотулуп, Израилдин түрмөсүнөн андан он эсе көп палестиндиктер кутулуп чыгышы керек деп айтылууда.
ХАМАСтын колунда дагы деле 130 туткун бар деген божомолдор болууда. Ошол эле учурда Израилдин расмий өкүлдөрү алардын кеминде отузу тирүү эмес деп жатат.
Жарашуу ишке ашкан кырк күн ичинде Газага керектүү жардам алып келиниши керек.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жарашуу келишими болбосо, Орозо айынын ичинде кандуу кармаш ого бетер күчөй турган коркунуч бар. Орозо айы бул жылы 10-11-мартта башталат.
Бул айда Израил оккупацияланган чыгыш Иерусалимде Аль-Аксы мечитине кирүүгө палестиндиктерге чектөө салган жатат.
Бул жакта иудаизмде дагы ыйык жер болуп саналган Храм тоосу бар, израиль-палестиндин көп жылдык кармашында бул жай дагы зомбулуктун кайнаган жери болуп келатат.
ХАМАС конфликттин жалбырттап кетет деп жаткан эл аралык коомчулуктун кооптонуусун жакшы билет. Өткөн аптада исламчыл топтун лидери Исмаил Хания ХАМАС сүйлөшүүлөрдө ийкемдүү болуп жатканын билдирип, бирок Батыш жээк менен Иерусалимдеги палестиндиктерди Орозонун биринчи күнүндө мечитке барып сыйынууга чакырды.
Ок атышууну токтотуу жөнүндө эл аралык коомчулуктун кысымы күчөп жатканынын башкы себеби, Газа тилкесинде гуманитардык оор кырдаал түзүлдү. Жүз миңдеген адам алты айдан бери болуп аткан согушта ачкачылыктын азабын тартууда.
«Азап-тозоктун эбегейсиз масштабын эске алып, ок атышууну тезинен токтотуу зарыл, эң жок дегенде алты аптага. Азыркы эң негизги маселе ушул»,-деди АКШнын вице-президенти Камала Харрис Алабамадагы иш чарада.
«ОшШондо барымтадагы адамдар куткарылып, эң зарыл жардам алууга мүмкүн болот».
«Газада эл ачка. Адам чыдагыс оор шартта турат, биздин жалпы адамдык ниетибизде кайдыгер карап турбашыбыз керек».
Анын сөзү АКШнын өкмөтүнүн жогорку кызмат адамдарынын айткан эң кескин баасы болуп калды жана Израилдин эң жакын союздашы Вашингтондо согуштун күчөп жатканына кабатыр маанайды көрсөтүп турат.
Газа тилкесинде жүрүп жаткан окуялар Байденди кайра шайлоо өнөктүгүнө зыян алып келүүдө.
Израилде дагы барымтада калган адамдардын жакындары тараптан аскердик кабинетке ички күчтүү кысым бар экенин айта кетүү керек.
Аларга тилектештиктин төрт күндүк маршынын акыркы этабында миңдеген израилдиктер кошулду. Жүрүш Газа тилкеси менен чек арадагы 7-октябрда ХАМАСтын ажал чачкан чабуулунун чордону болгон жерден башталып, ишембиде Иерусалимде аяктады.
Алар колуна израил желеги менен барымтадагы адамдардын сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты. Барымтада агасы калган Шарон Шараби митингде сүйлөдү.
«Биздин үй-бүлөдөн төрт адамдан ажырадык. Израилдин жетекчилери кулак түргүлө, биз бул жакка бешинчи сөөктү алып келгибиз жок». (МА)

Сүрөттүн булагы, Getty Images












