"Менин уулум Али өлдү". Газанын ачка балдарына жалбарып жардам сураган ата

Дэвид Гриттен, Би-Би-Си жаңылыктар кызматы
«Ачкалыктын азабын тартып жаткан балдар эмне болду? Аларга бирөө жардамга келеби же каралбай күнү бүтөбү? Менин уулум Али болсо өлдү».
Ачкалыктан алсырап, акыры Газанын түндүгүндөгү ооруканада каза болгон Алинин атасы башка балдарды ажалдан алып калуу үчүн жалбарып жардам сурап кайрылды. Анткени БУУ азык-түлүк жеткирүүдө тоскоолдуктар жоюлбаса, ачкачылыктын кесепети чоң болорун эскертүүдө.
«Али согуш маалында төрөлдү. Энесинин жегенге ырыстуу тамагы жок эле, ошондуктан бөйрөктөрү иштебей калды»,-деди атын атагысы келбеген адам Би-Би-Синин араб кызматы үчүн жазылган интервьюда.
«Алинин абалы күндөн күнгө начарлай баштады. Биз аны ооруканадан дарылап көрдүк, бирок жардам бербеди… Али аны карап турган бүт дүйнөнүн алдында жан берди…».
Тилекке каршы, ДССУнун командасынын айтымында, Али Бет-Лахия шаарында Камал Адван ооруканасында ачкалыктан алсырап каза болгон он баланын бирөө болуп калды.
Газадагы ХАМАС башкарган саламаттык сактоо министрлиги өткөн аптадан бери бүт аймакта ачкалыктан 18 бала өлгөнүн билдирди, анын кеминде он беши Камал-Адванда болду. Ал ошондой эле ушул ооруканада жаткан алты баланын өмүрүнө да кооптонуу билдирди.
БУУнун балдар фонду эгер Израил менен ХАМАСтын согушу бүтпөсө, гуманитардык жардамга тоскоолдуктар алынбаса, ачкалыктан өлгөн балдар ыкчам көбөйүшү мүмкүн экенин айтып коңгуроо кагууда.
Газанын саламаттык сактоо министрлиги согушта 30700 ашык курмандыктын 70% балдар жана аялдар экенин, дагы 72 миң адам жаракат алганын билдирүүдө.
7-октябрда ХАМАС Израилге кол салганда 1200 адам курман болуп, 253 адам барымтага алынган. Ошондо Израилдин армиясы Газада асман чабуулдарын жана кургактагы операцияны баштаган.
300 миңдей адам азыркы учурда Газа тилкесинин түндүгүндө камоодо калды. Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын маалыматы боюнча ачарчылык кырсыктуу деңгээлге чыкты, анткени жардамдын көбү жетпей жатат.
БУУнун агенттиктери жүргүзгөн иликтөөгө караганда эки жашка чыга элек ар бир алты бала жетиштүү тамак ичпегендиктен жапа чегүүдө. Балдардын дээрлик 3% ачкалыктан алсырап, тез жардамга муктаж.
Тамак, таза суу жана медициналык тейлөө жок болгондуктан, конфликттен азап чеккен аялдар балдарын жакшы эмизе албай калды. Эмчек эмбеген же сүт азыктарын ичпеген балдардын ооруп калуу коркунучу чоң.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Камал Адван ооруканасынын дарыгери Самия Абдель Джалил Gaza Lifeline журналисттерине бир кичинекей кыз эжеси экөө ооруканада удаа-удаа каза болгонун айтып берди.
«Бизде бир кичине кызга эле эмес, бүтүндөй бөлүмдөү балдарга сүт алууда кыйынчылык болду»,-деди ал. «Ал кыз кымындай сүткө жетпей каза тапты».
Төрт жаштагы Салах Самара катуу ооруган балдардын бири, аны Абдель Джалил менен анын кесиптештери колдо болгон дары-дармек менен дарылоого аракет кылууда.
Апасы анын маалына жетпей төрөлгөнүн, ошол себептүү бөйрөгү жакшы иштебей, заарасы жакшы чыкпай, курсагы көөп жатканын айтууда.
«Муну көрүп туруп жүрөгүм ооруйт. Өзүңдүн балаңдын жакшы заара кыла албай, кыйналып ыйлап жатканын көрүү кандай оор… дарыгердин да колунан келбей жатат».
«Анын абалы барган сайын оор болуп баратат. Аны тезинен чет өлкөдө дарылабаса болбойт. Менин кайгымды ким болсо да угуп, баламды айыктырганга жардам берет деп үмүт кылам».
Камал Адвандын директору Ахмед аль-Кахлот балдардын өлүмү боюнча саламаттык сактоо министрлиги көйгөйдүн чыныгы масштабын азайтып айтып жатат деп эскертти.
«Ачкалыктан болгон өлүм-житимдин санын эки апта мурда гана эсептеп башташты, ошондуктан реалдуу сандар андан көп»,-деди ал.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Гебрейесус агенттик Камал Адванга жана дагы бир ооруканага отун-суу жана зарыл болгон дары-дармекти жекшемби күнү жеткиришкенин жазды. Бирок ал бул жардам кечиктирилгис керектөөнүн аз гана бөлүгү экенин эскертти.
"Биз гуманитардык жардамды үзгүлтүксүз жеткирүүнү суранып Израилге кайрылдык. Карапайым элге, айрыкча балдарга, медициналык кызматкерлерге жардамды тезинен көбөйтүү керек. Бирок оорулууларга керек болгон эң башкы дары - бул тынчтык»,-деди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Батыш өлкөлөрүнүн өкмөттөрү дагы Израилге кысым кылып, жардам жеткирүүгө көбүрөөк шарт түзүүнү талап кылышууда. Шейшембиде Жо Байден «Биз Газага көбүрөөк жардам беришибиз керек… Эч кандай шылтоо болбош керек, эч кандай»,-деди.
Шейшембиде Дүйнөлүк азык-түлүк программасы биринчи эки аптанын ичинде Газанын түндүгүнө азык-түлүк жеткирүү аракетине Израил армиясы тоскоол болгонун билдирди.
БУУнун агенттиги 14 жүк ташуучу автомашинадан турган колонна көзөмөл-өткөрүү пунктуна жеткенде артка кайтарылганын, андан кийин жаалы кайнаган адамдар аны талап-тоноп кеткенин кабарлады. Би-Би-Си ЦАХАЛга түшүндүрмө сурап кайрылды.
Газага гуманитардык жардамды жеткирүүнү координация кылуу милдети жүктөлгөн Израилдин коргоо министрлиги «Биз Газадагы карапайым элге гуманитардык аракетибизди көбөйтүп жатабыз, бир эле убакта Хамастагы туткундарды куткаруу жана Газаны Хамастан тазалоо максатын көздөп жатабыз»,-деп жооп кайтарды. (МА)












