Келемиштин күлкүсү. Жаныбарлар да азилдешкенди билеби?

Laughing gorillas

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Жасмин Фокс-Скелли
    • Role, BBC Future

Адамзаттын айбандардын айырмасы жөнүндө сөз болгондо азил сезими тизмеде эң алдыңкы орунга жазылат болуш керек.

Биз каткырып күлгөндү жакшы көрөбүз. Төрөлгөнүнө үч ай болгон наристелер да ата-энеси бети-башын бырыштырып, үрөйүн бузуп караганда кыткылыктап күлөт. Сегиз айга толгондо наристелер өзүнүн жүзүн, денесин жана үнүн колдонуп, чоң адамдарды күлдүргөндү билип калат. Андан кийин баланын кадимкидей куудулданып ойной баштаганын көрөсүз.

Жаңы изилдөөлөргө караганда, куудулданып ойногон жагынан адамзат жалгыз эмес. Айбандар да бири-бирин күлдүрүп ойной алат.

Лос-Анжелестеги Калифорния университетинин илимий кызматкери Изабель Лаумер менен бирге адам сымал маймылдар бири-бири менен кантип ойногонун 75 сааттык видеодон көрүп чыктым. Адамга окшош маймылдар - биздин жакын туугандар, аларга орангутанг, шимпанзе, бонобо жана горилла кирет. Изилдөөгө катышкан бардык маймылдар зоопаркта жашайт жана алардын күнүмдүк турмушу видеого тартылды.

Сөз болгон төрт түрдөгү маймылдардын өкүлдөрү бири-бирине тийишип ойнойт экен. Изилдөөчүлөр алардын өз ара тийишип ойногон 13 ар кандай учурун аныкташты, анын ичинен - нукуу, чапкылоо, жолун тороо, денесин чукумай, кайсы бир жагынан жулмалоо сыяктуу эң көп болгон беш учурун табышты.

Portrait of a brown dog

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иттерди качырып барып, кайра качып ойногонго көнүктүрсө болот

Кээ бир маймылдар денесинин кайсы бир бөлүктөрүн кайра-кайра силкилдетип же бири-бирин чачынан жулуп ойношкон.

«Жашыраак маймыл чоң маймылга байкатпай барып, аны чукуп же далыга чапкылап, кээде таң калтырган учурларын көп көрдүк»,-дейт Лаумер, изилдөөнүн автору.

«Алар андан кийин чоң маймылдардын реакциясы кандай болот деп күтүшөт экен. Адатта объект мындай тамашага көңүл бурбайт, ошондо жаш маймыл мурдагыдан беш-бетер секирип, чапкылай баштайт. Акыры чоң маймылга бүт денеси менен жабышып ургулап кирет».

Изилдөөчүлөрдүн пикиринде, тийишип ойномой кичинекей балдардын ойногонуна окшошуп кетет: аны атайы тийиштик кылуу, өжөрлөнүү, кээде таң калуу, оюн жана реакцияны текшерүү деп кабыл алса болот. Бирөөгө тилди көрсөтүп туруп качып кетмей адамдарда да болот эмеспи.

Тийишип ойномойдун бул стили юмордун татаал формасынын негизи болуп саналат.

«Адамдарда тамаша абдан татаал когнитивдик көндүмдөрдү талап кылат»,-дейт Лаумер. «Сизге акыл-эс теориясы керек (дүйнөгө башка адамдын көз карашынан кароо жөндөмү), социалдык нормаларды билүү, башкалардын реакциясын көрө билүү жана алардын мамилеси кандай болорун баалоо керек».

Адам сымал маймылдардын төрт түркүмү тең тийишип ойногонду билет, демек 13 миллион жыл мурда жашаган биздин түпкү жалпы тегибизде азил сезими болгонбу деген ой кетет.

Wolf cubs playing

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Карышкырлар менен иттердин дагы ойногон жагынан көп окшоштуктары бар.

Бирок көп окумуштуулар азилдешип ойноо жаныбарлар дүйнөсүндө көп эле тараган көрүнүш деп эсептешет. Мисалы, «Адамдын келип чыгышы» деп аталган китебинде Чарльз Дарвин иттердин азил сезими бар деп жазган:

«Эгер итке таяк же башка бир нерсе ыргытсаңыз, ал аны бир топ аралыкка чейин алып кетет да, бир аз жерге чочоюп отуруп кожоюн жакын келишин күтөт. Кожоюн жакын келип алайын дегенде ал кайрадан тиштеп алып ары качып, тийишип, ошондон ырахат алат».

Кимде кимдин ити бар болсо, ойноп жатканда алар күлкүгө окшоп кеткен өзүнчө бир кыркыраган үн чыгарарын билет болуш керек. 2005-жылы болгон изилдөөдө жаныбарлардын мүнөзүн изилдеген адис Патрисия Симонет атайын жайда кармалган иттерге ушул үндү угузуп көргөндө, «иттин күлкүсү» алардын стрессин азайтканын байкаган.

Боулдердеги Колорадо университетинин экология жана эволюциялык биология университетинин ардактуу профессору Марк Бекофф ондогон жылдар бою топтогон маалыматтарга таянып, Лауемер менен анын кесиптештери байкагандай, иттер дагы тийишип ойногонду билерин аныктаган.

Мисалы, ойногусу келбеген итти кызыктырыш үчүн башка ит шыйпаңдап барып кайра качып кетет. «Мен муну иттерден, түлкүлөрдөн, чөөлөрдөн жана карышкырлардан көргөм»,-дейт Бекофф.

Бекофф өзүн куудулданып алып жүргөн жаныбарлардын көп эле түрүн көргөнүн белгилеп, ага аттарды, кара аюуларды мисал келтирди.

Ошол эле убакта башка изилдөөчүлөр дельфиндер кармаш убагында кубанычтуу үн чыгарарын, ал эми пилдер ойноп атканда башкача үн саларын айтууда. Тоту куштардын кээ бири башка жаныбарларга, мисалы иттерге тийишип, ышкырып ойной турганы белгилүү.

Керек болсо, келемиштер да күлгөндү жакшы көрөрүнө далилдер бар. Соңку он жылда АКШнын Түндүк-Батыш университетинин доценти Джеффри Бургдорф келемиштерди кытыгылап көнүп алганын айтат. Келемиштерди кытыгылаганда алар күлкүгө окшогон чыйылдак үн чыгарышат. Аларды керек болсо жашынмак ойногонго үйрөтсө болот дейт.

«Жаныбарлар ушундай үн чыгарганды жакшы көрөрүн билдик», — дейт Бургдорф.

«Менин жетекчим (нейробиолог Яак Панксепп] оюн бул мээге азык деп дайыма айтчу, бул чындык. Оюн тамаша учурунда мээлер биригет. Алар жаңы синапсты, жаңы нейрондук байланыштарды түзөт. Биз оюн тамаша маанайда болгонубузда биз өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүздү эң жакшы жагынан көрсөтүп жатабыз»,-дейт Бургдорф.

Cute white rats

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Келемиштер аларды кытыгылаганда күлгөнгө окшогон чыйылдаган үн чыгарары байкалган.

Келемиштер аларды кытыгылаганда чыйылдаган үн чыгарганы алардын юмор сезими бар дегенди билдиреби? Жаныбарлардын азил сезими анекдоттордо эле айтылат, чоң изилдөөлөр аз. Жаныбарлардын реакциясы өзгөргөнүн түшүнүү татаал. Лаумердин изилдөөсүндөгү маймылдар жөн эле ойноп жатышабы же эс алгысы келдиби, же өзүнө көңүл бурдуруу ыкмасыбы?

«Жаныбарлардын азил сезими бар деп мен эсептеймби? Ооба, бар деп ойлойм, бирок аны далилдөө кыйын»,-дейт Бекофф.

«Мисалы, мен эки итке тамак берип атканда, бирөө каалганы карай чуркап үрүп чыкканын көргөм. Экинчи ит эмне болду экен дегенсип чуркап барганда, биринчи ит артка жүгүрүп келип анын тамагын жеп коет. Бул азил сезимдин көрүнүшү деп айтсак болот, биринчи ит ушундай амалкөйлүк менен көп тамак жесе болорун түшүндү да», -дейт говорит Бекофф.

Азил сезими жаныбарларда эволюция болуп жатабы деген да суроо болушу мүмкүн. Адамдарга күлкү өз ара жакындашканга, мамилени жумшартканга жардам берет эмеспи.

Жаныбарларда да азил ушундай роль аткарышы мүмкүнбү?

«Адамдарда күлкү тамаша социалдык тоскоолдуктарды жоюп, мамилени бекемдейт»,-дейт Лаумер. «Маймылдарда же башка жаныбарларда да ошондойбу, аны билбейбиз. Бирок мындай болушу да ыктымал. Аны билиш үчүн жаныбарлардын топторуна жана ар кандай түрлөрүнө байкоо салып, изилдөө кылыш керек». (МА)