Израил Рафахка басып кирүүнүн мөөнөтүн жарыя кылды

Рафахтын жашоочулары Израил качан басып кирерин так билбей жаткан. Израилдин аскер кеңешинин мүчөсүнүн билдирүүсүнөн кийин анын убактысы белгилүү болду.

Бенни Ганц Иерусалимде сүйлөп жатып, эгер барымтадагы израилдиктер Орозо айынын башына чейин бошотулбаса, анда Рафахка согуш келерин билдирди.

Израилге болжол менен 1,3 миллион адамды эвакуация кылуу планын иштеп чыгып аткарганга үч апта керек болот, Байдендин администрациясы аскерди киргизерден мурда ушундай болсун деп талап кылууда. Израилдин аскери Газа жана Хан-Юнис шаарында да ушундай кылышкан. Бирок ар бир жолу он миңдеген адам ордунда калып, миңдегендери ажал тапты.

Бул шаарларда Израил карапайым жашоочуларга түштүккө качууну буюрган. Ал эми Рафахта, Газанын түштүк четинде, эки эле вариант бар: же батышка жана түндүккө ээн кумга барып, өзүн коргошу керек. Же болбосо Египетке өткөнгө аракет кылуу керек, бирок бул жактын бийлиги чек арада бекем тосмолорду коюуда.

Израилдин аскердик кабинети коопсуздукка жооп берген жогорку кызмат адамдарынан турат. Ал 7-октябрда ХАМАС Израилге кол салып, кеминде 1200 адамды өлтүрүп, 253 адамды барымтага алып кеткенде түзүлгөн. Израилдин маалыматы боюнча ХАМАС Газа тилкесинде 130 адамды барымтада кармап турат.

Бирок Израилдин расмий адамдары эвакуациянын эч кандай планын беришкен жок.

Орозо айына чейин туура үч апта калды. Рафахтан келген кабарларда адамдар батышка кетип жатканы айтылат, бирок көпчүлүк каякка барып баш калкалашты дагы эле билбейт.

Эл аралык кысымга карабастан, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Рафахка кургактан чабуул коюп, андагы ХАМАС согушкерлерин жок кыларын билдирүүдө.

Египет жана башка араб өлкөлөрү Израил Рафахка басып кирсе, көптөгөн палестиндиктер Египетке сүрүлөт деп каршы болууда. Сауд Аравия Рафахка чабуул башталса, анын кесепети оор болот деп эскертти.

Палестиндер оор шартта жашаган Рафахка чабуул коюудан баш тартууга Израилге эл аралык деңгээлде көп чакырыктар болууда. Израил ХАМАСка басып кирген 7-октябрдан бери Газа тилкесинин көп бөлүгү талкаланды.

ХАМАС башкарган саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча согуш башталгандан бери 28 миңден ашык палестиндик өлдү, анын ичинде көбү аялдар менен балдар. Жарадар болгондор 68 миңден ашты.

Министрликтин кабарына караганда, соңку 24 саатта эле кеминде 127 палестиндик өлтүрүлдү, 205 жарадар болду.

Газа тилкесинде согуштун уланып жатканына карабастан, соңку күндөрү Каирде Израил менен ХАМАСтын ортосунда кан күйгөн урушту токтотуу аракеттери болууда. Катардын ортомчуларынын айтымында, сүйлөшүүлөрдө жылыш бар, бирок «олуттуу» деп айтканга болбойт.

Нетаняху сүйлөшүүлөргө Израилдин адамдарын АКШнын президенти Жо Байдендин өтүнүчү боюнча жибергенин, бирок ХАМАСтын талаптары «сандырактык» болгондуктан, алар кайтарып барышпаганын билдирди.

ХАМАС өз кезегинде ок атышууну токтотууда жылыш болбой жатканына Израилди күнөөлөп жатат. (КС)