«Жакшы айтсаң укпаса, тополоң саласың да». Франциядагы геттонун жашоосу

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Мурад Шишани
- Role, BBC World Service
Франциядагы тополоң учурунда 3400дөн ашык адам кармалды. Юстиция министри прокурорлорду тополоң салган ээнбаштарга катуу чара көрүп, зомбулук жана вандализмге айыпталгандарды түрмөгө кесүүгө чакырды.
Кармалгандар арасында фельдшерлер, ресторан кызматчылары, завод жумушчулары, студенттер жана жумушсуздар бар. Алардын көбү Наэль сыяктуу жашы жете элек өспүрүмдөр, орточо курагы 17 жаш, кээ бири 12ге эми чыккандар.
Тополоңдун токтоп калганы француз коомунун ичиндеги жиктелүүнүн көйгөйү азайды дегенди билдирбейт. Франциянын көп шаарларында кадимкидей эле геттолор бар, анда жашагандар жакшы иш, жакшы акча табууга үмүтү кылбай калышкан. Би-Би-Синин араб кызматынын кабарчысы Мурад Шишани өткөн аптада полиция өспүрүмдү атып өлтүргөн Нантер шаарына барып, анын Би-Би-Синин араб кызматынын кабарчысы Мурад Шишани өткөн аптада полиция өспүрүмдү атып өлтүргөн Нантер шаарына барып, анын жашоочуларынын күйүт-армандарын угуп келди.
Мен Нантерди аралап баратам, жолдо өрттөлгөн автонуулардын калдыктары жайнайт. Куйкаланган металлдын, эрип кеткен эшиктин, бырчаланган айнектин сыныктары жатат.
Каякка караба, бир апта бою болгон тополоңдун издери жатат. Париждин батышындагы бул чакан шаар полиция атып өлтүргөн өспүрүм Наэлдин үйү болчу.
Анын атын дубалдарга кара жана кызыл боек менен «Наэлге акыйкаттык болсун» деген сөздөрдү кошуп, бадырайта графити стилинде жазып коюшкан,
Биз жолуккан жергиликтүү жашоочулар полицияга да, журналисттерге ишенбейт. Бир өспүрүм бизди кетип калгыла деп кыйкырды. Жалгыз эле ал эмес, башкалары да бизди сак болуубузду эскертип, камерабыз бизди бута кылып коерун айтышты.
Париждин бай жана ишкер району Ла-Дефанс бул жакка катарлаш жайгашкан, бирок ал башка дүйнөдөй көрүнөт. Наэлдин өлүмү француз коомунда терең жиктелүү бар экенин көрсөттү.
«Биз дагы алардай эле кишибиз»

20 жаштардагы бир жигит бизге эшигин ачып кичине болсо да сүйлөшкөнгө аракет кылып баштаганыбызда, андан улуу эркек басып келди. Жашыраагы сүйлөй берди, бирок атын айткысы келбеди. Биз аны Абдул деп атап койдук.
Абдул Наэлге кошуна жашагандардын бири жана каршылык акцияларына катышты. Ал күч колдонууну каалаган эместигин, бирок бийликтин көңүлүн буруш үчүн башка жол калбады дейт.
«Бизди угушпайт, айтканыбызга көңүл бурушпайт. Жакшылыкча чечүү ыкмалары бул жерде иштебейт, ошондуктан тополоң салып жатабыз»,-дейт.
«Биздин кыжырыбыз кайнап турат, алар билсин ушуну … бейкүнөө адамдарды өлтүрө бергенди, бизге, караларга жана арабдарга расизмди токтотушсун».
«Биз буга мындан ары чыдабайбыз, биз алардай эле кишибиз».
"Бөлөк-бөтөн болуп жерилгендер"

Наэл өзүнүн үй-бүлөсү менен жашаган Пабло Пикассо районундагы бийик үйлөрдө 12000 чамал адам жашайт, алардын көбүнүн теги араб жана Африкадан чыккандар.
Бул 1970-жылдары курулган, элдин саны өсүп жаткан убак, Франция мигранттарды ушинтип жайгаштыруусу керек болгон.
Бул жерден мунаралардын биринде жашаган коомдук активист айым Фатиха Абдунини жолуктурдук.
«Биз өрттөп же талкалаганды каалаган эмеспиз»,-дейт ал. - "Бизди дайыма басмырлап, кысымга алышат, кыжырыбыз кайнап турат».
52 жаштагы Фатиха Алжирден Францияга 20 жыл мурда көчүп келген. Анын айтымында, мугалимдер анын дислексик баласын «бул эч каякка жарабайт» деп кол шилтеп коюшкандан кийин мигранттардын укугун коргоп коомдук активист болуп кетти.
«Наэлдин өлүмү биздин ичибиздеги күйүттү жалындаткан учкун болуп калды»,-дейт ал.
Фатиха көп жылдан бери тамырлап калган расалык басмырлоону жана жашоодо теңчилик мүмкүнчүлүктөр болбой жатканын айыптоодо.
Биз менен сүйлөшкөн Пабло Пикассонун жашоочулары француз коому аларды бөлөк-бөтөн деп жерип, басмырлай бергенде ар кандай кылмыштарга барып, баңгизат сатып жан сактоодон башка арга калбаганын айтууда.
Биз көп кабаттуу үйлөрдүн биринин эшигин кайтарып турган беткапчан адамды жана полициянын келишин күтүп кароолдо турган мотоциклен дагы бирөөн көрдүк.

Жергиликтүү кофейканаларда жашоочулар мигранттардын жашоосундагы көйгөйлөрдү ачык талкуулашат.
Биз Париждин түндүк-чыгышындагы тополоң болгон Обервильедеги кофейканага кирдик.
Абдлеразак менен Фади Францияга ууру жол менен келишкен. Алар Франциянын жарандары эмес, бирок алардын да арыз-дооматтары окшош.
«Сиздин укугуңузга бул жерде эч ким карабайт, анткени сен арабсың. Бүт жерде расизм. Француздар бизди кабыл алгысы келбейт, биз бул жакка эмнеге иштегени келдик деп кейийбиз», — дейт Абдлеразак.
Анын айтымында, полиция мигранттарды киши катары көрбөйт: «Кээде полициячылар бизге себеби жок эле тийишет, кармашат, келеке кылышат. А биз алар менен өзүбүздүн акцент менен французча сүйлөшөлү десек, бизди уккулары да, түшүнгүсү да келбейт».
Фади болсо мындай деди: «Ал түгүл ушул жерде төрөлүп, француз паспортун алган арабдар дагы эки ортодо чайналууда: алар же араб эмес, же француз эмес, ара жолдо калышкан. Бул тамырын, тегин унутуу».
Биз бул айыптоолорду полицияга айтканыбызда алардын жообу мындай болду: «Расизм менен дискриминация Франциянын улуттук полициясынын баалуулугу эмес»,-дешет. Алар өз кезегинде эрегишүү чыр-чатакты эскалацияга алып келет деп эскертишти.
Алар өздөрүнүн катарындагы кемчиликтер менен жигердүү күрөшүп, «ээнбаштар» бар болсо, алар «катуу жазаланып» жатканын айтууда. (КС)













