ФБР архиви: Королева Елизавета II АКШ сапарында кол салууга кабылганбы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бул аптада ФБР өткөн жылы каза болгон королева Елизаветанын АКШга болгон бир нече иш сапарын камтыган өтө жашыруун документтерди ачыкка чыгарды.
ФБР документтердин айрым бөлүгүн Ирландия республикалык армиясынан (Түндүк Ирландиянын эгемендиги үчүн күрөшкөн аскердик топ) изилдегенин белгиледи.
1983-жылы Сан-Франциского королева Елизавета менен анын күйөөсү принц Филипп келе турган иш сапарга бир ай калганда коркутуулардын бири тууралуу маалымат келген.
Шаардагы ирланд пабына көп барган полиция кызматкери ФБРге маалымат берип, пабда жолуккан ирландиялык киши Түндүк Ирландияда желим октон каза болгон кызынын өчүн алуу үчүн королеваны өлтүргүсү келгенин айткан.
"Ал Королева Елизаветага зыян келтирмек болду, же Алтын дарбаза көпүрөсүнөн өтүп бара жаткан Britannia падышалык кемеге бир нерсе ыргытып, же Йосемит улуттук паркына барганда королева Елизаветаны өлтүрүүгө аракет кыла турганын айтты", - деп жазылат документте.
Бул коркунучтан улам британ чалгын кызматтары королдук кеме өтүүчү учурда Алтын дарбаза көпүрөсүн жөө жүргүнчүлөр үчүн жабууну чечкен.
Йосемит улуттук паркында кандай чаралар көрүлгөнү документте айтылбайт, бирок королева ал жакка барганы жөнүндө маалыматтар чыккан. Аны өлтүрөм деп коркуткан адамдын кармалганы тууралуу да маалымат жок.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Королева Елизаветтанын аталаш тууганы жана принц Филипптин агасы лорд Маунтбеттен 1979-жылы Түндүк Ирландиядан чыккан куралчан топ тарабынан Ирландияда кемеде жардырылып өлтүрүлгөн.
Жарыяланган документтерге караганда, ФБР королеванын өмүрүнө жана ден соолугуна радикалдуу ирландиялык топ тарабынан келе турган коркунучка абдан олуттуу мамиле жасаганын айтууга болот.
Мисалы, 1989-жылы королеванын Кентуккиге жеке иш сапарынын алдында ФБР жетекчилиги британ монархына каршы ирландиялык радикалдуу топтун коркунучу олуттуу бойдон турганын эскертип, Бостон менен Нью-Йорктогу бөлүмдөргө бул топтун мүчөлөрүн кылдаттык менен көзөмөлдөп, Кентуккиге дароо маалымат берүүнү тапшырган.
Королеванын күлүк аттары көп болчу, Кентуккиге бир нече жолу ат жарыштарга, анын ичинде атактуу Kentucky Derby барган.
ФБРдин кызматкерлери NBC News телеканалына маалымат берип, ушул аптада дагы кошумча документтерди ачыкка чыгара турганын айтты, бирок так качан чыга турганы белгисиз. ( ErA)










