Елизавета II: улуу вазийпа жана эли үчүн кызмат

королева

Сүрөттүн булагы, BARON/CAMERA PRESS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Елизавета II

Елизавета II королеванын узакка созулган башкаруусу анын өз вазийпасына болгон жоопкерчилиги жана бүт өмүрүн тактыга жана өз элине жумшоого болгон умтулуусу менен мүмкүн болду.

Көпчүлүк үчүн королева Британиянын таасири кетип бара жаткан бат өзгөрүлмө дүйнөдө туруктуулуктун символу болду. Коомчулук такыр таанылгыс болуп өзгөрүп, монархия институнун ролу да суроо алдында калды.

Королева монархияны борондуу мезгилдерден ийгиликтүү алып чыга алды. Бирок Елизавета жаңы төрөлгөндө ал тактыга отурарын эч ким болжогон эмес.

Елизавета Александра Мэри Виндзор - Йорк герцогу, Георга V экинчи уулу Альберттин тун кызы эле. Анын апасы леди Елизавет Боуз-Лайон болчу. Болочок королева 1926-жылы 21-апрелдеЛондондогу Беркли-сквериндеги үйлөрдүн биринде туулган.

Кичине принцесса Елизаветанын жөрөлгөлөрдүн бири аткарылып жаткан маалда ата-энеси менен түшкөн сүрөтү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кичине принцесса Елизаветанын жөрөлгөлөрдүн бири аткарылып жаткан маалда ата-энеси менен түшкөн сүрөтү

Елизавета жана анын 1930-жылы туулган сиңдиси Маргарет Роуз мээримдүү үй-бүлөдө чоңойуп, үйдөн билим алышкан. Елизавета атасына жакын болчу. Чоң атасы король Георг V менен да жылуу мамиледе эле.

Алты жашында Елизавета атка мингенди үйрөткөн машыктыруучусуна "мышыктары, жылкылары көп" айылда жашагысы келгенин айткан. Ал кичинесинен эле өтө жоопкер болуп өскөнү эскеришет.

Ал кезде Британиянын болочок премьер-министри Уинстон Черчилль айткандай ал кичине бала үчүн өзүнүн кадыр-баркын абдан жакшы аңдап билчү.

Елизавета мектепке барган эмес, бирок чет тилдерин үйрөнүүгө абдан жөндөмдүү эле. Мындан сырткары Британ мамлекетинин тарыхын жана укукту зор кызыгуу менен окуган. Елизавета өзү теңдүү кыздар менен мамиле курушу үчүн скаут кыздардын отряды да түзүлүп, ал "Букингем сарайынын биринчи отряды" деп аталган.

 Принцесса Елизавета жана сиңдиси Маргарет 1940-жылы Экинчи дүйнөлүк согуштун маалында британдыктарга кайрылуу жасап жаткан чагы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Принцесса Елизавета жана сиңдиси Маргарет 1940-жылы Экинчи дүйнөлүк согуштун маалында британдыктарга кайрылуу жасап жаткан чагы

Тактыга мураскер кризиси

Елизаветтанын чоң атасы Георг V каза болгондо, анын тун уулу Дэвид король Эдуард VIII болуп калды. Бирок ал үйлөнө турган аял эки жолу ажырашкан америкалык аял Уоллис Симпсон эле. Анын мындай тандоосу саясий жана диний жактан дагы королеванын ролуна ылайык эмес болду.

Ошентип 1936-жылдын аяк жагында Эдуард VIII тактыдан баш тартты.

Принцесса Елизавета менен сиңдиси Маргареттин атасынын тактыга отуруп жаткан кезде тартылган сүрөтү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Принцесса Елизавета менен сиңдиси Маргареттин атасынын тактыга отуруп жаткан кезде тартылган сүрөтү

Елизаветтанын атасы Йорк герцогу король болууга анча деле ашыккан эмес. Бирок Георг VI коронациясы принцессага аны келечекте эмне күтөрүн көргөзгөндөй болгон. Кийин өспүрүм кыз азем тууралуу "ал укмуштуудай" болгонун жазат. Согуш алдында Европада чыңалуу күчөп жаңы королдун алдында монархияга ишенимди күчөтүү милдети турду. Атасынын бул умтулуусу анын тун кызына үлгү болду.

1939-жылы 13 жаштагы принцесса Елизавета Дартмуттагы королдук деңиз колледжине келет. Елизавета менен Маргаретти грек принци Филипп коштоп келет. Филипп колледжин кадеттеринин бири эле жана ал принцессаларга алыскы тууган да болуп кетет.

Тоскоолдуктар

Филиппти Елизавета мурда деле таанычу, бирок биринчи жолу ага жакшылап көңүлүн бурду. Принц Филипп согуш маалында флотто кызмат өтөп жүрүп, макамдуу туугандарына 1944-жылы, Елизавета 18 жашка чыкканда жолугуп кеткен. Бирок ал кезде Елизавета аны жактырганы анык болуп калган эле, себеби кыздын бөлмөсүндө Филипптин сүрөтү илинип турчу. Алар кат алышып келишкен.

Принцесса Елизавета менен принц Филипп Маунтбаттендин тою согуштан кийинки оор жылдардагы зор окуя болгон эле

Сүрөттүн булагы, PA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Принцесса Елизавета менен принц Филипп Маунтбаттендин тою согуштан кийинки оор жылдардагы зор окуя болгон эле

1945-жылы Елизавета британ армиясынын "Аялдардын көмөгү" аймактык корпусунда кызмат өтөй баштайт. Бул жерде ал оор жүк ташуучу машинаны айдаганды үйрөнөт.

Ошол эле жылы Европа фашисттик Германиянын жеңилишин майрамдап, Елизавета Букингем сарайынан аскердик форма менен чыгып эл арасында майрамдап кеткен, аны эч ким тааныган эмес.

"Ата-энебизден үйдөн чыгып келүүнү сурандык. Бизди таанып калышабы деп коркконум эсимде. Уайтхолл көчөсү менен бейтаныш адамдар кол кармашып өткөнү эсте, ошондо биз бактылуу болуп, жеңилдегендей сезгенбиз" ", - деп эскерет кийин Елизавета.

Согуштан кийин болочок королевага Филиппке турмушка чыгуу оңойго турган жок. Король сүйүктүү кызынан ажырагысы келбеди, Филипп болсо анын чет элдик экенине жана анын үй-бүлөсүнүн нацисттер менен болгон байланышына карата саясаттагы салкын мамилени жеңүүгө туура келди.

Атасынын өлүмү

Тоскоолдуктарга карабай 1947-жылы 20-ноябрда Вестминстер соборунда алардын тою өтөт. Принц Филипп Эдинбург герцогу титулун алат, бирок флоттогу аскердик кызматын уланта берет. Аны Мальтага жөнөтүшөт, кыска убакытка түгөйлөрдө тынч жашоо өкүм сүргөндөй болду.

1948-жылы алардын туну Чарльз, 1950-жылы Анна төрөлөт.

Бирок согуш жылдары кыйынчылыкты баштан өткөргөн король катуу ооруп калат. Тамекиини көп чегип, өпкөсү ракка чалдыгат.

1952-жылы январда 25 жаштагы Елизавета менен Филипп чет элге сапарга чыгат. Король дарыгерлердин кой дегенине карабай аларды узатып аэпортко келет. Елизавета анда атасын акыркы жолу көрүп жатканын билген эмес. Атасы каза болгонун ал Кенияда сафариде жүрүп билген.

"Менде тажрыйба арттыруу убактысы болгон жок. Атам жаш өтүп кетип, баары тездик менен орун алды. Дароо жумушка кириштим жана аны болушунча жакшы аткарууга аракет кылдым", - деп эскерген жайы бар.

Австралия жана Жаңы Зеландия

Елизаветаны тактыга отургузуу аземи 1953-жылы сыналгы аркылуу да көрсөтүлгөн. Бирок ага ал кездеги премьер-министр Уинстон Черчилль каршы болгон.

Миллиондогон көрүүчүлөр экран алдына чогулуп, Елизавета II кантип ант берип жатканын көрүүгө ашыгышкан.

 Елизаветанын тактыга отуруу аземи 1953-жылы британдык сыналгы аркылуу көрсөтүлгөн

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Елизаветанын тактыга отуруу аземи 1953-жылы британдык сыналгы аркылуу көрсөтүлгөн

Елизаветанын тактыга отуруу аземи 1953-жылы британдык сыналгы аркылуу көрсөтүлгөн. Согуштан кийин калыбына келе элек Британия үчүн Елизаветанын коронациясы жаңы доорго өтүүнүн башатындай болгон.

Экинчи дүйнөлүк согуш Британ империясынын ыдырашын шарттады, 1953-жылы ноябрда королева Британ улуттарынын шериктештигине сапарга чыгат. Мурнку колониялар, анын ичинде Индия дагы көзкарандысыздыкка жеткен эле.

Елизавета Австралия жана Жаңы Зеландияга барган аракеттеги биринчи монарх болуп калды. Королеваны өз көзү менен көрүү үчүн Австралиянын көчөлөрүнө калктын үчтөн бири чыккан.

1950-жылдары шериктештикке жаңы өлкөлөр кошулат. Мурунку колониялар жана доминиондор өз эрки менен жаңы үй-бүлөгө кошулат. Андагы көп саясатчылар бул биримдик ошол кездеги Европалык экономикалык коомчулукка тең ата боло алат деп эсептешкен.

Британ саясаты анда кандайдыр бир деңгээлде Европадагы континеталдык саясаттан четтеп калган эле. EK