Россия Жапонияга ракеталык күчүн көрсөттү

Россия Жапон деңизинде аскердик машыгуу учурунда канаттуу эки ракетасын учуруп сыноо өткөрдү. Бул Москванын Токиого аскердик күчүн көрсөтүүнү максат кылган өзүнчө бир эскертүүгө окшоп турат.

Россия чыгыштагы жээктеринде аскердик машыгууларды байма-бай өткөрүп келатат. Бирок Жапония соңку убакта мындай активдүүлүк күчөп жатканын билдирүүдө.

Эки өлкөнүн ортосунда түйүндүү маселелер бар, анын ичинде көп жылдан бери чечилбей келаткан жер талаш бар. Россия ошондой эле Жапониянын аскердик максатка жумшаган чыгымдары көбөйүп жатканына кабатыр болууда.

Россия Украинага басып киргенден бери Токио Киевди колдоого алып жатканы Москваны кыжаалат кылбай койгон жок.

Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида Киевге өткөн аптада эле келип, Украинанын колдоп жаткан батыш өлкөлөрү менен Жапониянын тилектеш экенин көрсөттү.

Талашка түшкөн аралдар

Орусияда "Түштүк Курил аралдары", Жапонияда "Түндүк ээлик" деген ат менен белгилүү аралдарды экинчи дүйнөлүк согуштан кийин совет жоокерлери ээлеп калган.

Жапония бул аралдарды кайтарып берүү жөнүндө маселени мүмкүнчүлүк болгон жердин баарында коюп келатат. Жапония жетинчи февралды "Түндүк Ээликтерге арналган күн" деп атап, миң сегиз жүз элүү бешинчи жылкы макулдашууга таянууда.

Хоккайдонун түндүгүндө жайгашкан аралдарды советтик жоокерлер экинчи дүйнөлүк согуштун соңку күндөрүндө ээлеп алган. Ошондон бери эки өлкө тынчтык келишимине кол кое элек.

2019-жылы Жапониянын премьер-министри Синдзо Абе Москвага келгенде тынчтык келишимин сүйлөшүп, талаштуу аралдардын тагдыры да талкууланган.

Курилдин курамында элүүдөң ашык чоң жана кичине аралдар бар. Токио анын ичинен Итуруп, Кунашир, Шикотан аралдарын, ошондой эле Хабомаи архипелагын кайтарып алгысы келип жатат.

Үч сааттан ашык сүйлөшүүдөн кийин эки тарап эч кандай бүтүмгө келе алган эмес.

"Албетте, тынчтык келишимин түзүүнүн келечегин талкууладык", - деген орус президенти буга "көп убакыт бөлүнгөнүн" баса белгилеген. (КС)