"Эң оор жыл болот". Венгрия Россия менен алаканы үзбөйт

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Будапештте калкына жылдык кайрылуу жасап, Европа Россия менен кыйыр согуш абалында турганына карабастан, Венгрия НАТО менен Евробиримдиктин мүчөсү экенине карабай, Россия менен экономикалык алаканы жүргүзө берерин билдирди. Орбан Украинадагы согушту токтотуп, тынчтыкты орнотууга чакырды.

Би-Би-Си кабарчысы Ник Торптун кабарына караганда, "Тынчтык жана коопсуздук" деп бадырайта жазылган ураан астында чыгып сүйлөгөн Виктор Орбан өткөн жылы шайлоо алдында ага чоң колдоо алып келген, бирок чет өлкөдө кескин сынга кабылган ураан-чакырыктарын кайра кайталады.

Орбан "Россия Венгрияга жана бүтүндөй Европага коркунуч туудурат деген божомолдорго кошулбай турганын" белгиледи. Анын айтымында, Украинадагы куралдуу конфликт "россиялык күчтөр НАТОго кол салууга чамасы жоктугун" көрсөттү, ал эми украиндер Россиянын коркунучу жөнүндө ашыкча билдирүүлөрдү жасап жатат.

Орбан ошондой эле Украинадагы конфликт "өзөктүк курал коркунучун көбөйтпөйт да, азайтпайт" деп эсептейт.

Ал ошондой эле Венгрия Украинага курал бербей турганын жана конфликт зонасына өзүнүн аймагы аркылуу курал-жарак өткөрбөй турганын ырастады. Будапешт мындан мурда деле мындай маселелер НАТОнун мүчөлөрүндө өз алдынча кабыл алынышы керек деп эскертип келаткан.

Ал ЕБ Россия менен кыйыр согуш абалында турганына карабай, Венгрия коңшулаш Украинадагы согуштан четте турушу керек деп жатат. Ал Европанын профсоюз лидерлери менен АКШнын өкмөтүн Венгрияга адилетсиз түрдө кысым кылып жатат деп айыптап, Венгрия Россия менен экономикалык алаканы, анын ичинде мунай газ жана өзөктүк кызматташтыгын уланта берерин билдирди.

"Биз Россия менен экономикалык мамилелерди уланта беребиз жана өзүбүздүн союздаштарга да аны сунуш кылабыз", - деди венгр өкмөтүнүн башчысы М1 телеканалы көрсөткөн 45 мүнөткө созулган сөзүндө.

"2023-жыл Чыгыш Европада 1989-жылы коммунизм кулагандан кийинки эң оор жыл болот",-деп эскертти Виктор Орбан. (КС)