K-pop жылдызы Жин аскерге жөнөдү

- Author, Жин Маккензи
- Role, Сеулдагы кабарчы
30 жаштагы Жин аскерге кетер алдында чачын кыска кырдырган сүрөтүн социалдык тармакка жарыялап, "бул мен күткөндөн да сүйкүмдүү көрүнөт экен" , - деди.
Түштүк Корея коңшусу Түндүк Корея менен техникалык жактан дагы эле согушуп жаткандыктан бардык жарамдуу эркектер аскердик кызматты өтөөгө милдеттүү.
Жин Түндүк Кореянын чек арасына жакын жайгашкан лагерде беш жумалык машыгуусун баштады. Андан кийин чек арага жакын фронттук бөлүккө дайындалат. Ал катталган Йончон окуу лагеринде жаңы келгендер 30 кишилик казармаларга жайгаштырылат. Алар аскердик ок-дарыларды колдонгонду, курал-жарактан атканды үйрөнүшөт.
Курсанттар бизге алар кездешкен эң татаал тапшырмалар: газ камерасында мөөр басуу, CS газында өзүн сыноо жана гранатаны жардыруу болгонун айтышты.
"Мен гранатаны кармаганда, өзгөчө анын канчалык күчтүү экенин билгенде абдан толкундандым. Жалпысынан, моралдык жактан жакшы болсо да, физикалык жактан абдан оор болду", - дейт өткөн жылы Ёнчондогу машыгуусун аяктаган 22 жаштагы Янг Су Ён.
Ал өзүнүн кызматын DMZде, эң алдыңкы позициялардын бири болгон 5-жөө аскерлер дивизиясында өтөгөн. Түнү бою күзөттө туруп, аркы өйүздөгү түндүк кореялык аскерлерге тынымсыз байкоо жүргүзүп турган.

Сүрөттүн булагы, EPA
Түндүк жана Түштүк Кореяны демилитаризацияланган аймак (DMZ) деп аталган кең тилке бөлүп турат. Эки тарабы тең мыкты куралданып, тикенектүү зым менен тосулуп турат.
Янгдын айтымында, Түндүк Кореянын аскерлерине байкоо салуу менен өзүнүн алып жаткан тажрыйбасына ыраазы.
"Алардын биздикиндей техникалары жок болгондуктан, бардык жумуштарды өзүлөрү колго жасашчу. Аскерлерин бетке чаап, тепкилеп жаткандарын да көрүп, аларга боорум ооруйт эле».

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бирок Жиндин кызматы кыш мезгилине туура келгендиктен суук менен күрөшүүгө туура келет.
«Эшикке чыкканда кирпиктерибиз тоңуп калчу",- деп, Янг -20 градустан төмөн болгон аба ырайында кар күрөп жүргөн күндөрүн эстеди.
Хэо Сонгён 2018-жылдан 2020-жылга чейин 6-корпусту башкаруу борборунда кызмат өтөгөн. Жарым жыл командалык борбордун кире беришин кайтарган:
"Аябай зериктирген жумуш болчу. Асманды тиктегенден башка эч нерсе кылчу эмесмин", - дейт Хео.
Алты айдан кийин логистикалык топко которушуп, кездеме, байпак менен камсыздоо иштерине жооптуу кылып коюшкан.

Сүрөттүн булагы, Heo Sungyoung
Бир нече ай бою Түштүк Корея өкмөтү BTS тобундагы жылдыздарга аскердик кызматты өтөбөй коюууга уруксат бериши мүмкүн деген имиштер айтылып келген. Анткени алар ансыз деле буга чейин өз өлкөсүнө кызмат кылып, миллиарддаган доллар киреше таап келишкен. Андан көрө, чыгармачылыгын улантышса өлкө үчүн абдан пайдалуу болмок.
Бирок октябрь айында BTS мүчөлөрү аскерге барууну чечип, эң улуусу катары Жин биринчи болуп жөнөй турганын жарыялашкан.
Мурда атактуулар үчүн атайын бөлүм бар болчу. Ал жакта өзүлөрүнүн чыгармачылыгына жакын иштер менен алектенишчү. Бирок айрымдары милдеттерин так аткарбагандыктан коомдо нааразылык пайда болуп, 2013-жылы бул нерсе жоюлган.
"Убакытты текке кетирбедим десем, калп айткан болот элем. Эгерде менде дагы бир жолу тандоо болсо, мындай кылмак эмесмин. Өзүмдүн эркин жашоомдо 18 айдын ичинде көп нерсени үйрөнүп алмакмын ", - дейт Ян.
"Менин Жинге кеңешим - аяктоо мөөнөтүн күтүп, анын тез өтүп кетишин тилесин."
Бирок логистикалык командадан Хео көп пайдалуу нерселерди алган. Башында 20 жаштагы көптөгөн эркектер сыяктуу эле, "эмнеге ал жерге барышым керек? "- деп ойлочу. Бирок акырында баалуу сабактарды алганын айтты.
"Мектепте бир тектүү адамдар менен гана аралашчумун, ал эми аскерде болсо ар кандай, түрдүү адамдар бар. Ошондо дүйнөнүн канчалык чоң жана түрдүү экенин түшүндүм",- дейт Хео.
Анын Жинге кеңеши - тажрыйбадан ырахат алуу.
"Белгилүү жылдыз болгондуктан катардагы адамдар менен таанышып, баарлашууга мүмкүнчүлүгү болгон жок. Аскердик кызмат ага бул жагынан пайда алып келет деп ойлойм".
Социалдык тармактарда миңдеген күйөрмандар Жинге өз кеңештерин айтып, аны сагынарын жазышты.
"Сак болуңуз, жетиштүү жылуу кийим жана дары-дармекти дайыма жаныңызга ала жүрүңуз, кесиптештериңиз жакшы мамиле жасашат деп ишенем. Кайтып келишиңди чыдамсыздык менен күтөбүз", - деп жазган Малия Лия. (NR)








