"Биз барбыз": Психопат аялдын ыймандай сыры

Сүрөттүн булагы, Somsara Rielly
- Author, Мега Мохан
- Role, Гендер жана иденттүүлүк маселелери боюнча кабарчы
Тик-Токто жарыяланган роликтерде адамдар психопатты кантип тааныш керектигин айтып, пикир бөлүшүүдө. Бирок психопатиянын клеймосу айрыкча аялдарга карата көп айтылары анчалык көп изилденбеген тема.
Виктория өзүнүн жолугушуп жүргөн жигитинин аялын билчү, бирок эки жылдан кийин анын башка дагы ойноштору бар деп шектене баштады. Анын кашкайган далилдери деле жок болчу, бирок жигитинин жүргөн турганынан эле билинип атты. Сөзүнөн чалынып, айткандары туура келбей. Ал калп айтып жатканда өңү да башкача болуп кетчү.
"Ал калп айтканды да билчү эмес. Аны аялы эмнеге кармап албаганын мен түшүнбөйм»,-дейт Виктория.
Ары ойлонуп, бери ойлонуп отуруп, Виктория жигитине көргүлүктү көрсөтүүнүн бир амалына токтолду. Буга бир топ убакыт керек, ал сыр алдырбай, эчтеке болбогондой түр менен жүрүшү керек. Бир нече ай жолугушуп жүрүп, Виктория жигитинин жылаңач түшкөн сүрөттөрүн анын аялына жибере берди.
Жигити аны Викториядан көргөн жок, жолукканда ким муну жасады экен деп аябай көңүлү чөктү. Ал эми анын аялына турмуштагы эң катуу эле сокку болду. Ойношу Викторияга башка аялдар менен жолугушуп жатып жүргөнүн айтып мойнуна алды. Ал Викториядан шек санаган жок, ошондуктан ал сооротуп көңүлүн жубатып койду.
Акыры ал тажап, жигити менен мамилесин токтотууга даяр болуп калганда, ойнош жигитинин аялына толтура сүрөттөрдү салып жиберет. Анын акыркы бир сүрөтүн жигити экөө эле билчү. Мына ушундай жүрүш жасап Виктория ойношунан биротоло кетти.
Ал бул окуясын башкаларга айтып бергенде, анын мындай жеңил ойлуулугун туура эмес көргөндөр көп болду. "Менден эмнеге мындай кылдың деп сурашты. Анын аялы сага анчалык эмне кылды? Анын эмне жазыгы бар?",-дейт ал.
Ал үн катпай бир аз ойлонуп отуруп калды.
«Менимче, бул мендеги психопатиялык мүнөздүн чегине жеткендеги мисалы. Мерездик».

Сүрөттүн булагы, Somsara Rielly
Психопатия психикалык ден соолуктун расмий диагнозу эмес, психикалык оорулардын диагностикалык жана статистикалык тизмесинин бешинчи соңку басылмасында да көрсөтүлгөн эмес. Ошого карабастан бул термин клиникалык чөйрөдө көп колдонулат.
Кеңири маанисинде алганда бул нейропсихиатриялык бузулуу, адам абдан таш боор болуп калат, ошондуктан көп учурда коомго каршы, кээде кылмыштуу аракеттерге алып келет. Бул термин Европадагы жана АКШдагы дарыгерлер тарабынан 1900-жылдардын башында колдонула баштап, 1941-жылы жалпы кабыл алынып калды.
"Дүйнөнүн эн алдыңкы окумуштуулары психопатиянын аныктамасы жөнүндө талашып-тартышууда,-дейт Вашингтондогу Жоржтаун университетиндеги психолог жана нейробиолог Эбигейл Марш. «Психопатия жөнүндө психолог же криминалист менен сүйлөшсөңүз, ар башка түшүндүрмө аласыз".
Доктор Марштын айтымында, криминалдык психологдор агрессивдүү же экстремалдуу аракеттерге баргандарды гана психопатиядан жабыр тарткан адам катары эсептешет. Ошол эле учурда мындай абал башка учуларда да болот, ар башка адамда ар башкача көрүнөт.
Психолог менен психиатрлар негизинен ар бир жүз адамдын ичинен бир же эки адам психопатиянын критерийлерине туура келет дешет, бирок доктор Марш психопатиянын белгилери байкалган адамдар 30% чейин барат дейт.
Анын айтымында, көп изилдөөлөр жалпы элге эмес, кылмышкерлерге жүргүзүлгөн. Кээ бир изилдөөлөрдө мындай абалга аялдарга караганда эркектер көп кабылары айтылган менен, доктор Марштын жүйөсүндө бул стандарттык тест 1970-жылдары түрмөдөгү эркектер менен иштеген канадалык психолог тарабынан иштелип чыккандыгы менен байланыштуу болушу мүмкүн.
Мадрид университетинин психология факультетинин аспиранты Ана Санс Гарсия бул жааттагы көп изилдөөлөрдү карап чыгып, психопатияга кабылган аялдар зордук-зомбулукка жана кылмышка азыраак барат, бирок адамдарга жаман иштерди, манипуляцияны көп жасайт дейт.
Негизги белгилери:
- PsychopathyIs.org, веб-сайтында ашынган психопатиянын белгилери катары булар көрсөтүлгөн:
- Мерездик, өзүмчүлдүк
- Башкаларга таш боор болуу
- Бирөөгө жамандык кылганда өкүнбөйт, уялбайт
- Иденттүүлүктүн сезими жок
- Максатына жетиш үчүн манипуляцияларга көп барат
- Тобокелдүү же коркунучуу иштерден кайра тартпайт
- Жашоодо баарына нааразы, наалыма
Виктория анын манипулятивдик аракеттери бала кезинде эле башталганын айтууда. Анын атасы аракеч болгондуктан, үй-бүлөлүк жашоосу оор болгон. Мектепте жакшы окуган менен көбүнчө күндөр күңүрт өтө эле. Ал досторунун эч кимге айтпа деген, ким кимди жактырат, ким кимди жек көрөт деген сырларын ачыкка чыгарып, интрига кылганды жакшы көрчү. Виктория өзүн ак көрсөтүп, башкаларга күнөөнү оодара салганды жакшы билчү. Бир жолу мугалимге бор ыргытып жиберип, аны да теңтеш окуучулардын басымынан болду деп ишендирип койгонго жетишкен.
"Бул ал уккусу келип турган сөз эле», — дейт ал. «Ал акылдуу бала жаман болбойт, аны башкаруу оңой деп ишенгиси келди».
Ушул маалда телефондон видео чакыруу болуп калып, анын жанына семиз, саргылт мышык келип, аны куйругу менен кытыгылай баштады.
"Мунун аты Тарабарщина", - дейт ал мышыгын сылап.
Мен анын чыныгы аты ушундайбы деп сурадым.
"Анын аты көп",-деп жооп кайтарды ал.
Жакында эле Тик-Токто "психопатты чакыруу" деген видеоролик аябай кызыгуу жаратып, 20 миллион жолу көрүлдү. Өзгөчө "психопатты кантип тааныса болот" деген суроо көп талкуу жаратты. "Психопат" деген тег эки миллиард жолу көрүлгөн тиркемедеги эң популярдуулардын бири экен. Ал бир нече мааниде колдонулат экен, анын ичинде психопатиясы бар, соттолуп аткандар жөнүндө видеоматериалдарга да, кээде жаман жүрүш-туруштагы адамдарды тилдегенде колдонушат.
Виктория бул видеолорду басмырлоо, мазактоо деп эсептебейт.
"Психопат болуу - мен жөнүндө эл эмне ойлойт, баары бир дегендик, ошондуктан мен ага кабагым-кашым дебейм. Бирок адамдар бул абалдын бардык спектрин түшүнбөй турганын көрсөтөт".
Виктория бир гана нерсеге каршы болду - психопатиялуу адамдар айбанаттарга кор мамиле кылат дегенге кошулбайт.
"Биз көбүнчө адамдарга караганда жаныбарларды жакшы көрөбүз",-дейт ал Тарабаршинанын жонунан сылап.

Сүрөттүн булагы, Somsara Rielly
«Биз», деп Виктория айтып жаткандар , — ага окшогон аялдардын интернет коомчулугу. Бул негизинен өзүнүн психопатиясы менен атагы чыккан М. Э. Томас деген жазуучунун блогдору. Томас Техас университетинин соттук психологу Жон Эденстин психопатияны өлчөгөн баасы боюнча 99% алды.
Томастын "Социопаттар дүйнөсү" деген блогунда психопаттардын жашоосунун өзгөлчөлүгү баяндалат. Ал "психопат" деген создүн ордуна "социопат" деген сөздү колдонгонун айтат, анткени бул термин элге көбүрөөк түшүнүктүү болот дейт.
Адабий агент Томастын блогун көргөндөн кийин бул таанышуу "Көрүнөө жерде жашынган жашоо" деген китептин чыгышына алып келди, ал 2012-жылы басылып чыгып, ондон ашык тилге которулган. Азыркы убакта анын негизинде актриса Лиза Эдельштейн катышкан фильма тартылып жатат.
Анын агенти манипулятор деген сөздү колдонбоого чакырып, анын ордуна адамдарга таасир көрсөтүүнү бала чактан бери билерин айтууга кеңеш берген. Бирок Томас бул кеңешке кулак салган жок. Ал манипуляцияга болгон шыгын өзүндөгү үстөмдүк кылган психопатиялык мүнөз деп санап, ошон үчүн жакшы юрист болгонун айтат.
Анын айтымында, көп окурмандар анын посттору менен видеолорунан өзүнүн жүрүш-турушун таанып, эч эрен-төрөнү жок эле тажрыйбасын бөлүшүүдө.

Сүрөттүн булагы, Somsara Rielly
Доктор Марш негизги максат психопатияны мокочо кылууну токтотуп, ал жөнүндө туура көз караш калыптандыруу, туура маалымат жеткирүү дейт.
«Психопатия — бул категория эмес, бул континуум», —дейт ал. «Ал адамдар арасында ар кандай деңгээлде тараган. Кээ бир адамдар ээ-жаа бербей ашыкча кетет, кээ бирлери өзүнүн симптомдорун башкара алат. Биз аны ачык сүйлөшпөгөн убакта Тик-Токтогу тренддер эксперттик маалыматтын бош ордун ээлеп жатканын көрүүдөбүз".
Виктория менен М. Э. Томас өздөрүнүн онлайн коомунда өздөрүнүн симптомдорун башкарыш үчүн медитацияны, психологиялык терапияны колдонууда.
"Көмүскөдө калбаш керек,-дейт Томас. - Бирок психопат деген сөздө дагы эле клеймо бар. Ошондуктан али далай иш бар, дагы далай ачык сөз керек. Реалдуулук ушул, биз барбыз".
Сүрөттөр Сомсары Риллинтиндики












