Путинден бир жашик арак жана Берлускониден изги салам кат. Италияда Орусия менен Украинанын согушу жаатында жаңжал чыкты

Берлускони и итальянский депутат Марта Фасцина

Сүрөттүн булагы, EPA

Италияда мурдагы премьер-министр Силвио Берлусконинин сөзү жазылган үнтасмага байланыштуу жаңжал чыкты. "La Presse" гезитинин макаласына караганда, италиялык таанымал саясатчылардын бири болгон Берлускони өз партиялаштарына Орусиянын президенти Владимир Путинден белекке жашик арак алып, жооп катары ага шарап бөтөлкөлөрүн белек кылып жибергени, ошондой эле өз ара «изги тилек камтылган каттарды» жазышканы жөнүндө айтып берген".

"La Presse" гезити тарабынан жарыяланган үнтасмада, маселен, Берлускони: "Орусиянын министрлери буга чейин бир нече жолу айтышкандай, биз алар менен согуш абалында турабыз, анткени биз Украинага курал берип, аны колдоп келебиз. Мен жеке оюмду ачык айта албайм, анткени эгерде ал пикирим басма сөзгө чыгып кетчү болсо, анда чоң балаага кабылабыз. Бирок мен абдан эле санааркап турам", - деп айткан экен.

Берлускони өз сөзүн андан ары: "Мен кайрадан Путин менен көбүрөөк баарлаша баштадым. Ачыктап айтсам, менин туулган күнүмдө ал мага 20 бөтөлкө арак жана изги сөздөр камтылган кат жөнөттү. Мен ага "Ламбруско" шарабынан бир нече бөтөлкө жана, ошондой эле, изги сөздөр камтылган кат менен жооп бердим", - деп уланткан.

Алиги басылманын маалымдоосуна караганда, бул сөз Берлускони менен анын "Алга, Италия!" партиясынан парламентке шайланган депутаттардын жабык жолугушуусунда айтылган.

Шаршемби күнү (19-октябрда) түштөн кийин Еврокомиссия Берлусконинин бул сөзүнө карата өз турумун билдирди. Еврокомиссиянын өкүлү мүчө өлкөлөр эки тараптуу мамилелерди өздөрү куруп алууга акылуу. Ошону менен бирге мүчө өлкөлөр Евробиримдиктин жалпы саясатын жана турумун кадырлашы керек. Ал эми Путин менен мамиле жаатында мүчө өлкө "бул мамилелерди эң төмөнкү деңгээлге түшүрүүсү" абзел, деп билдирди.

Европалык жана орусиялык саясатчылардын ортосундагы байланыштарга эч кандай тыюу салынган эмес. Бирок, Евробиримдиктин жетекчилигинин пикиринде, европалык саясатчылардын артыкчылыктуу багыты Кремл тарабынан "Украинага мыйзамсыз баскынчылык жана каратып алуучулук аракеттери жасалгандыгы жаатындагы Евробиримдиктин турумун орусиялык кесиптештерине жеткирүү жана аларды бул мыйзамсыз аракеттерди дароо токтотууга жана эл аралык мыйзамдарды урматтай баштоого чакыруу" болушу зарыл.

"Европа Биримдиги Орусиянын Украинага каршы баскынчыл согушун бир добуштан айыптайт", - деп Еврокомиссиянын өкүлү кошумчалады.

Силвионун досу

Гезит алиги үнтасманын мазмунун жарыялагандан кийин "Алга, Италия!" партиясы Берлусконинин өзү сыяктуу эле бул саясий партия дагы Орусиянын Украинага каршы согушуна Европа Биримдиги менен АКШга таандык турумдагыдай эле терс мамиле жасай турганын билдирди. "Бул маселеде эч кандай белгисиздикке орун жок жана эч качан болгон да эмес", — деп партиялык билдирүүдө баса белгиленди.

Путин и Берлускони

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Путин Берлускони менен көп ирет жолугушкан. Бул сүрөт 2019-жылга таандык.

"Алга, Италия!" партиясынын расмий өкүлүнүн ырасташынча, Берлускони алиги үнтасмада өзүнүн акыркы туулган күнүн, - б.а. 2022-жылдын 29-сентябрын, - назарда туткан эмес болчу жана ал "көп жылдар илгери орун алган учур тууралуу эски окуяны баяндаган".

86 жаштагы Берлускони мырза Путин менен теңтуштук мамилеси тууралуу биринчи жолу айтып жаткан жок. Премьер-министрлик кызматты аркалап турганда, Берлускони Путин менен бир канча жолу жолугушкан эле. Путиндин өзү Берлусконини "досум жана өнөктөшүм" деп атап келген.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Берлускони расмий Маскөө Киевде "адептүү инсандарды" бийликке отургузгусу келгенин айтып алган соң, анын бул сөзү да кыйла чатак жараткан.

Берлускони: "Путинди Орусиянын калкы, анын партиясы, анын министрлери бул атайын аскердик чара делгенди ойлоп табууга түртүшкөн, - деп да кошумчалаган. - Аскерлер басып кирип, бир аптада эле Киевге жетип, Зеленскийдин өкмөтүн "адептүү кишилерге" алмаштырышы керек болчу. Андан соң аскерлер чыгып кетишмек болчу да. Мунун ордуна, тескерисинче, алар каршылык көрсөтүүгө туш болушту да, буга Батыштан жөнөтүлгөн ар кандай курал-жарактар огожо болду".

Сентябрда Берлусконинин чуулгандуу пикири жаатындагы суроого Украинанын президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк мырза Италиянын мурдагы премьер-министри "жеңүүчүлөр тарабын тандап алууга ыктайт; бул жеңүүчү тарап, даанасын айтсак, Орусия да эмес, Путин да эмес", - деп жетишээрлик сабырдуулук менен жооп кайтарган.

Министрликтердин кызмат орундарын бөлүштүрүү маалындагы чатак

Берлускони мырзанын Путин менен өз ара белек алмашуусу тууралуу өзү айткан сөздөр камтылган үнтасманын жарыяланышы соңку шайлоодо утулуп калган жана жакында оппозицияга айлана турган бир катар партиялардын кескин сынына кабылды.

Лоренцо Фонтана (в центре) и Маттео Сальвини (справа) в футболках с надписью "Нет санкциям против России!" во время заседания Европарламента в сентябре 2014 года.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Европарламенттин отурумунда Лоренцо Фонтана (ортодо) менен Маттео Салвини (оңдо) "Орусияга каршы санкцияларга жол жок!" деген жазуусу бар чолок жең көйнөкчөн отурушат. 2014-жылдын сентябры.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында "Италиянын бир туугандары" партиясынын лидери Жоржа Мелони жетектеген оңчулдар жеңишке жетишти. Бул айым келээрки аптада премьер-министрлик кызматка расмий түрдө киришет. Ошентип, Италиянын Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки тарыхында алгачкы жолу ашынган оңчул саясий кыймылдын өкүлдөрү бийликке келмекчи.

"Алга, Италия!" партиясы болсо "Италиянын бир туугандары" партиясынан тышкары мурдагы ички иштер министри Маттео Салвини жетектеген "Лига" (мурдагы "Түндүк Лигасы") партиясы менен ынтымак түзүп, көпчүлүктү түзчү коалицияга кирүүдө. Басма сөз маалыматтарына караганда, Берлусконинин кыймылы башка министрлик кызматтык орундардан тышкары өлкөнүн тышкы иштер министринин кызматына да көз артууда.

Кантсе да, 1977-жылы туулган Жоржа Мелони айым буга чейин эле Орусиянын Украинадагы бакынчыл согушун кескин айыптап чыккан. Ал расмий Кремлдин айрым украиналык аймактарды каратып алуусун "неоимпериалисттик советтик көз караштын көрүнүшү" деп сынга алган. Мелони айым, ошондой эле, Евробиримдиктин Орусияга каршы санкциялар киргизүүсүн колдоп чыккан.

Арийне, 1973-жылы туулган Салвини мырза да Берлускони сыяктуу эле Украинада согуш башталганга чейин Путин жана анын жүргүзгөн саясаты тууралуу кубаттап айтып, ал тургай орусиялык президенттин элеси тартылган чолок жең көйнөк менен калайык алдында чыгып жүргөн.

Италиянын парламентинин төмөнкү үйүнүн жаңы шайланган спикери, "Лига" партиясынын өкүлү Лоренцо Фонтана шейшемби күнү (18-октябрда) Орусияга каршы санкциялар Европанын экономикасына зыян келтирээрин айтып, мындай чектөөлөрдөн этият болууга чакырды. Мындай куру чечендикке буга чейин орусиялык бийликтер да байма-бай кайрылып келгендиги маалым.

"Файнэншл таймз" (Financial Times) гезитинин эске салганына караганда, 1980-жылы туулган Фонтана мырза бир жыныстуу мамилелерге жана миграцияларга каршы катаал саясатты тутат. Ошондой эле ал Орусиянын шериги катары да белгилүү. Бул басылманын маалыматына караганда, Фонтана мырза 2014-жылы Крымга аймактын Орусияга кошулуусу боюнча "референдум" делген чарага байкоочу катары барып, "Орусияга каршы санкцияларга жол жок!" деген ураан жазылган чолок жең көйнөк кийип жүргөн.

"Файнэншл таймз", ошондой эле, Фонтананын "Крым эли өз мекенине кайтып келгенин сезип жатат жана Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларды басаңдатышы керек" деп айткан сөздөрүн кайрадан эске салды.

Айтмакчы, Иньяцио Ла Русса мырза Италиянын парламентинин жогорку үйүнүн спикери болуп калды. Ал "Италиянын бир туугандары" партиясынын өкүлү. 1947-жылы туулган бул саясатчы мурдагы фашисттик символдорду жана диктатор Бенито Муссолининин бедизин хобби катары чогулткан адаты менен таанымал. (TT)