Skip to main contentAccess keys helpA-Z index
BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
Соңку жаңыланышы: 09 Февраль, 2011 16:52 GMT
Досуңа Email аркылуу жөнөтБасып чыгарылуучу нускасы
Италия. Берлусконинин проблемалары

Италиянын прокурорлору премьер-министр Сильвио Берлускони жашы жете элек сойку менен алакада болгон, деген имиштер боюнча дароо соттолушу керек экенин талап кылууда.

Алар Берлускони он жети жашаар кыз менен жыныстык катнаш үчүн акча төлөгөн жана кызмат абалынан пайдаланып, ал кыз кармалганда, камактан бошоттурган, деп айыпташууда. Берлускони бул айыптоолорду четке кагууда.

Журналисттерге сүйлөгөн сөзүндө Берлускони прокурорлордун айптоолору бузуп-жарууга багытталган жана алар Италиянын тышкы авроюна доо кетиришти, деп айтты.
Миландын соту бул ишти кароого жетиштүү далилдер бар-жогун аныктайт. Эгерде Берлускони күнөлүү, деп табылса, ал он беш жыл абакка кесилиши мүмкүн.

СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
Досуңа Email аркылуу жөнөтБасып чыгарылуучу нускасы
BBC Copyright Logo^^ Эң башына кайрыл
Башталгыч бет|Аба ырайы|Программалар|Толкундар
BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
Жардам|Биз менен байланыш|Жеке маалымат