ДССУ Кытайдын Sinovac вакцинасын колдонууга уруксат берди

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул вакцина симптомдуу оорудан 51%, оорунун катуу өтүшүнөн жана ооруканага жатып калуудан 100% коргой тургандыгын билдирди.
ДССУ адистери айрым маалыматтар жана далилдер аягына чейин берилип бүтө электигин белгилейт. Бирок ага карабастан Sinovac ДССУнун өзгөчө кырдаалда колдонууга уруксат алган Sinopharm'дан кийинки экинчи кытай вакцинасы болуп калды. Мындай чечим вакциналардын жетишсиздигин жоюну көздөгөн Covax программасын кошулууга жол ачат.
Вакцина дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө колдонулат. 18 жаштан улууларга эки өлчөм менен 2-4 апта аралыгында саюу сунушталды.
Өзгөчө кырдаалда колдонууга уруксат берилген вакцина - "эл аралык коопсуздук, майнаптуулук жана өндүрүш стандарттарына жооп берет" деп ишендирди ДССУ.
Бразилиянын шаарларында жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, Sinovac менен эмдөө жүргүзүлгөндөн кийин ковидден болгон өлүмдөр 95% кыскарган. Учурда Бразилия ковид өлүмдөрү боюнча дүйнөдө экинчи орунда.
Кытайдын өзүнөн тышкары, вакцина Чили, Бразилия, Индонезия, Мексика, Таиланд жана Түркия сыяктуу өлкөлөрдө колдонулуп жатат.
Бул вакцинанын артыкчылыгы анын кадимки муздаткычтарда 2-8 градуста сакталганы.
Ошондуктан Sinovac нөлдөн төмөнкү температурада сактоону камсыздай албай турган жарды өлкөлөр үчүн ылайыктуу болмокчу.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда ковидке каршы эмдөө 2021-жылдын 29 мартында башталган. 27-майга карата Кыргызстанда ковидке каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 79 693 кишини түзгөн, анын ичинен 28 707 киши эмдөөнүн эки өлчөмүн тең алган. Бул Кыргызстан калкынын 1,2% гана түзөт.










